Разъяснение обязательно для судов (ст. 98 ч. 3 Конституции КР), но нормативным правовым актом не является: в документах ссылайтесь на статью закона, а на пункт Пленума — как на толкование.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН ПЛЕНУМУНУН ТОКТОМУ 2025-жылдын 25-декабры Бишкек шаары № 48 Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун 2020-жылдын 29-майындагы №10 “Юридикалык мааниси бар фактыларды белгилөө жөнүндө иштер боюнча сот тажрыйбасы тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун токтомдорун инвентаризациялоонун алкагында “Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесинин 7-пунктун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Регламентинин 3.2.-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленуму т о к т о м к ы л а т: I. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун 2020-жылдын 29- майындагы №10 “Юридикалык мааниси бар фактыларды белгилөө жөнүндө иштер боюнча сот тажрыйбасы тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
токтомдун 9-пунктунун үчүнчү абзацындагы биринчи сүйлөм төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: “Актылардагы жазууларды калыбына келтирүү жөнүндөгү маселелерди кароо тартиби Кыргыз Республикасынын “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Мыйзамынын 38-беренесине ылайык, жарандык абалдын актыларынын жазууларын калыбына келтирүү арыз ээсинин кайрылган жери боюнча соттун мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген чечиминин негизинде жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан жүзөгө ашырылат.”;
токтомдун 9-пунктунун төртүнчү абзацындагы “алгачкы же ЖААК органдары тарабынан калыбына келтирилген жазуулар”- деген сөздөр “жарандык абалдын актыларынын биринчи жана экинчи нускалары”- деген сөздөр менен алмаштырылсын;
токтомдун 14-пункту төмөндөгүдөй редакциядагы экинчи абзац менен толукталсын: “Өлгөндүгү тууралуу фактынын далилдеринин бири болуп саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген белгиленген үлгүдөгү маалымкат жана ички иштер органынын өкүлү тарабынан түзүлгөн өлүктү кароо протоколу болушу экендигин соттор эске алуусу керек. Өлгөндүгү тууралуу фактыны тастыктаган документтер болуп, адамдын өлүмү болгон аймакта жайгашкан оорукана тибиндеги медициналык мекеменин, поликлиниканын, ФАПтын, башка тиешелүү медициналык мекеменин дарыгери тарабынан берилген өлгөндүгү тууралуу күбөлүгү (корутундусу, маалымкат ж.б.) болушу мүмкүн”; -- 1 of 14 --
токтомдун 16-пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: “Төрөлгөндүгү тууралуу фактыны аныктоо боюнча арыз КР Жарандык процесстик кодексинин 264-беренесинин 2-бөлүмү 10-пунктунун негизинде каралат. Кыргыз Республикасынын “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Мыйзамынын 13-беренесинин 1- бөлүгүнө ылайык туулгандыкты мамлекеттик каттоонун негиздери болуп төмөнкүлөр эсептелинет. 1) төрөт болуп өткөн саламаттык сактоо уюму тарабынан белгиленген үлгүдө берилген баланын туулгандыгы тууралуу маалымкат, же болбосо медициналык мекемеден тышкары төрөлгөндө врач же медициналык башка кызматкер, саламаттыкты сактоонун ыйгарым укуктуу органы берген туулгандыгы тууралуу маалымкат; 2) баланын ата-энесинин (ата-энесинин биринин) инсандыгын ырастаган документтери, никелешүү тууралуу күбөлүгү (никеси жок болгон учурда, энесинин инсандыгын ырастаган документтер) же болбосо жакын тууганынын, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу аймактык бөлүмдүн кызматкеринин инсандыгын ырастаган документтер; 3) Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган ата-эненин (же ата-энесинин биринин) балдарынын чет мамлекетте төрөлгөн фактысын тастыктоочу, чет мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан берилген документтер (туулгандыгы тууралуу медициналык күбөлүк, реестрден көчүрмө, туулгандыгы жөнүндө сертификат жана башкалар); 4) арыз. Баланын туулгандыгы тууралуу медициналык күбөлүгү жок болгондо, баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо, баланы ушул аял төрөгөндүгүнүн фактысы аныкталгандыгы жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде жүргүзүлөт. Бир жашка чыккан же андан жогору жаш курагындагы баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо, ата-энесинин (ата-энесинин биринин) же жакын тууганынын же балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн жазуу жүзүндөгү арызы боюнча, ошондой эле бала он алты жашка толгондо, анын өзүнүн арызы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген зарыл документтерди тиркөө менен жүргүзүлөт (КР “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Мыйзамынын 38-беренеси 6-бөлүмү”). II. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Регламентинде аныкталгандай кабыл алынган учурдан тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы М.А. Сатыев Пленумдун катчысы, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Т.Т. Чаргынова -- 2 of 14 -- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН ПЛЕНУМУНУН ТОКТОМУ 2020-жылдын 29-майы Бишкек шаары № 10 "Юридикалык мааниси бар фактыларды белгилөө жөнүндө иштер боюнча сот тажрыйбасы тууралуу" (КР Жогорку отунун Пленумунун 2025-жылдын 25-декабрындагы №48 токтомунун редакциясына ылайык) Юридикалык мааниси бар фактыларды белгилөө жөнүндө иштер боюнча сот тажрыйбасын жалпылоонун жыйынтыгы соттор тарабынан мындай иштер негизинен туура каралып жаткандыгын көрсөттү. Ошону менен бирге мыйзамдын талаптарын колдонууда айрым катачылыктарга жол берилген учурлар кездешкен. Аталган категориядагы иштер боюнча арыздарды кароодо кемчиликтерди жоюу, мыйзамдардын туура жана бирдей колдонулушун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленуму токтом кылат:
Юридикалык мааниси бар фактыларды белгилөө жөнүндө иштер жарандардын, юридикалык жактардын, ошондой эле мыйзамга ылайык башка жактардын кызыкчылыгында сотко кайрылууга укугу бар жактардын арызы боюнча козголооруна (Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин (мындан ары - ЖПК) 5-бер. 2-п., 48, 49, 61-беренелери) соттордун көңүлү бурулсун. Сотко кайрылууга укугу бар жактардын курамы юридикалык мааниси бар фактыларды белгилөөнү талап кыла турган укук мамилелерди жөнгө салуучу материалдык укук ченемдердин мазмуну менен аныкталат.
