Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 313-1 УК
УК КР · гл. 30Статус: утратил силу

Статья 313-1. Получение взятки

(1) Получение должностным лицом, иностранным должностным лицом либо должностным лицом международной организации лично или через посредника взятки в виде денег, ценных бумаг, иного имущества или выгод имущественного характера за действия (бездействие) в пользу взяткодателя или представляемых им лиц, если такие действия (бездействие) входят в служебные полномочия должностного лица либо оно в силу должностного положения может способствовать таким действиям (бездействию), а равно за общее покровительство или попустительство по службе -

наказывается штрафом в размере от трех тысяч до пяти тысяч расчетных показателей либо от пятикратной до десятикратной суммы взятки либо лишением свободы на срок от трех до пяти лет с лишением права занимать определенные должности или заниматься определенной деятельностью на срок от трех до пяти лет.

(2) Получение должностным лицом, иностранным должностным лицом либо должностным лицом международной организации взятки за незаконные действия (бездействие) -

наказывается штрафом в размере от пяти тысяч до десяти тысяч расчетных показателей либо от десятикратной до двадцатикратной суммы взятки либо лишением свободы на срок от пяти до восьми лет.

(3) Те же деяния, совершенные:

1) за предоставление должности в системе государственной или муниципальной службы;

2) группой лиц по предварительному сговору или организованной группой;

3) в крупном размере, -

наказываются штрафом в размере от двадцати тысяч до тридцати тысяч расчетных показателей либо лишением свободы на срок от восьми до десяти лет с конфискацией имущества и с лишением права занимать должности в государственных и муниципальных службах.

(4) Деяния, предусмотренные частями 1, 2 и 3 настоящей статьи, если они совершены:

1) в особо крупном размере;

2) должностным лицом, занимающим ответственное положение, -

наказываются штрафом в размере от тридцати тысяч до пятидесяти тысяч расчетных показателей либо лишением свободы на срок от десяти до пятнадцати лет с конфискацией имущества и с лишением права занимать должности в государственных и муниципальных службах.

Примечание:

1.

Особо крупным размером взятки в статьях 313-1 и 314 признается сумма денег, стоимость ценных бумаг, иного имущества или выгод имущественного характера, в одну тысячу раз превышающая расчетный показатель, установленный законодательством Кыргызской Республики на момент совершения преступления.

2.

Под иностранным должностным лицом в статьях настоящего Кодекса понимается любое назначаемое или избираемое лицо, занимающее какую-либо должность в законодательном, исполнительном, административном или судебном органе иностранного государства, и любое лицо, выполняющее какую-либо функцию для иностранного государства, в том числе для государственного ведомства или предприятия.

3.

Под должностным лицом международной организации понимается международный гражданский служащий или любое лицо, которое уполномочено такой организацией действовать от ее имени.

(В редакции Закона КР от 10 августа 2012 года № 164 )

Кыргызча
Пара алуу (1) Эгерде мындай аракет (аракетсиздик) кызмат адамынын кызматтык ыйгарым укуктарына кирсе же болбосо кызматтык абалына байланыштуу ушундай аракетке (аракетсиздикке) көмөк көрсөтүшү мүмкүн болсо, кызмат адамынын, чет өлкөлүк кызмат адамынын же болбосо эл аралык уюмдун кызмат адамынын жеке өзү же ортомчу аркылуу акчалай, баалуу кагаз, башка мүлк же мүлктүк мүнөздөгү пайда түрүндө пара берүүчүнүн же анын өкүлү болгон адамдардын пайдасына жасаган аракет (аракетсиздик) үчүн пара алуу, ошого тете кызмат боюнча колдоочулук же билип туруп жол берүү, - эсептик көрсөткүчтүн үч миңден беш миңге чейинки өлчөмүндө же болбосо паранын беш эседен он эсеге чейинки суммасында айып салынат же болбосо үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Мыйзамсыз аракети (аракетсиздиги) үчүн кызмат адамы, чет өлкөлүк кызмат адамы же эл аралык уюмдун кызмат адамы пара алса, - эсептик көрсөткүчтүн беш миңден он миңге чейинки өлчөмүндө же болбосо паранын он эседен жыйырма эсеге чейинки суммасында айып салынат же болбосо беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ошол эле жосундар: 1) мамлекеттик же муниципалдык кызматтын тутумунда кызмат ордун бергендиги үчүн; 2) алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу же уюшкан топ тарабынан; 3) ири өлчөмдө жасалса, - эсептик көрсөткүчтүн жыйырма миңден отуз миңге чейинки өлчөмүндө айып салынат же мүлкүн конфискациялоо менен жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда кызматтарды ээлөө укугунан ажыратуу менен сегиз жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (4) Эгерде ушул статьянын 1, 2 жана 3-бөлүктөрүндө каралган жосундар: 1) өзгөчө ири өлчөмдө; 2) жооптуу абалды ээлеген кызмат адамы тарабынан жасалса, - эсептик көрсөткүчтүн отуз миңден элүү миңге чейинки өлчөмүндө айып салынат же болбосо мүлкүн конфискациялоо менен жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда кызмат орундарын ээлөө укугунан ажыратуу менен он жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү: 1. 313-1 жана 314-статьяларда кылмыш жасалган учурга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтүн бир миң өлчөмүнөн ашкан акчанын суммасы, баалуу кагаздардын наркы, башка мүлк же мүлктүк мүнөздөгү пайда өзгөчө ири өлчөмү пара алуу деп таанылат. 2. Ушул Кодекстин статьяларында чет мамлекеттин мыйзам чыгаруу, аткаруу, администрациялык же сот органында кандайдыр бир кызмат ээлеген дайындалган же шайланган адам же чет мамлекет үчүн, анын ичинде мамлекеттик ведомство же ишкана үчүн кандайдыр бир функция аткарган адам чет өлкөлүк кызмат адамы деп түшүнүлөт. 3. Эл аралык жарандык кызматчы же мындай уюмдун атынан иш алып барууга ыйгарым укук берилген адам эл аралык уюмдун кызмат адамы деп түшүнүлөт. (КР 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Право на дату

Откройте статью в редакции, действовавшей на нужную дату.