GPTKG
Верховный суд КРдата неизвестна51действует

Изменения в постановления по АПК (кырг.)

Разъяснение обязательно для судов (ст. 98 ч. 3 Конституции КР), но нормативным правовым актом не является: в документах ссылайтесь на статью закона, а на пункт Пленума — как на толкование.

  1. 1

    Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун токтому 2025-жылдын 25-декабры Бишкек шаары № 51 Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун 2018-жылдын 28- февралындагы №5 «Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин укук ченемдерин соттор тарабынан колдонуунун кээ бир маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун 2018-жылдын 28- февралындагы №5 «Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин укук ченемдерин соттор тарабынан колдонуунун кээ бир маселелери жөнүндө” токтомун Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 98-беренесинин 3- бөлүгүн жана Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө» конституциялык мыйзамынын 18-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленуму токтом кылат: I. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун 2018-жылдын 28- февралындагы №5 «Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин укук ченемдерин соттор тарабынан колдонуунун кээ бир маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

  2. 1

    9-пункттун экинчи абзацы алынып салынсын.

  3. 2

    9-пункттун алтынчы абзацы алынып салынсын.

  4. 3

    13-пункттагы «эки ай» деген сөздөр «бир ай» деген сөздөргө алмаштырылсын.

  5. 4

    13-пункттун сегизинчи абзацынын акыркы сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда берилсин: «Ушуга байланыштуу, КР АПКнин 110-беренесинин 1, 3-5-бөлүктөрүндө каралган мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүч менен кайрылуу сунушу сот тарабынан доо берүү мөөнөтү өткөрүлгөндүгү аныкталган учурда гана берилүүгө тийиш экендигин соттор эске алышсын.

  6. 5

    14-пункттун экинчи сүйлөмүндөгү «эки айлык мөөнөт» деген сөздөр «бир айлык мөөнөт» деген сөздөргө алмаштырылсын.

  7. 6

    14-пункттун экинчи абзацында «Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы» деген сөздөр «Судьялар кеңеши» деген сөздөргө алмаштырылсын, «Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши» деген сөздөргө алмаштырылсын, «Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо кеңеши жөнүндө» мыйзамынын 18-беренеси» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө» мыйзамынын 20-беренеси» деген сөздөргө алмаштырылсын. II. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Регламенти менен белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө күчүнө кирет. -- 1 of 11 -- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы М.А. Сатыев Пленумдун катчысы, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Т.Т. Чаргынова -- 2 of 11 -- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН ПЛЕНУМУНУН ТОКТОМУ 2018-жылдын 28-февралы Бишкек шаары № 5 Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин укук ченемдерин соттор тарабынан колдонуунун кээ бир маселелери жөнүндө (КР Жогорку Сотунун Пленумунун 2025-жылдын 25-декабрындагы №51 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодекси 2017-жылдын 1- июлунан тартып (мындан ары - КР АПК) колдонууга киргизилгендигине байланыштуу, ошондой эле КР АПКнин укук ченемдерин бирдиктүү жана туура колдонууну камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор" жөнүндөгү Мыйзамынын 15-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленуму токтом кылат:

  8. 1

    Иштерди даярдоодо жана соттук териштирүүдө административдик процесстик мыйзамдарынын укук ченемдеринин сакталышы административдик иштерди өз убагында каралышынын жана маңызы боюнча туура чечилишинин, жеке адамдардын жана юридикалык жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын корголушунун административдик органдар жана алардын кызмат адамдары тарабынан бузулуусун четтетүү боюнча зарыл шарты болуп эсептелээрине соттордун көңүлү бурулсун.

  9. 2

    КР АПКнин 6-беренесине ылайык административдик иштер боюнча сот өндүрүшү мамлекеттик же расмий тилде жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу сот өндүрүшү, эреже катары, административдик доо берилген тилде жүргүзүлүүгө жатаарын жана соттук актылар ишке катышкан жактарга сот өндүрүшү жүргүзүлгөн тилде тапшырылышы керектигин соттор эске алуусу керек.

  10. 3

    Соттор КР АПКнин 15-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн иштер административдик соттук өндүрүшү тартибинде каралууга жатпагандыгын эске алуусу зарыл. Эгерде андай иштер боюнча доо арыздар келип түшкөн болсо, анда сот КР АПКнин 113-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктусунун негизинде административдик доону кабыл алуудан баш тартышы керек, эгерде иш өндүрүшкө кабыл алынган болсо, анда иш боюнча сот өндүрүшү КР АПКнин 186-беренесинин 1-пунктусуна ылайык токтотулууга жатат.