Юридикалык мааниси бар фактыларды белгилөө жөнүндө иштер төмөндөгү шарттар болгон учурларда гана өзгөчө өндүрүш тартибинде сотто каралууга жатат, эгерде: а) мыйзамга ылайык мындай фактылар юридикалык кесепеттерди жаратса, (жарандардын же юридикалык жактардын жеке же мүлктүк укуктарын жаратса, өзгөртсө, же токтотсо (КР ЖПК 264-бер. 1-бөл.); б) арыз берүүчүнүн юридикалык мааниси бар фактыны күбөлөндүргөн документтерди алууга же калыбына келтирүүгө башка мүмкүнчүлүгү жок болсо; в) күчүндө турган мыйзамдарда аларды тастыктоонун башкача (соттон тышкаркы) тартиби белгиленбесе (КР ЖПК 264-бер. 2-бөл.); г) фактыны аныктоо сотко ведомстволук караштуулуктагы укук боюнча талаш- тартышка байланбаса (КР ЖПК 263-бер. 3-бөл.).
Юридикалык мааниси бар фактыны аныктоо жөнүндөгү арыздарды кабыл алууда, судья: - аталган фактыны белгилөө сотко караштуулугун, арыз берүүчүнүн сотко мындай арыз менен кайрылууга укуктуулугун текшерүүгө; - ал фактыны аныктоо кандай максат үчүн зарыл болгонун тактоого; -- 3 of 14 -- - арыз берүүчүдөн ал фактыны күбөлөндүргөн документти алуу же калыбына келтирүү мүмкүн эместигин ырастаган жазуу түрүндөгү далилдерди, ошондой эле сураган фактыны тастыктаган далилдерди талап кылууга милдеттүү. Тиешелүү документтерди алуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу катары тигил же бул фактыны каттоо тартибинин жоктугун (мисалы, багуусунда болуу), фактыны каттоо тартибинин сакталбагандыгын жана мындай шарттарда аны алууга мүмкүн эместигин (мисалы, өлүм фактысы, баланын ата-энеси ал туулгандан кийин никесин каттатып, баланын туулгандыгы тууралуу жазуусуна өз убагында оңдоо киргизбеген жана атасы өлгөндүгүнө байланыштуу аны жасоого мүмкүн болбогон учурларда аталыгын таануу фактысы) түшүнүү керек. Ошондой эле, документти алуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу катары фактыны ырастаган документтер бар, бирок аларда оңдоого мүмкүн болбогон, документти далилдөөчү маанисинен ажыраткан каталыктар же так эместиктер кетирилген учурларды да түшүнүү керек (мисалы, кырсык жөнүндө акт). Жоголуп кеткен документтерди калыбына келтирүү мүмкүн эместиги катары керектүү документтин жоголуп кеткендигине же жок кылынгандыгына байланыштуу тиешелүү жак тарабынан анын дубликатын берүү мүмкүнчүлүгү жоктугун түшүнүү керек. Эгерде колдонуудагы мыйзамдарда фактыларды белгилөөнүн (соттон тышкаркы) башка тартиби каралган болсо, анда КР ЖПК 137-бер. 1-бөл. 1-п. ылайык сот арызды кабыл алуудан баш тартууга тийиш. Юридикалык мааниси бар фактыны белгилөөнүн соттон тышкаркы тартиби катары мыйзам актыларында каралган тартипте мамлекеттик органга, мекемеге, башка жакка кайрылуу аркылуу фактыны ырастаган тиешелүү документтерди алуу же калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү бар экендигин түшүнүү керек. Судья КР ЖПК 265-бер. көрсөтүлгөн шарттар сакталбай берилген арызды КР ЖПК 138-бер. 1-бөл. 1-п. ылайык кайтарып берет, бул тууралуу жүйөлөнгөн аныктама чыгарат. Эгерде арыз соттун өндүрүшүнө кабыл алынып калса, анда ал КР ЖПК 222-бер. 1-п. ылайык кароосуз калтырылат.
Укук жөнүндө талаш бар же жоктугу тууралуу маселени чечүүдө, соттор ишти соттук териштирүүгө даярдоо учурунда арыз берүүчүгө юридикалык мааниси бар фактыны белгилөө кандай максатта керектигин, андай фактылардын белгиленүүсү кандай укук мамилелерди жаратаарын, укук мамилелердин катышуучусу боло турган башка жактардын бардыгын тактап алуусу керек. Тиешелүү укук мамилелерге катышкан же катышууну каалаган жактардын болушу, укук жөнүндө талаштын бардыгын күбөлөндүрөт. Укук жөнүндө талаштын бар же жок экендигин аныктоо, ишти туура чечүү максатында жарандык сот өндүрүшүнүн түрүн ажыратуу үчүн керек. Эгерде ишти кароодо укук жөнүндө талаш бар экендиги аныкталса, сот ЖПК 263- бер. 3-бөл. ылайык арызды кароосуз калтыруу жөнүндө аныктама чыгарат, анда арыз берүүчүгө жана кызыкдар жактарга доону жалпы тартипте берүү укугун түшүндүрөт. Бул маселе алдын ала сот жыйналышында да, соттук териштирүү стадиясында да чечилиши мүмкүн. -- 4 of 14 -- Иштин доо өндүрүшүндө каралуусу тараптардын болуусу менен шартталат: доогер, жоопкер жана үчүнчү жактардын болуусу керек.
