Разъяснение обязательно для судов (ст. 98 ч. 3 Конституции КР), но нормативным правовым актом не является: в документах ссылайтесь на статью закона, а на пункт Пленума — как на толкование.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН ПЛЕНУМУНУН ТОКТОМУ 2025-жылдын 25-декабры Бишкек шаары № 42 Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун 2018-жылдын 30-мартындагы № 8 “Жарандык иштерди соттук териштирүүгө даярдоо жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (КР Жогорку сотунун Пленумунун 2025-жылдын 15-июнундагы № 19 токтомунун редакциясы) Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик мыйзамдарынын өзгөрүшүнө байланыштуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун токтомдорун инвентаризациялоонун алкагында “Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесинин 7-пунктун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Регламентинин 3.2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленуму т о к т о м к ы л а т:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун 2018-жылдын 30-мартындагы №8 “Жарандык иштерди соттук териштирүүгө даярдоо жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 1) токтомдун 9.1. пункту төмөнкүдөй мазмунда баяндалсын: “Тараптар алдын ала сот жыйналышын жүргүзүүнүн убактысы жана орду жөнүндө төмөнкүдөй ыкмалардын бири менен кабардар кылынат: СМС-билдирүү, билдирүүлөрдү кепилденген жеткирүү сервиси, телефонограмма, телеграмма аркылуу, факсимилдик байланыш, электрондук почта боюнча же сот тарабынан тиешелүү кабарлоонун жөнөтүлгөндүгүн жана дарек ээси тарабынан алынгандыгын жазууга мүмкүндүк берүүчү телекоммуникациялардын башка ушул сыяктуу формалары боюнча. Жогоруда көрсөтүлгөн ыкмаларды пайдалануу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда кабарлоо соттун чакыруу каты менен жүзөгө ашырылат. Кабарлоо, соттун чакыруу каты дарек ээсине тапшырылгандыгы жөнүндө кайра билдирилүүчү тапшырык кат түрүндө жөнөтүлөт (Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 12-главасы 128-берене). Ишке катышуучу жактардын келбей калуусу алдын ала сот жыйналышында ишти даярдоо боюнча маселелерди кароого тоскоолдук кылбайт. Жоопкердин мажбурлап алып келинишине жол берилбейт”. -- 1 of 9 --
Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Регламенти менен белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрагасы М.А. Сатыев Пленумдун катчысы, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Т.Т. Чаргынова -- 2 of 9 -- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН ПЛЕНУМУНУН ТОКТОМУ 2018-жылдын 30-марты Бишкек шаары № 8 Жарандык иштерди соттук териштирүүгө даярдоо жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун 2025-жылдын 15-июнундагы № 19, 2025- жылдын 25-декабрындагы №42-токтомдорунун редакцияларына ылайык) Жарандык иштерди өз убагында жана туура чечүүнү камсыз кылуунун негизги шарттарынын бири болуп аларды соттук териштирүүгө даярдоону талаптагыдай жүргүзүү саналат. Жарандык иштерди соттук териштирүүгө даярдоону жөнгө салган мыйзамды туура жана бирдиктүү колдонууну камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 18-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленуму (КР ЖС Пленумунун 2025-жылдын 15-июнундагы № 19 токтомунун редакциясына ылайык) т о к т о м к ы л а т:
Ишти соттук териштирүүгө даярдоо жарандык процесстин милдеттүү стадиясы болуп саналып, тараптардын жана ишке катышуучу жактардын катышуусу менен судья тарабынан жүргүзүлөөрүнө соттордун көңүлү бурулсун (КР ЖПК 150-бер. 3-бөл.).