  11. 4

    Административдик процесске доогер катары өзүнүн укуктарын, эркиндиктерин же мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн сотко кайрылган жеке же юридикалык жак, же болбосо прокурор же мыйзам тарабынан ошондой ыйгарым укук берилген башка жак тарабынан анын кызыкчылыгы үчүн административдик доо берилген жак катыша ала тургандыгын соттор эске алуусу керек. Эгерде КР АПКнин 42, 43-беренелеринин негизинде прокурор же башка жак тарабынан административдик доо берилген болсо, анда соттор анын кызыкчылыгында административдик доо берген жактарды доогер катарында ишке катышууга тартуусу зарыл. -- 3 of 11 -- Прокурор мамлекеттин жана чөйрөсү аныкталбаган жактардын кызыкчылыгында, ошондой эле КР АПКнин 43-беренесинин негизинде башка жак тарабынан сотко берилген доодо мамлекеттик кызыкчылык эмнеде тургандыгынын негиздемеси, чөйрөсү аныкталбаган жактардын кандай укуктары бузулгандыгы, ошондой эле мыйзамга же башка укуктук актыга шилтеме камтылууга тийиш. Прокурор, башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка органдар жарандын кызыкчылыктарында доо койгон учурда доону жарандын өзү кое албастыгынын негиздемеси камтылууга жана аракетке жөндөмсүз адамдын кызыкчылыктарында арыз берилген учурлардан башка учурларда сотко арыз берүүгө макулдукту ырастоочу документ тиркелүүгө тийиш экендигине соттордун көңүлү бурулсун. Эгерде сотко берилген доодо мамлекеттик кызыкчылык эмнеде тургандыгынын, чөйрөсү аныкталбаган жактардын кандай укуктары бузулгандыгынын негиздемеси камтылбаса, анда арыз КР АПКнин 115-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктусунун негизинде кайтарылууга, ал эми доо өндүрүшкө кабыл алынган учурда, доо КР АПКнин 188-беренесинин 3-пунктуна ылайык кароосуз калтырылууга жатаарын соттор эске алышы керек. Аракетке жөндөмсүз жарандын кызыкчылыктарын коргоо үчүн коюлган доону кошпогондо, доогер прокурор берген доодон баш тарткан учурда, эгерде бул иш- аракеттер мыйзамга карама-каршы келбесе же башка жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузбаган шартта гана сот КР АПКнин 186-беренесинин 4- пунктуна ылайык иш боюнча сот ишин жүргүзүүнү токтотоорун соттор эске алышы керек. Үчүнчү жактар ишти кароонун жыйынтыгы менен кабыл алынган соттук акты менен алардын укуктары бузулган шартта гана доогердин же жоопкердин тарабында ишке катышууга тартылышы мүмкүн экендигин соттор көңүлгө алышы керек. КР АПКнин 32- беренесине ылайык, ишке катышууга тартылышкан үчүнчү жактар доогердин же жоопкердин тарабында гана катышып, талаш-тартыштын предметине карата өз алдынча талап коюуга укуксуз экендиктери эске алынышы керек. Үчүнчү жакты ишке катышууга тартуу жөнүндө же андайдан баш тартуу жөнүндө сот тарабынан аныктама чыгарылат, ал даттанууга жатпайт.

  12. 5

    Эгерде мыйзамдарда административдик актыларга, административдик органдардын аракеттерине (аракетсиздигине) сотко чейинки даттануу тартиби белгиленсе, мындай актыларды сотто талашуу ушул тартип сакталгандан кийин гана мүмкүн болоорун соттор эске алышы керек. Кыргыз Республикасынын "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Мыйзамынын 62-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык административдик акт, административдик органдын аракети же аракетсиздиги административдик (сотко чейинки) тартипте, андан кийин, ушул Мыйзамдын 44-беренеси жана 57-беренесинин 3-бөлүгү менен каралган учурларды кошпогондо, сот тартибинде даттанылат. Сотко чейинки даттануу тартиби прокурордун административдик актыны талашуу боюнча аракетине карата жайылтылбагандыгын соттор эске алуусу зарыл. Административдик актынын жокко чыгарылышы менчик ээсинин эркинен тышкары мүлкүн алып коюуга алып келе турган болсо, административдик акт ушул -- 4 of 11 -- административдик актыны кабыл алган же анын жогору турган органы тарабынан жокко чыгарылбагандыгына соттордун көңүлдөрү бурулсун. Мындай учурда административдик актыны сотко чейинки даттануу тартибинин сакталышы талап кылынбайт, административдик акт сот тартибинде анык эмес деп таанылат. Административдик органдын аракеттерине (аракетсиздигине) сотко чейинки тартипте даттануу мүмкүн болбогон учурда, доо доогер аракеттин жасалгандыгы жөнүндө билген күндөн тартып үч айдын ичинде берилет, ошол эле учурда административдик органдын аракеттерине (аракетсиздигине) даттануу мүмкүн болбогондугу жогору турган административдик орган же жогору турган кызмат адамы болбогон учурда гана орун алышы мүмкүн болоорун соттор эске алышы керек (Кыргыз Республикасынын "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Мыйзамынын 62-беренеси). Ошол эле учурда соттор Кыргыз Республикасынын "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Мыйзамы менен белгиленген талаптар бул мыйзам күчүнө киргенден кийин кабыл алынган актыларга карата гана жайылтыларын эске алуусу тийиш.