Арызды кабыл алууда соттор 2018-жылдын 10-августундагы Кыргыз Республикасынын "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө" Кодексинин 138-бер. 1-бөл. "в" пунктуна жана 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Мамлекеттик алымдын Ставкаларынын 1- главасынын 1-пунктунун 5-пунктчасына ылайык өзгөчө өндүрүш иштери боюнча арыздардан 10 эселенген эсептик көрсөткүч өлчөмүндө мамлекеттик алым алынаарын эске алышсын.
Сот кызыкдар жактардын баардыгын ишке тартуу үчүн, арыздануучу кайсы юридикалык мааниси бар фактыны белгилөөнү сурап жаткандыгын аныкташы зарыл. Мисалы, өлгөндүгүн, төрөлгөндүгүн, төрөлгөндүгүн каттоо, аталыкты аныктоо, адамдардын туугандык фактыларын белгилөөдө кызыкдар жактар катары ЖААК жана Соцфонд органдары; мурасты кабыл алуу фактыларын белгилөөдө - нотариалдык органдар жана башка мураскорлор; мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө фактыларын белгилөөдө - кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоочу жана кыймылсыз мүлк жайгашкан жери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар; документтердин таандыктыгы фактысын белгилөөдө - мамлекеттик пенсиялык жана социалдык камсыздандыруу органдары ж.б. Кызыкдар жактардын курамы жогоруда көрсөтүлгөн тизме менен чектелбейт жана конкреттүү юридикалык мааниси бар фактыны белгилөө жөнүндө ишти кароо учурунда толукталышы мүмкүн. Өзгөчө өндүрүштүн иштери боюнча кызыкдар жактар - булар субъективдүү укуктарына жана милдеттерине, мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарына чечимдин мыйзамдуу күчү таасир этиши мүмкүн боло турган процесстин катышуучулары экендигине соттордун көңүлү бурулсун.
Адамдардын туугандык мамилелеринин фактысы (ЖПКнин 264-бер. 2-бөл. 1-п.) соттук тартипте тууганчылык даражасы түздөн-түз юридикалык кесепеттерге алып келген учурларда гана белгиленет, мисалы, мындай факты арыз ээсине мураска укук жөнүндө күбөлүктү алуу үчүн же багар-көрөрү каза болгондугуна байланыштуу жөлөк пул алуу укугун жол-жоболоштуруу үчүн керек болгон учурларда гана аныкталат. Сот арызды кабыл алууда, арыз берүүчүнүн юридикалык кызыкчылыктарын текшерүү менен бирге биринчи кезектеги мураскорлор бар болгон учурда, экинчи кезектеги мураскорлорго кирген туугандар мындай кызыкчылыкка ээ болбой тургандыгын көңүлгө алуусу керек. Сот туугандык мамилелеринин фактысын белгилөө жөнүндө чечиминде арыз берүүчү көрсөтүлгөн жак менен кайсы даражадагы туугандыкта тураарын көрсөтүүсү абзел. Адамдардын туугандык мамилелеринин фактысын белгилөө, эреже катары, туугандар бул фактыны тиешелүү документтерди көрсөтүү менен тастыктай албай турган учурда орун алат. Биринчи жана экинчи кезектеги мураскорлордун катарына кирген ата-эне менен балдардын, ага-инилердин, эже-сиңдилердин, чоң-ата, чоң-эне, таята, таенелердин ортосундагы туугандык байланыштар документалдуу түрдө жарандык абалдарды каттоо -- 5 of 14 -- күбөлүктөрүн (туулгандыгы тууралуу, никени каттоо жана бузуу жөнүндө күбөлүктөрүн) көрсөтүү менен тастыкталаары эске алынышы керек. Жубайлар кандаш туугандар болуп саналбайт, ошондуктан алардын ортосундагы туугандык мамилелер тууралуу факт аныкталышы мүмкүн эмес. Каза болгон адам тирүү кезинде арыз ээсинин атасы экендигин тааныганынын негизинде туугандык мамилелеринин фактысы мурасты кабыл алуу максатында белгиленүүгө жатпайт. Арыз берүүчүнүн сотко кайрылуусу жарандык абалдын актыларындагы жазуулардын туура эместигинен келип чыккан учурда туугандык мамилелердин фактысы аныкталууга жатпайт. Мындай арыздар КР АПКнын 22-главасында белгиленген тартипте каралат.