Судья арызды өндүрүшкө кабыл алуу жөнүндө аныктама чыгаргандан кийин гана ишти соттук териштирүүгө даярдоого киришүүгө укуктуу (КР ЖПК 136-бер. 2-бөл.). Доо арызды доогер соттун арызды кыймылсыз калтыруу жөнүндө аныктамада көрсөтүлгөн талаптарды сактабастан берилгендигинен улам кайтарып бергенде (ЖПК 139-беренеси), сот арызды кайтарып берүүнүн негиздерин көрсөтүү менен доогерге арызды кайтарып берүү жөнүндө аныктама чыгарат. Бул соттук аныктама процессуалдык мыйзамдарда белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн. Доо арызды кабыл алуудан баш тартуу (КР ЖПК 137-бер.), доо арызды кайтарып берүү (КР ЖПК 138-бер.) жана доо арызды кыймылсыз калтыруу (КР ЖПК 139-бер.) жарандык ишти козгоо стадиясында гана жүргүзүлөрү, андай аракеттер ишти соттук териштирүүгө даярдоо стадиясында мүмкүн эместиги сотторго түшүндүрүлсүн. (КР ЖС Пленумунун 2025-жылдын 15-июнундагы № 19 токтомунун редакциясына ылайык)
Судья ишти соттук териштирүүгө даярдоо жөнүндө аныктама чыгарып, анда КР ЖПК 152-беренесине ылайык ишти соттук териштирүүгө даярдоодо тараптар жана ишке катышуучу башка жактар тарабынан жүргүзүлө турган аракеттерди жана аларды жүргүзүүнүн мөөнөттөрүн көрсөтөт. Ушул эле аныктамада, КР ЖПК 153-беренесинде каралган ишти соттук териштирүүгө даярдоодо жүргүзө турган судьянын аракеттери көрсөтүлөт. -- 3 of 9 -- Маңызы боюнча мурун чыгарылган сот актысы, ошондой эле иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө аныктама жокко чыгарылган учурда, судья ишти кароонун алдында да аны соттук териштирүүгө даярдоо жөнүндө аныктама чыгарат (КР ЖПК 150-бер. 4-бөл.). Ишти соттук териштирүүгө даярдоо жөнүндө аныктама даттанууга жатпагандыгы жана анын көчүрмөсү тараптарга жөнөтүлбөгөндүгү сотторго түшүндүрүлсүн.
Судья ишти соттук териштирүүгө даярдоо тартибинде жоопкерге доого карата жазуу жүзүндөгү каршы пикирин судья белгилеген мөөнөттө берүүнү сунуш кылат. Ошол эле учурда жоопкердин доого жазуу жүзүндөгү каршы пикир келтирбегендиги ишти анда бар болгон далилдер боюнча кароого тоскоол кылбагандыгын соттор эске алышы керек (КР ЖПК 152,153).
Ишти соттук териштирүүгө даярдоонун төмөнкү милдеттерине (максаттарына) соттордун көңүлү бурулсун: 1) ишти туура чечүү үчүн мааниси бар жагдайларды тактоо; 2) тараптардын укук мамилелерин жана жетекчиликке алына турган мыйзамды аныктоо; 3) ишке катышуучу жактардын курамы жөнүндө маселени чечүү; 4) тараптардын жана ишке катышуучу жактардын зарыл далилдерди берүүсүн камсыз кылуу; 5) тараптардын жарашуусу. Көрсөтүлгөн ар бир милдет процесстин бул стадиясында зарыл болуп саналат жана алардын бирин аткарбай коюу соттук териштирүүнү негизсиз создуктурууга жана соттук катачылыктарга алып келиши мүмкүн. 5.1. Ишти туура чечүү үчүн мааниси бар жагдайларды тактоо иретинде ишке катышуучу жактардын талаптарынын жана каршы пикирлеринин негизинде колдонулууга тийиш болгон укук ченемдерин эске алуу менен юридикалык фактылар аныкталышы керектиги сотторго түшүндүрүлсүн. Иш үчүн мааниси бар жагдайларды аныктоо судья тарабынан жүзөгө ашырылат (КР ЖПК 65-бер.). 5.2. Сот тараптардын укук мамилелерин жана жетекчиликке алына турган мыйзамды аныктоодо доонун предметин жана негиздерин, жоопкердин каршы пикирин жана ишти туура чечүү үчүн юридикалык мааниси бар башка жагдайларды эске алуусу керек. Ошол эле учурда доонун негизи катары доогер тарабынан көрсөтүлгөн конкреттүү укук ченем судья үчүн аныктоочу болуп эсептелинбейт. 