  13. 6

    Судьяны четтетүүнүн же судья өзүн-өзү четтетүүнүн негиздери КР АПКнин 20- беренесинде аныкталган. Соттук териштирүүгө даярдык көрүү баскычында судья тарабынан алдын ала айтылган укуктук пикир, эгерде андай пикир ишти кароонун мүмкүн болгон жыйынтыгын камтыбаса, судьянын өзүн-өзү четтетүүнүн же андан баш тартуунун негизи болбооруна соттордун көңүлү бурулсун. Сотту четтетүү же соттун өзүн-өзү четтетүү тууралуу маселелер боюнча аныктама даттанылбайт, бирок далилдер апелляциялык, кассациялык даттанууга киргизилиши мүмкүн (КР АПКнин 24-бер. 7-б.).

  14. 7

    КР АПКнин 83, 84-беренелерине ылайык, соттук чыгымдар мамлекеттик алымдан жана ишти сотто кароо менен байланышкан чыгымдардан турат. Доогерлер, жоопкерлер, үчүнчү жактар мамлекеттик алым төлөөчүлөр болуп саналат. Мамлекеттик алым сотко берилүүчү административдик доолордон, апелляциялык жана кассациялык даттануулардан, административдик иштин материалдарынын көчүрмөлөрүн берүү жөнүндө арыздардан алынат. Аталган укук ченемдердин талаптарына ылайык, административдик доого доогер мамлекеттик алымды төлөөдөн мыйзам тарабынан бошотулган учурларды кошпогондо, аны төлөнгөнү тууралуу документ тиркелиши керек (КР АПКнин 111-бер. 2-б. 4-п.). Мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотуу боюнча маселе сот тарабынан административдик доону өндүрүшкө кабыл алуу учурунда чечилет, бул тууралуу соттун өз алдынча аныктамасы чыгарылып, ал КР АПКнин 92-беренесине ылайык даттанылышы мүмкүн. Мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотуу боюнча өтүнүч канааттандыруусуз калтырылган учурда, административдик доо, КР АПКнин 114-беренесинин талабына ылайык, доогерге мамлекеттик алымды төлөө үчүн мөөнөт берүү менен кыймылсыз калтырылууга жатат. Мамлекеттик алымдарды төлөөнүн мөөнөтүн узартуу жана кийинкиге калтыруу мүмкүнчүлүгү КР АПК менен каралбагандыгына соттордун көңүлү бурулсун. Мамлекеттик алымдын ставкалары, аны төлөөнүн жана кайтарып берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын мамлекеттик алым жөнүндө мыйзамдары менен аныкталат. Мамлекеттик алым жөнүндө мыйзамдарда каралган учурларда процесстин -- 5 of 11 -- катышуучулары мамлекеттик алымды төлөөдөн толук же жарым-жартылай бошотулушу мүмкүн (КР АПКнин 84-беренеси). Ишти кароонун жыйынтыгы боюнча соттук чыгымдарды бөлүштүрүү маселеси КР АПКнин 89-беренесине ылайык чечилүүгө жатат. Доогер административдик доодон баш тарткандыгына байланыштуу иш боюнча өндүрүш токтотулса, доогер тарткан чыгымдарынын орду жоопкер тарабынан толтурулбайт, ал эми жоопкердин чыгымдары, анын арызы боюнча, доогер соттук чыгымдарды төлөөдөн бошотулган учурлардан башка учурларда доогерден өндүрүлөт. Доодон баш тартуу доогердин милдети эмес, укугу болуп эсептелинет, ошондуктан көрсөтүлгөн жагдайларда соттук чыгымдардын ордун толтуруу маселеси доогердин доодон баш тартуу жөнүндө билдирүүсүнө көз каранды болушу мүмкүн эмес, андыктан доогер сотко кайрылгандан кийин жоопкер доо талаптарды ыктыярдуу канааттандыргандыгына байланыштуу доодон баш тартып иш боюнча сот өндүрүшү токтотулган учурда да соттук чыгымдар жоопкерден өндүрүлүүгө тийиш. Жарашуу макулдашуу келишимин түзүүдө тараптар соттук чыгымдарды бөлүштүрүү тартибин кароого тийиш. Эгерде тараптар соттук чыгымдарды бөлүштүрүүнүн тартибин карабаса, сот бул маселени КР АПКнин 89-беренесине ылайык чечет. КР АПКи менен соттук чыгымдар жөнүндө маселелер жөнгө салынбаган бөлүгү КР АПКнин 2-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык КР ЖПКнин эрежелери боюнча чечилерине соттордун көңүлдөрү бурулсун.