Адамдын багууда туруу фактысын аныктоо (ЖПКнын 264-бер. 2-бөл. 2-п.) мурасты кабыл алууда, багар-көрөрүнүн каза болгондугуна байланыштуу пенсия дайындоодо же зыяндын ордун толтурууда, ошондой эле мыйзамда көрсөтүлгөн башка учурларда юридикалык мааниге ээ болот. Эгерде багуучу тарабынан көрсөтүлгөн жардам арыз берүүчүнүн жашоосу үчүн негизги жана туруктуу кирешенин булагы болсо, адамдын багууда туруу фактысы аныкталат. Эгерде арыз берүүчүнүн иштеп тапканы бар болсо, пенсия, стипендия ж.б. алса, соттор багуучунун жардамы арыз берүүчүнүн жашоосу үчүн негизги жана туруктуу кирешенин булагы болгондугун тактоосу зарыл. Арыз берүүчү каза болгондун багуусунда болбогондугу тууралуу тийиштүү органдар (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, турак жай эксплуатациялык уюмдары) тарабынан аларда болгон маалыматтардын негизинде берилген тактамалар багууда туруу фактысын соттук тартипте аныктоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыратпайт. Пенсия дайындоо үчүн багууда туруу фактысын аныктоодо, эгерде баккан адамдын өлгөн күнгө карата ага майыптыгы боюнча пенсия дайындоо үчүн зарыл болгон стажы болсо, өлгөн адамдын багуусунда болгон эмгекке жараксыз үй-бүлө мүчөлөрү баккан адамынан айрылгандыгына байланыштуу пенсия алууга укуктуу экендигин эске алуу зарыл (Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамынын 18-бер.) Багар-көрөрү каза болгондугуна байланыштуу пенсия алууга укугу бар пенсиялык мыйзамдар менен аныкталган адамдардын тобу кеңири чечмелөөгө жатпайт. Ошону менен бирге, сот багар-көрөрү каза болгондугуна байланыштуу жарандык мыйзамдын ченемдери боюнча зыяндын ордун толтуруу үчүн багууда туруу фактысын аныктоо зарыл жагдай болоорун эске алышы керек. Мындай зыяндын ордун толтурууга укуктуу болгон адамдардын тобу Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 1016- бер. аныкталган, алар мамлекеттик пенсия алууга укуктуу болгон адамдардын тобу менен дал келбейт. Багар-көрөрүн жоготкондугуна байланыштуу зыяндын ордун толтуруу үчүн багууда туруу фактысын аныктоодо, сот мыйзамга ылайык зыяндын ордун толтуруу укугу ортодогу тууганчылык мамилелерге же анын карамагында багылууда болгон мөөнөткө байланышпагандыгын эске алуусу керек. -- 6 of 14 -- Мурас укугуна ээ болууну жол-жоболоштуруу максатында багууда туруу фактысын аныктоо үчүн КР Жарандык кодексинин 1148-бер. ылайык багылуучу адам мурас берүүчүнүн өлгөн күнүнө карата эмгекке жарамсыз жана мурас берүүчүнүн өлүмүнө чейин бир жыл мөөнөттөн кем эмес анын багуусунда болуусу тийиш. Бирок, КР Жарандык кодексинин 1143-1145-беренелеринде көрсөтүлгөн мураскорлорго кирген эмгекке жарамсыз жарандар үчүн мурас ачылган күнгө карата мурас берүүчү менен чогуу жашоосу мааниге ээ эмес, ал эми КР Жарандык кодексинин 1142-1145-беренелеринде көрсөтүлгөн мураскорлордун тобуна кирбеген жарандарга мурас берүүчүнүн өлүмүнө чейин бир жыл мөөнөттөн кем эмес чогуу жашоосу мураска ээ болуу үчүн керектүү шарт болуп саналат.
Соттор төрөлүүнү, уулду же кызды асырап алууну, никени, ажырашууну жана өлүмдү каттоо фактыларын белгилөө жөнүндө иштерди кароодо (ЖПК 264-бер. 2-бөл. 3- п.) жарандык абалдын актысы эмес, аны тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан каттоо фактысы гана аныкталаарын эске алышы керек. Мындай иштер, эгерде жарандык абалды мамлекеттик каттоо органдарында же архивдерде тийиштүү жазуулар сакталбаса жана аны калыбына келтирүүдөн баш тартылса, же болбосо аны калыбына келтирүү жарандык абалдын актысынын мамлекеттик каттоодон өткөн фактысын белгилөө жөнүндө соттун чечиминин негизинде гана мүмкүн болсо каралууга жатат. Компетенциясына жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо боюнча ишти уюштуруу кирген жана аны каттоону аймагында жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлик органынын алгачкы же калыбына келтирилген жарандык абалдын актысынын жазуусунун жоктугу тууралуу билдирүүсү жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо фактысын аныктоо тууралуу сотко кайрылуу үчүн негиз болот. Актылардагы жазууларды калыбына келтирүү жөнүндөгү маселелерди кароо тартиби Кыргыз Республикасынын “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Мыйзамынын 38-беренесине ылайык, жарандык абалдын актыларынын жазууларын калыбына келтирүү арыз ээсинин кайрылган жери боюнча соттун мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген чечиминин негизинде жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан жүзөгө ашырылат. Сот, жарандык абалдын актыларынын биринчи жана экинчи нускалары бар болгон учурларда, арызды юридикалык мааниси бар фактыларды аныктоо эрежелери боюнча эмес, КР АПКнын 22-главасында белгиленген жарандык абалдын актыларындагы туура эмес жазууларды аныктоонун тартибин жөнгө салган эрежелер боюнча карайт. (КР ЖС Пленумунун 2025-жылдын 25-декабрындагы №48 токтомунун редакциясына ылайык)
Өзүн баланын атасымын деп эсептеген, бирок баланын энеси менен никеде турбаган адам өлүп калса, анын аталыгын таануу фактысы сот тартибинде жарандык процесстик мыйзамда белгиленген (КР ЖПК 264-бер. 2-бөл. 4-п.) эрежелер боюнча аныкталышы мүмкүн. Мындай факт сот тарабынан ар тараптуу текшерилген маалыматтардын негизинде өзгөчө сот ишин жүргүзүү эрежелери боюнча укук жөнүндө талаш-тартыш пайда болбогон шартта гана аныкталышы мүмкүн. Баланын туулгандыгы тууралуу актылык жазуусу бар болуп, бирок анда атасы көрсөтүлбөгөн учурларда да, аталыкты таануу фактысы аныкталышы мүмкүн. -- 7 of 14 -- Сот, жаран көзү тирүүсүндө өзүн баланын атасымын деп тааныган фактынын, же баланы багууга жана тарбиялоого катышкан жагдайлардын далилденгендигине таянат, күбөлөр катары каза болгон адамдын жакын туугандарын сурайт. Соттор, эреже катары, багар-көрөрүнүн каза болгондугуна байланыштуу, пенсияларды жана жөлөкпулдарды дайындоо маселесин чечүү үчүн кызыкдар жак катары Калкты социалдык коргоо жана Социалдык фондунун башкармалыктарын, кээде ЖААК органын ишке тартышат, бирок балада мурастоо укугу пайда болоорун көңүлгө албай калган учурлар кездешет, андыктан мындай иштер боюнча кызыкдар жак катары биринчи кезектеги мураскорлорду ишке тартуу керек. Соттор, эгерде баланын туулгандыгы тууралуу документинде атасы катары башка адам жазылса, аталыкты таануу фактысын аныктоо мүмкүн эместигин эске алышы керек. Мындай учурларда, жарандар ЖААК органдарына жарандык абалдын актысына оңдоолорду же өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө арыз менен кайрылышы зарыл. ЖААК органынын жарандык абалдын актысынын каттоосуна оңдоолорду же өзгөртүүлөрдү киргизүүдөн баш тартуусу арыз берүүчү тарабынан административдик тартипте сотко даттанылуусу мүмкүн. Эгерде баланын болжолдогон атасы тирүү болсо, бирок ал өзүнүн аталыгын өз ыктыяры менен каттоодон баш тартса, анын аталыгын таануу фактысы сот тарабынан доо өндүрүшү тартибинде белгиленет.