5.3. Соттор ишке катышуучу жактардын курамы жөнүндө маселени чечүүдө тараптардын ортосундагы укук мамилелерди талдоодон жана алардын конкреттүү укуктарын жана милдеттерин аныктоодон баштоого тийиш. Ишке катышууга тартылбаган жактардын укуктары жана милдеттери жөнүндө маселени чечүү процесстик укуктун ченемдерин олуттуу бузуу болуп саналат, ошондуктан ишти соттук териштирүүгө даярдоо стадиясында аталган талаптардын аткарылбашы жогорудагы соттук инстанциясы тарабынан жокко чыгарууга негиз болгон мыйзамсыз жана негизсиз чечимдин кабыл алынышына алып келиши мүмкүн (КР ЖПК 341-бер. 1-бөл. 7-п.). КР ЖПК 153-беренесинин 3-пунктуна ылайык судья ишти соттук териштирүүгө даярдоодо кошо доогерлерди, кошо жоопкерлерди жана үчүнчү жактарды ишке кошуу жөнүндө тараптардын өтүнүчүн чечет. -- 4 of 9 -- Ошону менен бирге, мыйзамда каралган учурларда, сот тараптардын өтүнүчү же өзүнүн демилгеси боюнча кошо жоопкерди (кошо жоопкерлерди) ишке катышуу үчүн тартууга укуктуу. Соттун ишке катышууга тартуу жөнүндө же андайдан баш тартуу жөнүндө аныктамасы даттанууга жатпайт (КР ЖПК 41-бер. 3-б., 153-бер. 3-п.). Эгерде доо талашылып жаткан укуктарга ээ бардык жактар тарабынан коюлбаса, судья ал жактардын макулдугусуз аларды кошо доогерлер катары ишке тартууга укуксуз, анткени диспозитивдүүлүктүн принциптерине ылайык, талап коюуга укугу бар жак өзүнүн укуктарын өз ыктыяры боюнча тескейт (КР ЖПК 11-бер.). Сот ишти даярдоодо же аны сотто териштирүү убагында, доо ал боюнча жооп берүүгө тийиш эмес жакка коюлуп калгандыгын белгилесе, анда сот доогердин өтүнүчү боюнча гана талаптагыдай эмес жоопкерди талаптагыдай жоопкер менен алмаштыра ала тургандыгына соттордун көңүлү бурулсун. Талаптагыдай эмес жоопкерди алмаштыруу жөнүндө аныктама чыгарылат, ал даттанууга жатпайт. Талаптагыдай эмес жоопкерди алмаштыргандан кийин ишти соттук териштирүүгө даярдоо кайра башынан жүргүзүлөт (КР ЖПК 42-бер.). Тараптар (доогер жана жоопкер), үчүнчү жактар, прокурор, башка жактардын укуктарын коргоо үчүн сотко кайрылуучу жактар же КР ЖПК 5, 49, 50-беренелеринде каралган негиздер боюнча корутунду берүү максатында процесске киришүүчү (кошулуучу) жактар, арыз берүүчүлөр, өзгөчө өндүрүштүн иштери боюнча кызыкдар жактар ишке катышуучу жактар деп таанылат (КР ЖПК 36-бер.). Ошону менен бирге, прокурор, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары иш боюнча материалдык-укуктук кызыкчылыктарга ээ эместигин, алардын иштин жыйынтыгына гана процессуалдык кызыкчылыктары (КР ЖПК 48, 49- бер.) бар экендигин соттор эске алуусу зарыл. Ошол эле учурда алар ишке катышуучу жактар болуп саналышат жана жарашуу макулдашуусун түзүүдөн тышкары доогердин бардык процесстик укуктары менен пайдаланышат. 5.4. Зарыл далилдерди берүүнү камсыз кылуу боюнча милдетти (максатты) аткарууда судья кээ бир жагдайларды далилдөө милдети кимге жүктөлгөндүгү боюнча түшүндүрмө берет жана тараптардын же ишке катышуучу башка жактардын өтүнүчү боюнча ишти туура чечүү үчүн мааниси бар жазуу жана буюм түрүндөгү далилдерди, аудио жана видео жазууларды жарандардан жана уюмдардан талап кылуу боюнча көмөк көрсөтөт. Далилдер тараптар жана ишке катышуучу башка жактар тарабынан берилет (КР ЖПК 66-бер.). Сот берилген далилдердин ичинен иш үчүн мааниси бар болгон далилдерди гана (далилдердин тиешелүүлүгү) кабыл алат (КР ЖПК 