Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 281 УК
УК КР · гл. 27Статус: утратил силу

Статья 281. Нарушение правил безопасности движения и эксплуатации транспортных средств

(1) Нарушение правил безопасности движения и эксплуатации транспортных средств лицом, управляющим транспортным средством, причинившее потерпевшему менее тяжкий вред здоровью, -

наказывается тройным айыпом с лишением права управлять транспортным средством на срок до трех лет либо лишением свободы на срок до трех лет с лишением права управлять транспортным средством на срок до трех лет.

(2) То же деяние, повлекшее смерть потерпевшего или причинение тяжкого вреда его здоровью, -

наказывается лишением свободы на срок от пяти до семи лет с лишением права управлять транспортным средством сроком на три года.

(3) Деяние, предусмотренное частью 2 настоящей статьи, повлекшее гибель нескольких лиц, -

наказывается лишением свободы на срок от семи до десяти лет с лишением права управлять транспортным средством на срок до трех лет.

(4) Деяния, предусмотренные частями второй и третьей настоящей статьи, совершенные лицом, находящимся в состоянии алкогольного, наркотического или иного опьянения, -

наказываются лишением свободы на срок от восьми до десяти лет с лишением права управлять транспортным средством сроком на три года.

(5) Оставление лицом, управляющим транспортным средством, места дорожно-транспортного происшествия, в результате которого был причинен тяжкий вред здоровью участников дорожного движения либо наступила смерть потерпевшего, -

наказывается лишением свободы сроком на семь лет с лишением права управления транспортным средством сроком на три года.

Примечание. Под транспортными средствами в настоящей статье понимаются все виды автомобилей, троллейбусы, трактора и иные самоходные машины, мотоциклы и другие механические транспортные средства.

(В редакции Законов КР от 25 июня 2007 года № 91, 6 августа 2007 года № 131, 31 июля 2012 года № 145, 16 февраля 2015 года № 33, 24 января 2018 года N 11)

Кыргызча
Транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу (1) Транспорт каражатын айдаган адам тарабынан транспорт каражаттарынын кыймылынын жана пайдалануунун коопсуздук эрежелеринин бузулушунан улам жабырлануучунун саламаттыгына анча оор эмес зыян келтирилсе, - үч жылга чейинки мөөнөткө транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратуу менен үч эселенген айыпка же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратуу менен үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ушул эле жосун жабырлануучунун өлүмүнө алып келсе же анын саламаттыгына оор зыян келтирсе, - үч жылдык мөөнөткө транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратуу менен беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ушул статьянын 2-бөлүгүндө каралган жосун бир нече адамдын өлүмүнө алып келсе, - үч жылга чейинки мөөнөткө транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратуу менен жети жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (4) Ушул статьянын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө каралган жосундар алкоголдук, баңгилик же башка мас абалындагы адам тарабынан жасалса, - үч жылга чейинки мөөнөткө транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратуу менен сегиз жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (5) Транспорт каражатын башкаруучу адамдын жол транспорт кырсыгы болгон жерди таштап кетүүсүнүн натыйжасында жол кыймылынын катышуучуларынын саламаттыгына оор залал келтирсе же болбосо жабырлануучунун өлүмүнө алып келсе, - үч жылдык мөөнөткө транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратуу менен жети жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул статьяда транспорт каражаттары деп автомобилдердин бардык түрлөрү, троллейбустар, тракторлор жана башка өзү жүрүүчү машиналар, мотоциклдер жана башка механикалык транспорт каражаттары түшүнүлөт. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2007-жылдын 6-августундагы № 131, 2012-жылдын 31-июлундагы № 145, 2015-жылдын 16-февралындагы № 33, 2018-жылдын 24-январындагы N 11 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Право на дату

Откройте статью в редакции, действовавшей на нужную дату.