Укук тастыктоочу документтин анда көрсөтүлгөн ысымы, атасынын ысымы жана фамилиясы бул адамдын паспортундагы же туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндөгү ысымына, атасынын ысымына жана фамилиясына туура келбеген адамга таандыгын аныктоо талаптары боюнча (ЖПК 264-бер. 2-б. 5-п.) соттор арыз берүүчүдөн укук тастыктоочу документтин ага тиешелүүлүгү, аны берген уюм ага тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө мүмкүнчүлүгү жоктугу жана мурда иштеген мекеменин жоюлушу тууралуу далилдерди талап кылышы керек. ЖААК органдарынан, башка мамлекеттик органдардан, ошондой эле ишканалардан (мурунку жумуш берүүчүлөрдөн), алардын укук улантуучуларынан берилген тактамалар (маалыматтар) документтердеги каталарды же жаңылыштыктарды жоюуга, оңдоого мүмкүн болбогондугу, ошондой эле архивде маалымат жок болгондугуна же архивдин жоголушуна байланыштуу талап кылынган документтин дубликаты берилүүдөн баш тартылгандыгы тууралуу маалыматтарды камтууга тийиш экендигине соттор көңүл бурушу керек. Соттор жарандарга жаракат алгандыгы жана жаракат алгандыгына байланыштуу госпиталда болгондугу жөнүндө тактамалардын, аскердик бөлүктөрдүн, аскер комиссариаттарынын жана аскер башкармалыктардын башка органдарынын согуш маалындагы кырдаалдарга байланыштуу жарандардын каза болгондугу же дайынсыз жоголуп кеткендиги боюнча билдирүүлөрүнүн жарандарга таандуулугу тууралуу фактыларын аныктоо боюнча иштерди кароого укуктуу, анткени мындайлар инсандыкты аныктоочу документтерге кирбейт. Эгерде эмгек китепчеде ката кетсе жана адам аны берген ишканада иштөөсүн улантып жатса, анда кетирилген катаны оңдоо иш берүүчү тарабынан жүргүзүлөт. Соттор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 24-июлундагы № 462 токтому (2006-жылдын 9-февралындагы (№ 82) өзгөртүүлөргө ылайык) менен бекитилген -- 8 of 14 -- эмгек китепчелерин жүргүзүү Тартибине ылайык, эгерде эмгек китепчесинде туура эмес же так эмес жазуулар табылса, аларды оңдоо архивдик документтер болгон учурда мурунку иш берүүчү тарабынан гана эмес, ошондой эле анын ишин улантуучу же жоюлган юридикалык жак баш ийген жогору турган уюм тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн экендигин көңүлгө алышы керек.
Кыймылсыз мүлккө менчик укугунда ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө фактылары (ЖПК 264-ст. 2-б. 6-п.) сот тарабынан, эгерде арыз берүүчүдө мүлктүн ага таандуулугу жөнүндө укук аныктоочу документи болуп, бирок ал жоголуп кеткен болсо жана мындай фактыны соттон тышкаркы тартипте аныктоо мүмкүн болбосо гана белгиленет. Өзү билемдик менен тургузулган, пайдаланууга кабыл алынбаган курулушка, ошондой эле башка бирөөнүн атына катталган курулушка ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө фактысы сот тарабынан аныкталбайт. Ошондой эле, мыйзамдын негизинде жол-жоболоштурулбаган келишим боюнча алынган кыймылсыз мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө фактылары аныкталбайт. Мындай учурда, арыз берүүчү жалпы негиздер боюнча келишимди анык деп табуу жөнүндө доо арыз менен сотко кайрылууга укуктуу. Укук аныктоочу жана тастыктоочу документтери жок туруп жер тилкени ак ниеттүүлүк менен, ачык жана тынымсыз колдонуп келген жаранга жер тилкесине менчик укугу фактысы ээлик кылуунун эскиргендиги боюнча аныкталууга жатпастыгын соттор көңүлгө алышы керек. Мындай учурда арыз берүүчү жер тилкеси менен байланышкан маселени КР Жер кодексине ылайык чечүүсү керек.
