Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 10
Закон КР от 12 августа 2025 года № 198 "Об инвестициях в Кыргызской Республике" · гл. 3Статус: действуетредакция 08.04.2026

Статья 10. Свобода инвестиций и управления собственным бизнесом

1.

Инвестиции могут быть осуществлены во все виды деятельности на всей территории Кыргызской Республики, за исключением видов деятельности, которые запрещены законодательством Кыргызской Республики.

2.

Каждый инвестор имеет права и свободы в вопросах создания, управления и прекращения деятельности своей компании. Эта свобода в том числе включает возможность нанимать и увольнять работников в соответствии с трудовым законодательством Кыргызской Республики и международными договорами, регулирующими трудовые вопросы.

3.

Кыргызская Республика в лице уполномоченных государственных органов и/или органов местного самоуправления и их должностных лиц воздерживается от вмешательства в хозяйственную деятельность, права и законные интересы инвесторов, за исключением случаев, предусмотренных законодательством Кыргызской Республики.

4.

Нарушенные права и законные интересы инвесторов должны быть восстановлены в соответствии с законодательством Кыргызской Республики, международными договорами и инвестиционными соглашениями.

5.

Лицо, нарушившее права и законные интересы инвесторов, несет ответственность в соответствии с гражданским, административным и уголовным законодательством Кыргызской Республики.

6.

Национальный инвестор имеет право на получение финансовых обязательств Кабинета Министров по привлечению заемных средств в соответствии с гражданским и бюджетным законодательством Кыргызской Республики.

7.

Иностранный инвестор в рамках заключенных инвестиционных соглашений с Кабинетом Министров имеет право на получение финансовых обязательств Кабинета Министров по привлечению заемных средств для реализации инвестиционных проектов, имеющих стратегическое значение для экономики Кыргызской Республики, в соответствии с условиями и порядком, установленными нормативными правовыми актами Кабинета Министров.

Кыргызча
Инвестициялар жана жеке бизнести башкаруу эркиндиги 1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынган иштердин түрлөрүн кошпогондо, инвестициялар Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында иштин бардык түрлөрүндө жүзөгө ашырылышы мүмкүн. 2. Ар бир инвестор өз компаниясын түзүү, башкаруу жана ишин токтотуу маселелеринде укуктарга жана эркиндиктерге ээ. Бул эркиндик анын ичинде Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына жана эмгек маселелерин жөнгө салуучу эл аралык келишимдерге ылайык кызматкерлерди жалдоо жана бошотуу мүмкүнчүлүгүн камтыйт. 3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын атынан чарбалык ишке, инвесторлордун укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына кийлигишүүдөн карманат. 4. Инвесторлордун бузулган укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, эл аралык келишимдерге жана инвестициялык макулдашууларга ылайык калыбына келтирилүүгө тийиш. 5. Инвесторлордун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузган адам Кыргыз Республикасынын жарандык, административдик жана кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат. 6. Улуттук инвестор Кыргыз Республикасынын жарандык жана бюджеттик мыйзамдарына ылайык зайымдык каражаттарды тартуу боюнча Министрлер Кабинетинин финансылык милдеттенмелерин алууга укуктуу. 7. Чет өлкөлүк инвестор Министрлер Кабинети менен түзүлгөн инвестициялык макулдашуулардын алкагында Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында белгиленген шарттарга жана тартипке ылайык Кыргыз Республикасынын экономикасы үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн зайымдык каражаттарды тартуу боюнча Министрлер Кабинетинин финансылык милдеттенмелерин алууга укуктуу.