  15. 8

    Соттук процесстин катышуучулары жана башка жактар процесстик милдеттерин аткарбаган учурда, сот процессинде тийиштүү жетекчиликти ишке ашыруу үчүн процесстик мажбурлоо чараларын колдонуу талап кылынышы мүмкүн - сотто аныкталган эрежелерди бузган жана административдик сот өндүрүшүн жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылган жактарга карата сот тарабынан жасалуучу иш-аракеттер. КР АПКнин 93-беренесине ылайык сот процесстик мажбурлоонун төмөнкүдөй чараларын көрө алат: эскертүү; жыйындар залынан чыгарып жиберүү; соттук айып жана сотко мажбурлап алып келүү. Процесстик мажбурлоонун чараларын көрүү сот тарабынан каралып жаткан иштин алкагында ишке ашырылат. КР АПКнин жоболоруна ылайык, сотто аныкталган эрежелерди бузуу деп сот белгилүү жакка жүктөгөн жана (же) КР АПКде каралган учурларда процесстик милдеттерди аткарбагандыкты түшүнүү керек, мисалы: процесстик укуктарды ак ниеттүүлүк менен пайдалануу, соттук жыйналышка келүү, далил келтирүү милдеттери. Сот тарабынан колдонулган эскертүү же жыйындар залынан чыгарып жиберүү процесстик мажбурлоонун чаралары соттук отурумдун протоколуна киргизилээрин соттор эске алуусу керек. Соттук айып пулу салынган учурда КР АПКнин 96-беренесинин 4- бөлүгүнө ылайык жүйөлөнгөн аныктама чыгарылат. Соттук айып пул салынган соттук процесстин катышуучусу жана башка жактар соттук айып пулду төлөөдөн бошотуу же анын өлчөмүн азайтуу жөнүндө арыз менен КР АПКнин 96-беренесинин тартибинде кайрылууга укуктуу. Соттор аталган арыз өз алдынча соттук материал катарында каралууга тийиш экендигин эске алышы керек. Соттук айып пулду төлөөдөн бошотуу же анын өлчөмүн азайтуу жөнүндө арызды канааттандыруусуз калтыруу жөнүндө аныктама даттанылышы мүмкүн. -- 6 of 11 -- КР АПКнин 96-беренесине ылайык, сот процессинин катышуучуларына жана соттук жыйынга катышып олтурган процесстин башка катышуучуларына алар сотко урмат көрсөтпөгөндүгү үчүн соттук айып пул салууга укуктуу экендигин соттор көңүлгө алуусу керек. Далилдерди дегеле берүү же сот белгилеген мөөнөттө берүү мүмкүнчүлүгү жоктугу жөнүндө сотко кабарлабаган учурда же сот талап кылган далилдерди берүү милдетин жүйөсүз себептер боюнча аткарылбаган деп сот тарабынан табылган учурда, далил талап кылынган жакка ушул Кодекстин 96-беренесинде белгиленген тартипте жана өлчөмдө соттук айып салынат. Ошол эле учурда, КР АПКнин 74-беренесине ылайык, соттук айыптын салынышы талап кылынган далилди анда болгон жакты сотко тапшыруу милдетинен бошотпойт.