Кырсыктын болгондугу жөнүндө фактыларды аныктоо тууралуу иштерди кароодо (ЖПК 264-бер. 2-бөл. 7-п.) соттор мындай фактылар сот тартибинен тышкары аныктоого мүмкүнчүлүк жок болгон учурда гана сот тарабынан аныкталаарын эске алышы зарыл. Мындай фактыларды аныктоо тууралуу арыздар соттун өндүрүшүнө төмөнкү учурларда кабыл алынат: - кырсык жөнүндө акт түзүлбөсө жана кайрылуу учурунда аны түзүүгө мүмкүнчүлүк болбосо; - акт түзүлүп, бирок кийинчерээк жоготулса жана аны сот тартибинен тышкары калыбына келтирүүгө мүмкүн болбосо; - актыны түзүүдө кырсык фактысын таанууга жолтоо болгон ката кетирилсе жана ал катаны сот тартибинен тышкары оңдоо мүмкүн эмес болсо.
Адамдын белгилүү бир убакта, белгилүү бир кырдаалда өлгөндүгүнүн фактысын аныктоо жөнүндө арыз (ЖПК 264-бер. 2-б. 8-п.) соттун өндүрүшүнө арыз берүүчү ЖААК органы тарабынан өлүмдү каттоодон баш тарткандыгы тууралуу документти келтирген учурда гана кабыл алынат жана каралат. Арыз берүүчү көрсөтүлгөн фактыны аныктап берүү жөнүндө арызын, адамдын кайсы бир убакта жана кайсы бир кырдаалда өлгөндүгүн айкын ырастаган далилдерге таянуу менен негиздөөгө милдеттүү. Өлгөндүгү тууралуу фактынын далилдеринин бири болуп саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген белгиленген үлгүдөгү -- 9 of 14 -- маалымкат жана ички иштер органынын өкүлү тарабынан түзүлгөн өлүктү кароо протоколу болушу экендигин соттор эске алуусу керек. Өлгөндүгү тууралуу фактыны тастыктаган документтер болуп, адамдын өлүмү болгон аймакта жайгашкан оорукана тибиндеги медициналык мекеменин, поликлиниканын, ФАПтын, башка тиешелүү медициналык мекеменин дарыгери тарабынан берилген өлгөндүгү тууралуу күбөлүгү (корутундусу, маалымкат ж.б.) болушу мүмкүн. (КР ЖС Пленумунун 2025-жылдын 25-декабрындагы №48 токтомунун редакциясына ылайык) Соттор, адамдын өлгөндүгүнүн фактысын аныктоо менен жаранды өлгөн деп жарыялоонун ортосундагы айырманы эске алышы керек. Жаранды өлгөн деп жарыялоо өлүм фактысын аныктоодон айырмаланып, жарандын өлгөнүн ырастаган далилдер жок болгондо жана өлүм окуясы божомолдонулган учурда жүргүзүлөт. Ошондой эле, адамдын белгилүү бир убакта өлгөн фактысын аныктоодон өлүмдү каттоо фактысын аныктоону айырмалоо керек. Биринчи учурда, өлүм фактысы ЖААК органдары тарабынан таптакыр катталган эмес, ал эми экинчисинде - өлүм фактысы катталган, бирок муну далилдеген документтер жоголгон жана аны сот тартибинен тышкары калыбына келтирүүгө мүмкүн эмес.
Эгерде нотариалдык иш аракеттерди жүргүзгөн орган арыз берүүчүгө мүлктү ээлөөгө киришүү фактысын нотариалдык тартипте далилдөө үчүн тийиштүү документтердин жоктугунан же жетишсиздигинен мурастоо укугу жөнүндө күбөлүгүн бере албаса, сот мурасты кабыл алуу жана мурастын ачылышынын орду жөнүндө фактыларын аныктоо тууралуу арыздарды (КР ЖПК 264-бер. 2-бөл. 9-п.) өзгөчө өндүрүш тартибинде карашы мүмкүн. Эгерде тийиштүү документтер берилип, бирок мурас укугу жөнүндө күбөлүктү берүүдөн баш тартылса, кызыкдар жак сотко мурасты кабыл алуу жана мурастын ачылышынын орду жөнүндө фактыларын аныктап берүү жөнүндө арыз менен эмес, нотариалдык иш аракеттерди жүргүзүүдөн баш тартылгандыгына даттануу менен КР АПКнын 23-главасында каралган тартипте кайрылууга укуктуу. Мурасты кабыл алуу жана мурастын ачылышынын орду жөнүндө фактыларын аныктоо тууралуу иштерди кароодо сот бул иш үчүн төмөнкү юридикалык маанилүү жагдайлардын тобун: - арыз берүүчү мурас алууга чакырылган кезектеги мыйзам боюнча мураскор болуп эсептелерин; - арыз берүүчүнүн мурастык укуктарын жол-жоболоштуруусуна тоскоол болгон укуктук негиздер бар экендигин; - арыз берүүчү менен башка мураскорлордун ортосунда мурас укугуна ээ болуу жөнүндө талаштардын жок экендигин; - мураскор мурас ачылгандан кийин алты ай мөөнөттүн ичинде иш жүзүндө мурасты кабыл алууну күбөлөндүрүүчү иш аракеттерди жасагандыгын (мураскор мурас мүлкүн ээлөөгө же башкарууга киришүү; мурас мүлкүн сактоо боюнча чара көрүү, аны үчүнчү жактын кийлигишүүсүнөн жана кол салуусунан сактоо; мурастык мүлктү кароого өз эсебинен чыгымдарды жүргүзүү; мурас берүүчүнүн карыздарын өз эсебинен төлөө же үчүнчү жактардан мурас берүүчүгө тийиштүү акча каражаттарын алуу); - кайсы мурастык мүлк жана кандай жагдайда арыз ээсине өткөндүгүн; -- 10 of 14 -- - мурас алууга чакырылган ошол эле кезектеги башка мураскорлор бар экендигин аныктоого милдеттүү. Нотариус мурасты иш жүзүндө ээлик кылууга киришкен мураскорлорго мурастоо укугу жөнүндө күбөлүгүн берүүгө укуктуу болуп, бирок мураскорго мурасты кабыл алуу мөөнөтүн өткөзүп жибергендигине гана байланыштуу мурастоо укугу жөнүндө күбөлүгүн берүүдөн баш тартса, анда анын аракети КР АПКнын 23-главасында каралган тартипте даттанылууга жатаарын соттор эске алуусу керек. Мурасты кабыл алуу жана мурастын ачылышынын орду жөнүндө фактыларын белгилөө тууралуу чечим чыгарууда соттор КР Жарандык кодексинин 1123-1124- беренелеринин талаптарын жетекчиликке алууга тийиш. Мурасты кабыл алуу тууралуу арызды берүү үчүн кошумча убакыт белгилөө жөнүндө арыз доо өндүрүшү тартибинде каралат.
