Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 43
Закон КР от 8 августа 2025 года № 191 "О правах и гарантиях лиц с инвалидностью" · гл. 7Статус: действует

Статья 43. Обеспечение лиц с инвалидностью жилыми помещениями и земельными участками. Приспособление жилых помещений для доступа и пользования лицами с инвалидностью

1.

Государственные органы и органы местного самоуправления ведут учет лиц с инвалидностью и семей, имеющих в своем составе лиц с инвалидностью, нуждающихся в улучшении жилищных условий, в порядке, установленном жилищным законодательством Кыргызской Республики.

2.

Нуждающимся в жилье лицам с инвалидностью, не имеющим родителей, органы местного самоуправления могут предоставлять земельные участки под индивидуальное жилищное строительство в соответствии с земельным законодательством или выделять жилье из состава выморочного имущества, в порядке, установленном гражданским законодательством.

3.

Кабинет Министров разрабатывает и реализует программы льготной ипотеки для лиц с инвалидностью или обеспечивает доступ к кредитованию на приобретение жилья на льготных условиях.

4.

Жилые помещения, занимаемые лицами с инвалидностью, оборудуются специальными средствами и приспособлениями в соответствии с их индивидуальной программой реабилитации или абилитации. Частичная компенсация расходов на адаптацию жилых помещений может предоставляться за счет средств местных бюджетов на основании заявления лица с инвалидностью или его законного представителя.

5.

Государственные органы и органы местного самоуправления координируют работу по учету, распределению жилья и выделению земельных участков для лиц с инвалидностью.

Кыргызча
Майыптыгы бар адамдарды турак жай жана жер участоктору менен камсыз кылуу. Турак жайларды майыптыгы бар адамдардын кирүүсү жана пайдалануусу үчүн ылайыкташтыруу 1. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгон майыптыгы бар адамдарды жана өзүнүн курамында майыптыгы бар адамдарды камтыган үй-бүлөлөрдү эсепке алууну Кыргыз Республикасынын турак жай мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзөт. 2. Турак жайга муктаж болгон, ата-энеси жок майыптыгы бар адамдарга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жарандык мыйзамдарда белгиленген тартипте жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун бере алат же ээсиз калган мүлктүн курамынан турак жай бөлүп бере алат. 3. Министрлер Кабинети майыптыгы бар адамдар үчүн жеңилдетилген ипотека программаларын иштеп чыгат жана ишке ашырат же турак жайды жеңилдетилген шарттарда сатып алуу кредитине жеткиликтүүлүктү камсыз кылат. 4. Майыптыгы бар адамдар ээлеп турган турак жайлар алардын реабилитациялоонун же абилитациялоонун жекече программасына ылайык атайын каражаттар жана ылайыкташтырылган түзүлүштөр менен жабдылат. Турак жайларды адаптациялоого кеткен чыгашаларды жарым-жартылай компенсациялоо майыптыгы бар адамдын же анын мыйзамдуу өкүлүнүн арызынын негизинде жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен берилиши мүмкүн. 5. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары майыптыгы бар адамдар үчүн турак жайды эсепке алуу, бөлүштүрүү жана жер участокторун бөлүү боюнча ишти координациялайт. 8-глава. Майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоо жана абилитациялоо