68-бер.). Мыйзам боюнча белгилүү бир далилдөө каражаттары менен ырасталууга тийиш болгон иштин жагдайлары эч кандай башка далилдөө каражаттары менен ырасталышы мүмкүн эмес (далилдердин жол берилүүчүлүгү) (КР ЖПК 69-бер.). Эгерде бир тарап далилди өзүндө кармап турса жана соттун талабы боюнча бербесе, башка тарап билдирген түшүндүрмөлөрдүн негизинде сот иш үчүн мааниси бар жагдайларды аныкталды деп эсептей ала тургандыгы боюнча КР ЖПК 77-беренесинин 1- бөлүгүндө каралган жоболорду сот тараптарга түшүндүрүүгө милдеттүү экендигине көңүл бурулсун. -- 5 of 9 -- КР ЖПК 70-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык тарап башка тарап талашпаган фактыларды далилдөөгө тийиш эмес. Ал эми КР ЖПК 77-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык бир тарап өз талаптарын жана каршы пикирлерин негиздеген фактыларды башка тараптын моюнга алышы, биринчи тарапты бул жагдайларды андан ары далилдөөдөн бошотот. 5.5. Ишти соттук териштирүүгө даярдоонун милдеттеринин бири болуп тараптардын жарашуусу саналат. Диспозитивдүүлүктүн принцибине ылайык тараптар процесстин ушул эле стадиясында ишти жарашуу макулдашуусу менен бүтүрө алышат. Жарашуу макулдашуусу менен бүткөн иштин артыкчылыктарын (мамлекеттик алымды жарым- жартылай төлөө), ошондой эле өзүнүн юридикалык таасири боюнча жарашуу макулдашуусун бекитүү жөнүндө аныктама соттун чечиминен кем эместиги жана зарыл учурда мажбурлап аткарылууга тийиш экендигин тараптарга түшүндүрүү судьянын милдети болуп саналат. Жарашуу макулдашуусунун шарттарын текшерүү, анын бекитүүнүн натыйжасын жана иш боюнча сот өндүрүшү токтотулушу, ошондой эле аткаруу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу тараптарга түшүндүрүү чоң мааниге ээ (КР ЖПК 43- бер. 4-бөл., 175-бер.). Сотко ведомстволук караштуулуктагы талаш, тараптардын макулдугу менен бейтарап соттун кароосуна өткөрүлүп берилиши мүмкүн. Бул учурда судья тараптарга талашты бейтарап сотко берүү макулдашуусун түзүү укугун, талашты бейтарап ыкма менен чечүүнүн маанисин, бейтарап соттун чечиминин аткаруу тартибин, жана ал негиздер менен иш боюнча өндүрүштү токтотуунун натыйжасын түшүндүрүүгө милдеттүү (КР ЖПК 220-бер. 10-п.). Мындан тышкары, судья тараптарга алардын талашты медиация аркылуу жөнгө салуу укугун түшүндүрөт жана тараптарды медиатор менен милдеттүү маалыматтык жолугушууга жөнөтүүгө укуктуу (КР ЖПК 153-бер. 13-п.).
Ишти соттук териштирүүгө даярдоо тартибинде, сот доону камсыз кылуу жөнүндө маселени чечүүдө бир гана ишке катышуучу жактардын арызы боюнча доону камсыз кылуу үчүн чараларды көрүүгө тийиш экендиги сотторго түшүндүрүлсүн. Ушул маселелерди кароо КР ЖПК 142-148-беренелерине ылайык жүргүзүлөт. Доону камсыз кылуу жөнүндө бардык маселелер боюнча аныктама чыгарылат, ал аныктама КР ЖПК каралган тартипте даттанылышы мүмкүн.
Жогоруда көрсөтүлгөн аракеттерден тышкары, ишти соттук териштирүүгө даярдоодо судья ишке катышуучу жактарга алардын процесстик укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт; кечиктирүүгө болбогон учурларда, ишке катышуучу жактарга билдирүү менен жазуу жүзүндөгү жана буюмдук далилдерди жеринде карап көрөт; сот тапшырмаларын жөнөтөт.
Ишти соттук териштирүүгө даярдоо жана ишти соттук териштирүүгө дайындоо боюнча конкреттүү мөөнөттөр Жарандык процесстик кодекси менен каралбагандыктан, ишти даярдоо анын жалпы кароо мөөнөтүнүн чегинде жүргүзүлөт.