Төрөлгөндүгү тууралуу фактыны аныктоо боюнча арыз КР Жарандык процесстик кодексинин 264-беренесинин 2-бөлүмү 10-пунктунун негизинде каралат. Кыргыз Республикасынын “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Мыйзамынын 13-беренесинин 1- бөлүгүнө ылайык туулгандыкты мамлекеттик каттоонун негиздери болуп төмөнкүлөр эсептелинет. 1) төрөт болуп өткөн саламаттык сактоо уюму тарабынан белгиленген үлгүдө берилген баланын туулгандыгы тууралуу маалымкат, же болбосо медициналык мекемеден тышкары төрөлгөндө врач же медициналык башка кызматкер, саламаттыкты сактоонун ыйгарым укуктуу органы берген туулгандыгы тууралуу маалымкат; 2) баланын ата-энесинин (ата-энесинин биринин) инсандыгын ырастаган документтери, никелешүү тууралуу күбөлүгү (никеси жок болгон учурда, энесинин инсандыгын ырастаган документтер) же болбосо жакын тууганынын, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу аймактык бөлүмдүн кызматкеринин инсандыгын ырастаган документтер; 3) Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган ата-эненин (же ата-энесинин биринин) балдарынын чет мамлекетте төрөлгөн фактысын тастыктоочу, чет мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан берилген документтер (туулгандыгы тууралуу медициналык күбөлүк, реестрден көчүрмө, туулгандыгы жөнүндө сертификат жана башкалар); 4) арыз. Баланын туулгандыгы тууралуу медициналык күбөлүгү жок болгондо, баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо, баланы ушул аял төрөгөндүгүнүн фактысы аныкталгандыгы жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде жүргүзүлөт. Бир жашка чыккан же андан жогору жаш курагындагы баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо, ата-энесинин (ата-энесинин биринин) же жакын тууганынын же балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн жазуу жүзүндөгү арызы боюнча, ошондой эле бала он алты жашка толгондо, анын өзүнүн арызы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген зарыл документтерди тиркөө менен жүргүзүлөт (КР “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Мыйзамынын 38-беренеси 6-бөлүмү”) -- 11 of 14 -- (КР ЖС Пленумунун 2025-жылдын 25-декабрындагы №48 токтомунун редакциясына ылайык)
Жарандардын же уюмдардын жеке же мүлктүк укуктарынын пайда болушуна, өзгөрүшүнө жана токтотулушуна таасир этүүчү фактылар КР ЖПК 264-бер. көрсөтүлгөн тизме менен чектелбейт. Соттор юридикалык мааниси бар башка фактыларды да аныктоого укуктуу (КР ЖПКнын 264-бер. 1-бөл. 11-п.). Соттор жарандардын администрациялык көчүрүп чыгаруу фактысын аныктоого, эмгек, турак жай, пенсиялык жана башка укуктарын калыбына келтирүүгө байланышкан маселелерин чечүүдө Кыргыз Республикасынын "Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндөгү" Мыйзамынын талаптарын жетекчиликке алышы керек. Бул Мыйзамдын 2-бер. талабына ылайык мажбурлоо чаралары түздөн-түз колдонулган адамдар менен бирге атылган адамдардын жана өлгөндөн кийин акталгандардын балдары, жубайы, ошондой эле эркинен ажыратылган, сүргүнгө айдалган, айдалып жиберилген жерде, атайын конушта болгон же ата-энесинин, жубайынын куугунтукталгандыгына байланыштуу укугу жана эрки башкача чектелген балдар, жубайлар саясий куугунтуктоодон жапа чеккендер деп табылат. Аталган Мыйзамдын 6-беренесинде куугунтуктан жапа чеккен, анын ичинде соттон тышкары органдардын чечими менен жазаланган (мыйзамсыз администрациялык тартипте сүргүнгө айдалып, көчүрүлүп чыгарылган, атайын конушка жөнөтүлгөн, эркиндигинен чектөө шарттарда мажбурлап иштетүүгө тартылган) жарандарды прокуратура органдарынын корутундусу (тыянагы) түрүндө актоо тартиби каралган. Жарандардын администрациялык көчүрүлүшүн аныктоого, эмгек, турак-жай, пенсиялык жана башка укуктарына байланышкан маселелер боюнча талаптарды коюуда арыздануучу сотко чейинки өндүрүш тартибинде "Акталган граждандардын укуктарын жана аларга гарантияларды кароо боюнча комиссиялар жөнүндө" Жобосуна ылайык облустук, райондук, шаардык мамлекеттик администрацияларга кайрылуусу керек (1995- жылдын 23-октябрындагы № 434). Эгерде арыз берүүчү администрациялык көчүрүлүшүн аныктоого, эмгек, турак-жай, пенсиялык жана башка укуктарын калыбына келтирүүгө байланышкан арыз менен Акталган жарандардын укуктарын жана гарантияларын кароо боюнча тийиштүү комиссияга кайрылса, бирок документтик маалыматтар жок болгондугуна байланыштуу арыз канааттандырылуудан баш тартылса жана бул фактыны аныктоого анын башка мүмкүнчүлүгү жок болсо, жазалоо (куугунтук) колдонулгандыгы тууралуу факты сот тарабынан аныкталат. Ал эми мындай комиссиялар жок болгон учурда прокуратура органдарына алдын ала кайрылуу сотко чейинки тартипти сактоо болуп саналат. Жазалоо колдонулгандыгы тууралуу фактыны күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнүн негизинде аныктоодо, соттор далилдер менен байланышкан маселелерди жөнгө салган ЖПК 8-главасынын талаптарын жетекчиликке алышы керек. Саясий куугунтукту колдонуу фактысын аныктоо жөнүндө талаптар кийин тийиштүү акчалай компенсация алуу максатында берилсе, прокурорго милдеттүү түрдө билдирүү жиберүү менен каралууга жатат. -- 12 of 14 --