  16. 9

    КР АПКнин 110-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, доо сотко административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарга ылайык каралган административдик даттануу боюнча административдик органдын чечими күчүнө кирген күндөн тартып үч айдын ичинде берилет. (КР ЖС Пленумунун 25.12.25-ж. №51-токтомуна ылайык 2-абзац алып салынды) Административдик актынын жокко чыгарылышы мүлктү алып коюу мүмкүнчүлүгүн жараткан учурда, доо сотко административдик акт күчүнө кирген күндөн тартып үч айдын ичинде берилет (КР АПКнин 110-бер. 2-б.). Соттор КР АПКнин 110-беренесине ылайык, доону берүү мөөнөтүнүн өтүшү ушул Кодексте белгиленген тартипте гана доонун берилиши менен токтотууларын эске алуусу керек. Андыктан, эгерде доо КР АПКнин 111-беренесинин талаптары бузулган деген негизде доогерге кайтарылса, анда доо берилгенге чейинки доону берүү мөөнөтүнүн өтүшү токтотулбайт. КР АПКнин 110-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык, эгерде административдик доо берүү мөөнөтү сот тарабынан жүйөөлү деп табылган себептер менен өткөрүлсө, мөөнөт калыбына келтирилиши мүмкүн. (КР ЖС Пленумунун 25.12.25-ж. №51-токтомуна ылайык 6-абзац алып салынды) КР АПКнин 241-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, биринчи инстанциядагы соттун иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө жана доону кароосуз калтыруу тууралуу аныктамасын даттанууда КР АПКнин 242-беренесинин 1-бөлүгүндө аныкталган мөөнөт жайылтылбагандыгына соттордун көңүлү бурулсун. КР АПКнин 16, 17-главаларында жогорудагыдай биринчи инстанциядагы соттун аныктамаларына даттануунун өзгөчө мөөнөттөрү каралбагандыктан, аларды даттанууда КР АПКнин 213- беренесинин 2-бөлүгү менен аныкталган мөөнөт колдонулат.

  17. 10

    Административдик процесстин катышуучуларын соттук жыйналыштын убактысы жана орду жөнүндө талаптагыдай кабарландыруу боюнча аныкталган эрежелердин сакталышы сот адилеттигинин жеткиликтүү болушунун принцибинин бирден бир кепилдиги болуп эсептелинет, андыктан административдик процессте катышкан жактардын кимдир-бирөөсү соттук жыйналыштын убактысы жана орду жөнүндө кабардар кылынбаса же талаптагыдай кабарландырылбаса процесстик мыйзамдын укук ченемдерин олуттуу бузуу болуп эсептелинет. Ушуга байланыштуу соттор КР АПКнин 10-главасында белгиленген административдик процесстин -- 7 of 11 -- катышуучуларын соттук жыйналыштын убактысы жана орду жөнүндө кабарландыруу тартибин сакташы керек. КР АПКнин 143-беренесине ылайык тыныгуу жарыяланганга чейин соттук жыйналыштын залында катышып отурган процесстин катышуучулары соттук жыйналыштын убактысы жана орду жөнүндө талаптагыдай кабарланылды деп эсептелет жана алардын тыныгуу аяктагандан кийин соттук жыйналышка келбей калуусу аны улантуу үчүн тоскоолдук болуп саналбайт. Соттук жыйналыштын залында катышпаган, бирок соттук жыйналыштын убактысы жана орду жөнүндө талаптагыдай кабарланган процесстин катышуучулары кийинки боло турган соттук жыйналыштын убактысы жана орду жөнүндө кайрадан кабарланышы мүмкүн, бирок бул сөзсүз түрдө эмес. КР АПКнин 143-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн жагдайлар пайда болгон учурда соттук териштирүү башка күнгө калтырылып, бул жөнүндө келген адамдарга кол койдуруу менен жарыя кылынарына, ал эми келбей калгандарга, же кайрадан ишке тартылгандарга териштирүү кийинкиге калтырылгандыгы жөнүндө аныктаманын көчүрмөсү жиберилерине көңүл бурулсун. Бул учурда, кийинкиге калтыргандан кийин ишти териштирүү башынан башталат.

  18. 11

    Доону кабыл алуудан баш тартуу КР АПКнин 113-беренесинде каралган негиздер боюнча гана орун алышы мүмкүн болгондугуна, бул жөнүндө доо сотко келип түшкөн учурдан тартып беш күндүк мөөнөттө жүйөлөнгөн аныктама кабыл алынаарына соттордун көңүлү бурулсун. Мыйзамда белгиленген доо арыз берүү мөөнөтү өткөрүлгөн, коюлган талаптар далилденбеген деген негизде же болбосо мыйзамда каралбаган башка негизде административдик доону кабыл алуудан баш тартууга жол берилбейт. Доону камсыз кылуу жөнүндө маселе административдик доо соттун өндүрүшүнө кабыл алынгандан кийин гана чечилүүгө жатаарын соттор эске алышы керек.