КР ЖПК 154-беренесине ылайык алдын ала сот жыйналышы (отуруму) - жаңы институту киргизилгендигине жана андай сот жыйналышы (отуруму) ишти соттук териштирүүгө даярдоодо судья тарабынан өткөрүлгөндүгүнө соттордун көңүлү бурулсун. Алдын ала сот жыйналышы (отуруму) КР ЖПК 15-главасында белгиленген алып салуулар жана толуктоолор менен соттук териштирүүнүн эрежелери боюнча өткөрүлөт. -- 6 of 9 -- Алдын ала сот жыйналышынын (отурумунун) өткөрүлүүчү күнү, убактысы жана орду ишти соттук териштирүүгө даярдоо жөнүндө аныктамада көрсөтүлөт. Алдын ала сот жыйналышын (отурумун) дайындоо тууралуу өзүнчө аныктама чыгарылбай тургандыгы сотторго түшүндүрүлсүн. Тараптар алдын ала сот жыйналышында (отурумунда) далилдерди берүүгө, жүйөлөрдү жана өтүнүч келтирүүгө укуктуу. 9.1. Тараптар алдын ала сот жыйналышын жүргүзүүнүн убактысы жана орду жөнүндө төмөнкүдөй ыкмалардын бири менен кабардар кылынат: СМС-билдирүү, билдирүүлөрдү кепилденген жеткирүү сервиси, телефонограмма, телеграмма аркылуу, факсимилдик байланыш, электрондук почта боюнча же сот тарабынан тиешелүү кабарлоонун жөнөтүлгөндүгүн жана дарек ээси тарабынан алынгандыгын жазууга мүмкүндүк берүүчү телекоммуникациялардын башка ушул сыяктуу формалары боюнча. Жогоруда көрсөтүлгөн ыкмаларды пайдалануу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда кабарлоо соттун чакыруу каты менен жүзөгө ашырылат. Кабарлоо, соттун чакыруу каты дарек ээсине тапшырылгандыгы жөнүндө кайра билдирилүүчү тапшырык кат түрүндө жөнөтүлөт (Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 12-главасы 128- берене). Ишке катышуучу жактардын келбей калуусу алдын ала сот жыйналышында ишти даярдоо боюнча маселелерди кароого тоскоолдук кылбайт. Жоопкердин мажбурлап алып келинишине жол берилбейт. (КР ЖС Пленумунун 2025-жылдын 25-декабрындагы № 42-токтомунун редакциясына ылайык) 9.2. КР ЖПК 215, 216, 220, 222-беренелеринде каралган негиздер болгон учурда, алдын ала соттук жыйналышта иш боюнча өндүрүштү токтото туруу же токтотуу же болбосо арызды кароосуз калтыруу жагы каралган. Бул учурда сот жүйөлөнгөн аныктама чыгарат, ал КР ЖПК каралган учурларда жана тартипте даттанылышы мүмкүн. Ошол эле учурда алдын ала сот жыйналышынын жүрүшүндө КР ЖПК 222- беренесинин 5 жана 6-пункттарында каралган негиздер боюнча соттор арызды кароосуз калтырууга укуксуз экендиги эске алынышы керек, анткени ал негиздер алдын ала сот жыйналышына эмес, ишке катышуучу жактардын соттук териштирүүнүн стадиясындагы сот жыйналышына келбей коюшуна тиешелүү. 9.3. Алдын ала сот жыйналышында доонун же сотко кайрылуу мөөнөтүнүн эскиришин мыйзамда белгиленген тартипте колдонуу жөнүндө маселе доогердин катышуусу менен гана каралышы мүмкүн. Сотко кайрылуу мөөнөтү же доонун эскирүү мөөнөтү жүйөлүү себептерсиз өткөрүп жиберилгендиги тастыкталган учурда судья иш боюнча башка жагдайларды иликтебестен доодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат (КР ЖПК 154-бер. 6-бөл). Эгерде сотко кайрылуу мөөнөтү же доонун эскирүү мөөнөтү жүйөлүү себептерсиз өткөрүп жиберилгендиги тууралуу тыянакка келүүгө жетиштүү негиздер болбогон учурда, иш соттук териштирүүгө дайындалышы керектиги сотторго түшүндүрүлсүн. Соттук териштирүүнүн жүрүшүндө жоопкер сотко кайрылуу мөөнөтү же доонун эскирүү мөөнөтү доогер тарабынан өткөрүлгөндүгү тууралуу кайра каршы пикир (өтүнүч) келтирүүгө укуктуу. Бирок жарандык сот өндүрүшүнүн максаттарына ылайык (КР