Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 13
Закон КР от 8 августа 2025 года № 191 "О правах и гарантиях лиц с инвалидностью" · гл. 2Статус: действует

Статья 13. Социально-бытовое обслуживание

1.

Лицам с инвалидностью, одиноко проживающим и нуждающимся в постороннем уходе и помощи, предоставляются услуги по социальному обслуживанию на дому.

2.

Органами социальной защиты оказываются социально-бытовые услуги лицам с инвалидностью по месту их жительства, включая доставку продовольственных и промышленных товаров, организацию питания, быта и досуга.

3.

Оказание услуг осуществляется на основании оценки потребностей и возможностей лица с инвалидностью, проводимой территориальным подразделением уполномоченного государственного органа в сфере социального обеспечения, с возможным привлечением государственных и/или независимых специалистов, в том числе из числа лиц с инвалидностью.

4.

Порядок организации социального обслуживания на дому и предоставления социально-бытовых услуг определяется Кабинетом Министров.

Кыргызча
Социалдык-тиричилик жактан тейлөө 1. Майыптыгы бар, жалгыз жашаган жана башка бирөөнүн багуусуна жана жардамына муктаж болгон адамдарга үйүндө социалдык тейлөө боюнча кызматтар көрсөтүлөт. 2. Социалдык коргоо органдары майыптыгы бар адамдарга алардын жашаган жери боюнча социалдык-тиричилик жактан, анын ичинде азык-түлүк жана өнөр жай товарларын жеткирүү, тамактандырууну, турмуш-тиричиликти жана бош убакытты уюштуруу боюнча кызматтарды көрсөтөт. 3. Кызматтарды көрсөтүү мамлекеттик жана/же көз карандысыз адистерди, анын ичинде майыптыгы бар адамдардын арасындагы адистерди тартуу ыктымалдуулугу менен майыптыгы бар адамдын керектөөлөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн баалоонун негизинде социалдык камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү тарабынан жүзөгө ашырылат. 4. Үйүндө социалдык тейлөөнү уюштуруунун жана социалдык-тиричилик кызматтарын көрсөтүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.