  19. 12

    КР АПКне доону кыймылсыз калтыруу тууралуу жаңы институту киргизилгендигине соттордун көңүлдөрү бурулсун. Административдик доону өндүрүшкө кабыл алуу боюнча маселени кароодо доо сотко КР АПКнин 111-беренесинде көрсөтүлгөн талаптары (көрсөтүлгөн берененин 2- бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында белгиленген талаптардан тышкары) сакталбастан берилгендиги аныкталса, анда доо кыймылсыз калтырылууга жатат, бул жөнүндө сот доо берген адамга кабарлайт жана ага кемчиликтерди оңдоо үчүн мөөнөт берет, бул жөнүндө аныктама кабыл алат (АПКнин 114-бер. 1-б.). Бул учурда, кемчиликтерди жоюу үчүн берилген мөөнөттүн узактыгын аныктоодо, доону кыймылсыз калтыруу үчүн негиз болгон жагдайларды четтетүүгө зарыл болгон убакыт эске алынууга тийиш. Эгерде соттун аныктамасында белгиленген мөөнөттө доону кыймылсыз калтыруу үчүн негиз болгон жагдайлар четтетилсе, анда доо сотко алгачкы жолу сунушталган күнү берилди деп эсептелинип, соттун өндүрүшүнө кабыл алынууга жагаарын соттор эске алышы керек. Андай болбогон учурда доо берилбеген болуп эсептелет жана ал ага тиркелген бардык документтер менен доогерге кайра кайтарылат.

