Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 17
Закон КР от 8 августа 2025 года № 191 "О правах и гарантиях лиц с инвалидностью" · гл. 3Статус: действует

Статья 17. Избирательные права лиц с инвалидностью

1.

Лица с инвалидностью наряду с другими гражданами имеют право избирать и быть избранными в органы государственной власти и местного самоуправления, а также участвовать в референдуме в порядке, предусмотренном конституционным законом.

2.

Государство создает условия для избрания лиц с инвалидностью в государственные органы власти и органы местного самоуправления путем квотирования мест в списке кандидатов, выдвигаемых политическими партиями, снижения избирательного залога, а также иных мер, предусмотренных законодательством о выборах.

3.

Государство гарантирует доступность избирательного процесса, включая обеспечение доступных избирательных участков, материалов и информации о выборах, а также возможность самостоятельного и тайного голосования с использованием ассистивных технологий или с помощью сопровождающего лица.

4.

Лица с инвалидностью имеют право на доступ к образовательным и информационным программам по вопросам выборов и избирательного процесса в доступных форматах.

Кыргызча
Майыптыгы бар адамдардын шайлоо укуктары 1. Майыптыгы бар адамдар башка жарандар менен катар эле конституциялык мыйзамда каралган тартипте мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоого жана шайланууга, ошондой эле референдумга катышууга укуктуу. 2. Мамлекет саясий партиялар тарабынан көрсөтүлүүчү талапкерлердин тизмесиндеги орундарга квота берүү, шайлоо күрөөсүн төмөндөтүү, ошондой эле шайлоо жөнүндө мыйзамдарында каралган башка чаралар аркылуу мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына майыптыгы бар адамдарды шайлоо үчүн шарттарды түзөт. 3. Мамлекет шайлоо процессинин жеткиликтүүлүгүн, анын ичинде жеткиликтүү шайлоо участкалары, шайлоо жөнүндө материалдар жана маалыматтар менен камсыз кылууну, ошондой эле көмөкчү технологияларды колдонуу менен же коштоп жүргөн адамдын жардамы менен өз алдынча жана жашыруун добуш берүү мүмкүнчүлүгүн кепилдейт. 4. Майыптыгы бар адамдар шайлоо маселелери боюнча жана шайлоо процессиндеги жеткиликтүү форматтардагы билим берүү жана маалыматтык программаларга жетүүгө укуктуу.