Соттор тарабынан төмөндөгү арыздар каралууга жатпайт: - иш жүзүндө никеде болгондугунун фактысын аныктоо тууралуу; - адамдарга партиялык, профсоюздук билеттердин, аскер билетинин, аскер кызматкеринин өздүк күбөлүгүнүн, паспорттун, жарандык актыларды каттоо органдары берген күбөлүктөрдүн таандуулугун аныктоо жөнүндө; - орденге же медалга берилген күбөлүктү анда көрсөтүлгөн аты, атасынын аты жана фамилиясы туура келбеген жаранга таандык деп таап берүү жөнүндөгү арыздар, анткени бул маселелер күбөлүктү берген орган тарабынан чечилет; - Чернобыль катастрофасынан жапа чеккен адамдарга, согуштун ардагерлерине жана майыптарына караштуулугун, аскердик кызмат өтөө, фронтто болуу, партизан отряддарында болуу, аскер кызматынын милдеттерин аткарууда жаракат жана контузия алуу, Баткен окуяларына катышуу фактыларын аныктоо тууралуу; - эмгекке жарамдуулугун жоготуунун даражасын жана себептерин, майыптуулуктун топторун, анын болуусунун убактысын аныктоо жөнүндө; - окуу жайын бүтүрүү жана тийиштүү билим алуу фактысын аныктоо жөнүндө; - өкмөттүн сыйлыктарын алуу фактысын аныктоо жөнүндө; - эмгек стажын аныктоо жөнүндө; - менчигин алып салуу менен байланышкан юридикалык фактыны аныктоо, (мисалы, менчиктештирүүдө (приватизацияда) катышпаган фактысын); - жарандардын жашын жана улутун белгилөөгө тууралуу. Тийиштүү органдын мындай фактыларды аныктоодон баш тартуусу кызыкдар жактар тарабынан сотко мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте даттанылышы мүмкүн. Соттор, документтерде ар кандай жазылган адамдардын аттарынын, атасынын аттарынын, фамилияларынын окшоштугун белгилей албайт, ошондой эле фамилияны белгилөөгө же өзгөртүүгө, документтерде ар башкача көрсөтүлгөн адамдарды, бир эле адам деп аныктоого укуксуз.
Юридикалык мааниси бар фактыларды аныктоо жөнүндө иш боюнча чыгарылган чечим ЖПК 202-бер. талаптарына ылайык келиш керек. Анда сот тарабынан аныкталган жагдайлар боюнча жыйынтыктын тууралыгын ырастаган далилдер келтирилип жана кандай максатта факты белгиленгени көрсөтүлүшү керек. Чечимдин корутунду бөлүгүндө документтерди тиешелүү түрдө жол-жоболоштуруу үчүн зарыл маалыматтарды көрсөтүү зарыл. Атап айтканда: а) туугандык мамилелеринин фактысын аныктоодо каза болгон адамдын фамилиясын, атын, атасынын атын, төрөлгөн мезгилин, улутун, өлгөн мезгилин жана арыз берген адамдын фамилиясын, атын, атасынын атын, төрөлгөн мезгилин, улутун, тууганчылык даражасын; б) төрөлүүнү, асырап алууну, никени, ажырашууну жана өлүмдү каттоо фактысын аныктоодо арыз берген адамдын фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган жерин жана туулган мезгилин, атасынын фамилиясын, атын, анын атасынын атын жана улутун, энесинин фамилиясын, атын, атасынын атын жана улутун, каттоонун ордун жана мезгилин, ошондой эле тиешелүү актыларды каттоону жүргүзгөн органдын аталышын; -- 13 of 14 -- в) өлүм фактысын аныктоодо каза болгон адамдын фамилиясын, атын, атасынын атын жана туулган жерин, каза болгон мезгилин жана жерин (айыл, район, шаар); г) аталыкты тануу фактысын аныктоодо баланын атасынын фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган мезгилин, улутун, энесинин фамилиясын, атын, атасынын атын туулган мезгилин, улутун, ошондой эле бала жөнүндө бардык анкеталык маалыматтарды (фамилиясын, атын, атасынын атын, төрөлгөн жерин жана мезгилин); д) укук белгилөөчү документтердин таандыгын аныктоодо документтин аталышын, ким тарабынан берилгенин, берилген мезгилин, кимге берилгендигин, номерин жана сериясын, ошондой эле документ тиешелүү болгон адамдын фамилиясын, атын, атасынын атын (паспорту же туулгандыгы тууралуу күбөлүк боюнча) көрсөтүү керек.
Бул токтомду кабыл алууга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун 2010-жылдын 29-январындагы "Юридикалык мааниси бар фактыларды аныктоо тууралуу иштер боюнча сот тажрыйбасы жөнүндө" № 1 токтому күчүн жоготту деп эсептелсин. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Г.Калиева Пленумдун катчысы, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Ч.Садырова -- 14 of 14 --