Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 7
Закон КР от 12 августа 2025 года № 198 "Об инвестициях в Кыргызской Республике" · гл. 2Статус: действуетредакция 08.04.2026

Статья 7. Уполномоченный государственный орган

1.

Целями деятельности уполномоченного государственного органа, ответственного за разработку и реализацию государственной инвестиционной политики (далее - уполномоченный государственный орган), являются формирование положительного инвестиционного имиджа Кыргызской Республики и создание благоприятного инвестиционного климата в Кыргызской Республике путем:

1) привлечения и продвижения инвестиций в экономику Кыргызской Республики, продвижения товаров на внешние рынки;

2) развития механизмов государственно-частного партнерства;

3) содействия, защиты и поддержки инвесторов, а также развития свободных и иных экономических зон, имеющих особый (специальный) режим осуществления экономической деятельности в соответствии с законодательством Кыргызской Республики.

2.

Задачами уполномоченного государственного органа являются:

1) внесение инициатив, в том числе законодательных, направленных на улучшение инвестиционного климата, положения инвесторов и условий ведения инвестиционной деятельности;

2) разработка мер по созданию благоприятного инвестиционного климата в Кыргызской Республике;

3) координация деятельности государственных органов и органов местного самоуправления, связанной с созданием благоприятного инвестиционного климата в Кыргызской Республике, привлечением инвестиций, осуществлением инвестиционной деятельности, предоставлением методологической поддержки по интересующим их вопросам;

4) содействие инвесторам, защита их прав и законных интересов, рассмотрение жалоб инвесторов, оказание им содействия в урегулировании инвестиционных споров с государственными органами и/или органами местного самоуправления, возникающих при осуществлении инвестиционной деятельности;

5) анализ результатов рассмотрения жалоб инвесторов государственными органами и органами местного самоуправления, выработка рекомендаций по разрешению жалоб инвесторов;

6) подготовка и представление Президенту Кыргызской Республики и Председателю Кабинета Министров анализа деятельности государственных органов и органов местного самоуправления по привлечению инвестиций и реализации инвестиционных проектов, взаимодействию с инвесторами, включающего рекомендации по устранению причин, затрудняющих и/или препятствующих осуществлению инвестиций;

7) продвижение инвестиционных предложений и инвестиционных проектов, ведение реестров инвестиционных предложений и проектов;

8) мониторинг реализации инвестиционных проектов с участием государственных органов и органов местного самоуправления;

9) ведение учета и контроля выполнения обязательств инвесторов, определенных инвестиционными соглашениями;

10) согласование форм показателей статистической отчетности по инвестиционной деятельности;

11) утверждение типовой формы анкеты инвестора для стандартизации подачи информации и упрощения взаимодействия с инвесторами;

12) представление инвестиционных интересов Кыргызской Республики за рубежом;

13) выполнение иных задач, возложенных на него Президентом Кыргызской Республики.

3.

Полномочия и порядок организации деятельности уполномоченного государственного органа определяются Указом Президента Кыргызской Республики.

Кыргызча
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 1. Мамлекеттик инвестициялык саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) ишинин максаттары төмөнкүдөй жол менен Кыргыз Республикасынын оң инвестициялык беделин калыптандыруу жана Кыргыз Республикасында жагымдуу инвестициялык климатты түзүү саналат: 1) Кыргыз Республикасынын экономикасына инвестицияларды тартуу жана илгерилетүү, товарларды тышкы рынокторго илгерилетүү; 2) мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин өнүктүрүү; 3) инвесторлорго көмөктөшүү, коргоо жана колдоо көрсөтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык экономикалык ишти жүзөгө ашыруунун өзгөчө (атайын) режиминдеги эркин жана башка экономикалык зоналарды өнүктүрүү. 2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат: 1) инвестициялык климатты, инвесторлордун абалын жана инвестициялык ишти жүргүзүү шарттарын жакшыртууга багытталган демилгелерди, анын ичинде мыйзам чыгаруу демилгелерин киргизүү; 2) Кыргыз Республикасында жагымдуу инвестициялык климатты түзүү боюнча чараларды иштеп чыгуу; 3) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Кыргыз Республикасында жагымдуу инвестициялык климатты түзүү, инвестицияларды тартуу, инвестициялык ишти жүзөгө ашыруу, аларды кызыктырган маселелер боюнча методологиялык колдоо көрсөтүү менен байланышкан иштерин координациялоо; 4) инвесторлорго көмөктөшүү, алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, инвесторлордун даттанууларын кароо, мамлекеттик органдар жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен инвестициялык ишти жүзөгө ашырууда келип чыгуучу инвестициялык талаштарды жөнгө салууда аларга көмөктөшүү; 5) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан инвесторлордун даттанууларын кароонун натыйжаларын талдоо, инвесторлордун даттанууларын чечүү боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу; 6) Кыргыз Республикасынын Президентине жана Министрлер Кабинетинин Төрагасына инвестицияларды тартуу жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, инвесторлор менен өз ара аракеттенүү боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине, инвестицияларды жүзөгө ашырууну кыйындатуучу жана/же тоскоолдук кылуучу себептерди четтетүү боюнча сунуштамаларды камтыган талдоо жүргүзүүнү даярдоо жана берүү; 7) инвестициялык сунуштарды жана инвестициялык долбоорлорду илгерилетүү, инвестициялык сунуштардын жана долбоорлордун реестрлерин жүргүзүү; 8) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусу менен инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү; 9) инвестициялык макулдашууларда аныкталган инвесторлордун милдеттенмелеринин аткарылышын эсепке алууну жана контролдоону жүргүзүү; 10) инвестициялык иш боюнча статистикалык отчеттуулуктун көрсөткүчтөрүнүн формаларын макулдашуу; 11) маалымат берүүнү стандартташтыруу жана инвесторлор менен өз ара аракеттенүүнү жөнөкөйлөтүү үчүн инвестордун анкетасынын типтүү формасын бекитүү; 12) чет өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын инвестициялык кызыкчылыктарын көрсөтүү; 13) Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан ага жүктөлгөн башка милдеттерди аткаруу. 3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктары жана ишин уюштуруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен аныкталат.