  20. 13

    Доону кабыл алгандан кийин судья ишти өз убагында жана туура чечүүнү камсыз кылуу максатында ишти соттук териштирүүгө карата даярдайт. Ишти соттук териштирүүгө даярдоо доо соттун өндүрүшүнө кабыл алынган учурдан тартып бир айдан ашпоого тийиш. -- 8 of 11 -- (КР ЖС Пленумунун 2025-жылдын 25-декабрындагы №51-токтомунун редакциясына ылайык) Соттук териштирүүгө даярдоо административдик процесстин милдеттүү баскычы болуп саналгандыгын соттор эске алышы керек. Административдик ишти соттук териштирүүгө даярдоо аны өз убагында жана туура чечүүнүн бирден бир шарты болуп эсептелинет, ошондуктан соттор ишти соттук териштирүүгө даярдоо тартибинде КР АПКнин 123-беренесинде көрсөтүлгөн иш-аракеттерди жүргүзүүгө тийиш. Ишти соттук териштирүүгө даярдоо тартибинде алдын ала соттук жыйналыш дайындалат, ал жөнүндө ишке катышкан тараптар кабарланышат. Ишке катышкан жактардын келбей калуусу ишти даярдоо боюнча маселелерди алдын ала соттук жыйналышта кароого тоскоолдук кылбайт. Алдын ала соттук жыйналышта КР АПКнин 19-главасына ылайык протокол жүргүзүлөт. Сот иш боюнча соттук териштирүүгө түздөн-түз алдын ала соттук жыйналыштан кийин киришүүгө укуктуу болгондуктан, административдик ишти өз убагында кароо максатында зарыл болгон документтерди (далилдерди) чогултуу алдын ала соттук отурумга чейин орун алышы мүмкүн. Бирок, бул жагдай алдын ала соттук отурумда, ошондой эле соттук териштирүүнүн жүрүшүндө жаңы далилдерди келтирүүгө болбойт дегенди түшүндүрбөгөндүгүн соттор эске алышы керек. КР АПКнин 15-17-главаларында каралган жагдайлар болгондо, тараптардын пикирин эске алуу менен алдын ала соттук жыйналышта иш боюнча өндүрүш токтото туруулаарын же токтотулаарын же болбосо арыз кароосуз калтырыларын, бул жөнүндө жүйөлөнгөн аныктама кабыл алынарын соттор көңүлгө алуусу керек. Алдын ала соттук отурумдун жүрүшүндө доо КР АПКнин 189-беренесине ылайык кароосуз калтырылышы мүмкүн эместигин соттор эске алуулары керек. Эгерде ишти угуунун күнү, убактысы жана орду жөнүндө талаптагыдай кабарландырылган доогер же анын өкүлү соттук жыйналышка келбей коюшса жана ишти анын катышуусу жок эле өткөрүү жөнүндө билдиришпесе, сот доону КР АПКнин 189- беренесинин негизинде кароосуз калтырууга милдеттүү эмес, ал анын укугу болуп саналарына соттордун көңүлү бурулсун. Ушуга байланыштуу, эгерде доогер мурун соттук жыйналышка келип, доо талаптарын колдоп, бирок кийинки кезектеги соттук жыйналышка келбесе, анда иш боюнча жоопкердин каршы пикири жок болгон учурда маани-маңызы боюнча чечим чыгаруу менен соттук териштирүүнү улантууга укуктуу. КР АПКнин 125-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык алдын ала соттук жыйналышта административдик доо берүү мөөнөттөрү сакталгандыгы боюнча маселенин иш жүзүндөгү жана юридикалык жагдайларына сотто алдын ала баа берүү мүмкүндүгү каралгандыгына соттордун көңүлү бурулсун. Доогер административдик доо берүү мөөнөтүн өткөрүп жибергени аныкталган учурда, судья доогерге мындай мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө өтүнмө менен кайрылууну сунуштарына соттордун көңүлү бурулсун. Ушуга байланыштуу, КР АПКнин 110-беренесинин 1, 3-5-бөлүктөрүндө каралган мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүч менен кайрылуу сунушу сот тарабынан доо берүү мөөнөтү өткөрүлгөндүгү аныкталган учурда гана берилүүгө тийиш экендигин соттор эске алышсын. (КР ЖС Пленумунун 2025-жылдын 25-декабрындагы №51-токтомунун редакциясына ылайык) Эгерде доогер тарабынан административдик доо берүү мөөнөтү өткөрүлгөндүгү аныкталса жана доогер тарабынан мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүч -- 9 of 11 -- берилбесе, судья иш боюнча башка иш жүзүндөгү жагдайларды иликтебестен иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө аныктама кабыл алат. КР АПКнин 126-беренесине ылайык даярдоо өндүрүшүнүн убагында доогер доодон толук же жарым-жартылай баш тарта алат, ал эми жоопкер - доону толук же жарым- жартылай тааный алат. Ошол эле учурда, доогердин же жоопкердин бул иш-аракеттери мыйзамга карама-каршы келбеген же болбосо кимдир-бирөөнүн укуктары, эркиндиги жана кызыкчылыктары бузулбаган шартта гана сот доогердин доодон баш тартуусун, жоопкердин доону таануусун кабыл алаарын соттор эске алсын. Ишти соттук териштирүүгө карата даярдоо боюнча тийиштүү иш-аракеттер аткарылгандан кийин ишти соттук териштирүүгө дайындоо жөнүндө аныктама чыгарыла тургандыгына соттордун көңүлү бурулсун. Ошону менен бирге соттук жыйналышта катышып жаткан тараптардын макулдугу менен судья иш боюнча алдын ала соттук жыйналыштан кийин соттук териштирүүгө түздөн-түз киришүүгө укуктуу экендигин, бул жөнүндө соттук жыйналыштын протоколуна жазуу түшүрүлөрүн соттор эске алышы керек.

  21. 14

    Административдик иш ишти даярдоо өндүрүшү аяктагандыгы жана соттук териштирүүгө дайындоо тууралуу аныктама кабыл алынган күндөн тартып эки айга чейинки мөөнөттө каралып, чечилерин соттор эске алсын (КР АПКнин 129-бер. 1-б.). Эгерде сот ишти соттук териштирүүгө даярдоого бөлүнгөн бир айлык мөөнөт өткөнгө чейин иш соттук териштирүүгө даярдалды деген тыянакка келсе, анда соттук териштирүү баскычына өтүп, ишти КР АПКнин 121-беренесинин 5-бөлүгүндө аныкталган мөөнөттө карай аларын соттор эске алсын. Ушуга байланыштуу, КР АПКнин 121-беренесинин 5- бөлүгү жана 129-беренесинин 1-бөлүгү менен аныкталган мөөнөттөр ишти андан кыска мөөнөттө кароого мүмкүнчүлүгүнө да жол берерине соттордун көңүлдөрү бурулсун. Ошону менен бирге, ар бир баскычына бөлүнгөн мөөнөттөр, КР АПКнин 121-беренесинин 5-бөлүгү жана 129-беренесинин 1-бөлүгү менен аныкталган мөөнөттөрдөн ашпоого тийиш. Добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө шайлоо комиссияларынын чечимине, судьяны ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө Судьялар кеңешинин чечимине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин конкурстук тандоонун натыйжалары боюнча кабыл алынган чечимине карата арыздар КР АПКнин 20, 21-главаларында жана Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө» мыйзамынын 20-беренесинде белгиленген мөөнөттөрдө каралууга тийиш. (КР ЖС Пленумунун 2025-жылдын 25-декабрындагы №51-токтомунун редакциясына ылайык)