ЖПК 3-бер.) иштин жагдайларын иликтөөдө сотко чектөө коюлушу мүмкүн эмес. -- 7 of 9 -- 9.4. Алдын ала сот жыйналышында жоопкер доону мойнуна алган учурда (КР ЖПК 43-бер. 2-бөл.) сот иш боюнча башка факты жүзүндөгү жагдайларды иликтөөсүз доону канааттандыруу жөнүндө чечим кабыл алат. Ошону менен бирге доону мойнуна алуу жазуу жүзүндө жол-жоболоштурулуп, иштин материалдарына тиркелүүгө тийиш. Өзгөчө өндүрүштөгү иштер боюнча соттун чечими алдын ала сот жыйналышында (отурумунда) чыгарылбагандыгын соттор эске алуусу керек. 9.5. Алдын ала сот жыйналышы (отуруму) бир жолу өткөрүлөт, бирок 10 күндөн (КР ЖПК 171-бер. 6-бөл.) ашпаган мөөнөткө тыныгуу жарыялаганга жол берилет. Тыныгуулардын саны мыйзам менен чектелбейт, бирок соттор ишти кароого жана чечүүгө бөлүнгөн мөөнөттүн чегинен чыкпашы керектигин, бул мөөнөт кыска болушу мүмкүн экендигин эске алуу керек. Эгерде алдын ала сот жыйналышында (отурумунда) иш боюнча өндүрүш токтотулуп турган учурда, анда өндүрүш кайра жаңыртылгандан кийин кайрадан алдын ала сот жыйналышы (отуруму) өткөрүлүшү мүмкүн. 9.6. Иш соттук териштирүүгө даяр болгондо сот иш боюнча соттук териштирүүнү алдын ала сот жыйналышынан кийин эле тараптардын макулдугу менен жүргүзөт, бул тууралуу ишти соттук териштирүүгө дайындоо жөнүндө аныктама чыгарылат. Бул учурда өзүнчө аныктама чыгаруу талап кылынбайт, ал жөнүндө алдын ала сот жыйналышынын (отурумунун) протоколуна киргизүү жетиштүү. Эгерде алдын ала сот жыйналышына тараптардын бири катышпаса же тараптардын бири соттук териштирүүнү алдын ала сот жыйналышына кийин дароо жүргүзүүгө макул болбосо, анда сот алдын ала сот жыйналышынан кийин дароо соттук териштирүүнү өткөрүүгө укугу жок. Бул учурда судья ишти даяр болду деп таанып, ишти сот жыйналышында териштирүүгө дайындоо жөнүндө аныктама чыгарат, ишти кароонун күнү, убактысы жана орду жөнүндө тараптарга жана процесстин башка катышуучуларына кабарлайт (КР ЖПК 155-бер.). Ишти соттук териштирүүгө дайындоо жөнүндө аныктама кеңешүү бөлмөсүнө кетпестен чыгарылат жана ал даттанууга жатпайт. 9.7. Алдын ала сот жыйналышында (отурумунда) КР ЖПК 22-главасына ылайык протокол жүргүзүлөт.
Талаптар бир нече доогер тарабынан же бир нече жоопкерге карата коюлганда, эгерде талаптарды бөлүп кароону максатка ылайыктуу деп тапса, судья талаптардын бирин же бир нечесин өзүнчө өндүрүшкө бөлүүгө укуктуу экендигине соттордун көңүлү бурулсун. Эгерде соттун өндүрүшүндө ошол эле тараптар катышкан бир түрдүү бир нече иш же болбосо бир эле доогердин ар кандай жоопкерлерге карата же ар кандай доогерлердин бир эле жоопкерге карата доолору боюнча бир нече иш бар болсо, эгерде аларды бириктирүү талаштарды кыйла тез жана туура кароого алып келсе, анда судья аларды бирдикте кароо үчүн бир өндүрүшкө бириктирүүгө укуктуу (КР ЖПК 156-бер.). Доо өндүрүшү тартибинде каралуучу талаптар менен башка тартипте (мисалы: өзгөчө өндүрүш же административдик иштер боюнча өндүрүш тартибинде) каралуучу талаптар, аларды кароо жана чечим чыгаруу өзгөчөлүктөрүн эске алып бир өндүрүштө каралбай тургандыгы сотторго түшүндүрүлсүн. -- 8 of 9 -- Иштерди бир өндүрүшкө бириктирүү же аларды бөлүү жөнүндө жана ал аракеттерди жасоодон баш тартуу жөнүндө соттун аныктамасы даттанылууга жатпайт. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы А. Токбаева Пленумдун катчысы, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы К. Осмоналиев -- 9 of 9 --