Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 53 УК
УК КР · гл. 10Статус: утратил силу

Статья 53. Общие начала назначения наказания

(1) Суд назначает наказание в пределах, установленных статьей Особенной части настоящего Кодекса, предусматривающей ответственность за совершенное преступление, и с учетом положений Общей части настоящего Кодекса. При назначении наказания суд учитывает характер и степень общественной опасности совершенного преступления, мотивы содеянного, личность виновного, характер и размер причиненного вреда, обстоятельства, смягчающие и отягчающие ответственность.

(2) Лицу, совершившему преступление, должно быть назначено справедливое наказание, необходимое и достаточное для его исправления и предупреждения новых преступлений. Наказание в виде лишения свободы может быть назначено лишь при условии, что его цели не могут быть достигнуты иным, более мягким наказанием, предусмотренным соответствующей статьей Особенной части настоящего Кодекса.

(3) Наказание в виде лишения свободы за совершение преступления небольшой тяжести и менее тяжкого преступления, предусмотренное частями 1 и 2 статей 164-166, 171, статьей 177, частью 1 статьи 181, статьей 183, частями 1 и 2 статьи 184, статьей 185, частью 1 статьи 203, статьями 209, 210, 276, 278, частью 1 статьи 280, частью 1 статьи 282,

статьей 284, частью 1 статьи 290, частью 1 статьи 306 настоящего Кодекса, может быть назначено лишь в том случае, если у подсудимого нет возможности частично или полностью возместить нанесенный ущерб или устранить причиненный вред.

(В редакции Законов КР от 25 июня 2007 года № 91, 10 февраля 2010 года № 27)

Кыргызча
Жаза белгилөөнүн жалпы негиздери (1) Сот жасалган кылмыш үчүн жоопкерчиликти караган ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн статьяларында белгиленген чектерде жана ушул Кодекстин Жалпы бөлүгүнүн жоболорун эске алуу менен жаза белгилейт. Жазаны белгилөөдө сот жасалган кылмыштын мүнөзүн жана коомдук коркунучтуулук деңгээлин, иштин жүйөлөрүн, күнөөкөрдүн жүрүш-турушун, келтирилген зыяндын мүнөзүн жана өлчөмүн, жоопкерчиликти жеңилдетүүчү жана оордотуучу жагдайларды эске алат. (2) Кылмыш жасаган адамга, анын оңолушуна жана жаңы кылмыштардын алдын алуу үчүн зарыл жана жетишерлик болгон адилет жаза дайындалууга тийиш. Ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн тийиштүү статьясында каралган башка, кыйла жеңил жаза менен жетишүүгө мүмкүн болбогон шартта гана эркиндигинен ажыратуу жазасы белгилениши мүмкүн. (3) Ушул Кодекстин 164-166, 171-статьяларынын 1 жана 2-бөлүктөрүндө, 177-статьясында, 181-статьясынын 1-бөлүгүндө, 183-статьясында, 184-статьясынын 1 жана 2-бөлүктөрүндө, 185-статьясында, 203-статьясынын 1-бөлүгүндө, 209, 210, 276, 278-статьяларында, 280-статьясынын 1-бөлүгүндө, 282-статьясынын 1-бөлүгүндө, 284-статьясында, 290-статьясынын 1-бөлүгүндө, 306-статьясынын 1-бөлүгүндө каралган анча оор эмес жана анчейин оор эмес кылмыш жасагандыгы үчүн эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза, эгерде соттолуучунун келтирилген залалдын ордун толтурууга же келтирилген зыянды четтетүүгө мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда гана дайындалышы мүмкүн. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2010-жылдын 10-февралындагы № 27 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Право на дату

Откройте статью в редакции, действовавшей на нужную дату.