  22. 15

    Иш оозеки же жөнөкөйлөтүлгөн (жазуу жүзүндө) процессте каралышы мүмкүн. Иш жөнөкөйлөтүлгөн (жазуу жүзүндөгү) процесс тартибинде андай тартипте кароо жөнүндө өтүнүч доогер тарабынан берилип, ал эми процесстин башка катышуучулары ишти кароонун ушундай тартибин колдонууга каршылык билдирбеген учурда гана кароо мүмкүн болгондугун соттор эске алсын (КР АПКнин 131-бер. 1-б.). Процесстин катышуучусу чечим чыгарылганга чейин ишти жөнөкөйлөтүлгөн (жазуу жүзүндөгү) процесс тартибинде кароого берилген жазуу жүзүндөгү макулдугун кайра чакыртып алуу мүмкүнчүлүгү бардыгы эске алынышы керек. -- 10 of 11 -- Жазуу жүзүндө процессти өткөрүү жөнүндө маселе ишти соттук териштирүүгө даярдоонун алкагында чечилүүгө тийиш экендигине соттордун көңүлү бурулсун. Доогердин ишти оозеки же жөнөкөйлөтүлгөн (жазуу жүзүндө) процессте кароо жөнүндө өтүнүчү алдын ала соттук жыйналышта ушундай тартипти колдонуу тууралуу процесстин башка катышуучуларынын пикирлерин тактоо менен каралат, сот зарыл болгон учурда процесстин катышуучулары ушул тартипти колдонуу боюнча каршы пикирлерин сотко берүү үчүн мөөнөттү белгилейт. Жөнөкөйлөтүлгөн (жазуу жүзүндөгү) тартибиндеги процессте иштер оозеки териштирүүнү жүргүзбөстөн каралат. Ишти ушундай тартипте кароодо сот жазуу жүзүндөгү далилдерди (анын ичинде билдирилген талаптардын маңызы боюнча түшүндүрмөлөрдү жана каршы пикирлерди) гана иликтейт. Процесстин катышуучуларынын макулдугуна жана жөнөкөйлөтүлгөн (жазуу жүзүндөгү) тартибинде процесс дайындалгандыгына карабастан, сот чечим чыгарылганга чейин, эгерде туура чечүү үчүн зарыл деп эсептесе, ишти оозеки териштирүүдө кароо жөнүндө соттук жыйналышты дайындай ала тургандыгына соттордун көңүлү бурулсун (КР АПКнин 131-бер. 3-б.).

  23. 16

    Бардык берилген жана алынган далилдер иликтенгенден кийин, ошондой эле процесстин катышуучуларынын ишти маңызы боюнча кароону аяктоо мүмкүндүгү жөнүндө пикирлери айкындалгандан кийин гана ишти маңызы боюнча кароо аякталды деп эсептелинет. Административдик иш боюнча чечим кабыл алууда сот КР АПКнин 173- беренесинде аныкталган маселелерди чечүүгө милдеттүү экендигине соттордун көңүлдөрү бурулсун. Доогердин укуктары, эркиндиктери жана мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулбагандыгы, же болбосо анын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын жүзөгө ашырууга карата тоскоолдуктар түзүлбөгөндүгү аныкталган учурда, сот административдик доону канааттандыруудан баш тартаары эске алынсын. Мындай учурда, сот талашылып жаткан мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын кызмат адамдарынын актыларынын, аракетинин (аракетсиздигинин) мыйзамдуулугуна баа бербөөгө укуктуу. Эгерде чечим чыгаруу убагында иш үчүн мааниси бар жаңы жагдайларды айкындоону же болгон же жаңы далилдерди кошумча текшерүүнү зарыл деп тапса, сот аныктама менен ал ишти маңызы боюнча кароону кайрадан жаңыртат, мындай аныктама соттук жыйналыштын протоколуна жазылары соттор тарабынан эске алынышы керек. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы А.Токбаева Пленумдун катчысы, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы К.Осмоналиев -- 11 of 11 --