Разъяснение обязательно для судов (ст. 98 ч. 3 Конституции КР), но нормативным правовым актом не является: в документах ссылайтесь на статью закона, а на пункт Пленума — как на толкование.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН ПЛЕНУМУНУН ТОКТОМУ 2025-жылдын 25-декабры Бишкек ш. №37 “Моралдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндө мыйзамдарды колдонуудагы соттук практиканын айрым маселелери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун 2004‑жылдын 4‑ноябрындагы № 11 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу “Моралдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндө мыйзамдарды колдонуудагы соттук практиканын айрым маселелери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун 2004‑жылдын 4‑ноябрындагы №11-токтомун колдонуудагы мыйзамдарга ылайык келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 98‑беренесинин 3‑бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленуму, т о к т о м к ы л а т:
“Моралдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндө мыйзамдарды колдонуудагы соттук практиканын айрым маселелери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун 2004‑жылдын 4‑ноябрындагы №11-токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 1) Токтомдун преамбуласынын үчүнчү абзацындагы “Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине” деген сөздөр менен алмаштырылсын жана андан ары текст боюнча; 2) токтомдун 5-пунктунда моралдык зыяндын ордун толтуруу маселелери жөнгө салынуучу ченемдик укуктук актылардын көрсөтүлгөн тизмеги жаңы редакцияда баяндалсын: - “2025-жылдын 8-августунан тартып күчүнө кирген “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренеси; 1996- жылдын 1-июнунан тартып күчүнө кирген КР ГКнын биринчи бөлүгүнүн 11, 16, 17, 18- беренелери; 1998-жылдын 1-мартынан тартып күчүнө кирген КР ГКнын экинчи бөлүгүнүн 1027, 1028-беренелери; 2025-жылдын 28-январынан тартып күчүнө кирген КР ЭКнын 9, 16, 129, 220, 246-беренелери; 1997-жылдын 19-декабрынан тартып күчүнө кирген “Журналисттин кесиптик ишмердүүлүгүн коргоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 5- беренеси; 1997-жылдын 24-декабрынан тартып күчүнө кирген “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 14-беренеси; 1999-жылдын 6-январынан тартып күчүнө кирген “Жарнама жөнүндө” КР Мыйзамынын 31-беренеси; 1998-жылдын 23-январынан тартып күчүнө кирген “Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө” КР Мыйзамынын 49-беренеси; 1999-жылдын 7-апрелинен тартып күчүнө кирген “Туризм жөнүндө” КР Мыйзамынын 6-беренеси; 1998-жылдын 6-мартынан тартып күчүнө кирген “Электр байланыш жөнүндө” КР Мыйзамынын 39-беренеси; 2026-жылдын 5-февралынан -- 1 of 18 -- тартып күчүнө киргизиле турган КР Санарип кодексинин 66-беренеси; 2023-жылдын 28- мартынан тартып күчүнө кирген “Кыргыз Республикасында риэлтордук иш жөнүндө” КР Мыйзамынын 35-беренеси; 2003-жылдын 5-сентябрынан тартып күчүнө кирген КР Үй- бүлө кодексинин 31-беренеси; Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 37, 40, 47, 132, 135, 256, 258, 261, 268, 278, 287, 293, 357, 415, 438- беренелери; 3) Токтомдун 8-пунктундагы “Жарандык кодекстин 1027-беренесинин 3-пункту” деген сөздөр “КР ГКнын 1027-беренесинин 3-бөлүгү” деген сөздөргө алмаштырылсын жана мындан ары текст боюнча; 4) Токтомдун бардык пункттарында “Жарандык кодекстин беренесинин пункту” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдө “КР ГКнын беренесинин бөлүгү” деген сөздөргө алмаштырылсын” 5) Токтомдун 9-пункту боюнча: - экинчи абзацта “(ЖПКнын 13-беренесинин 7-пункту)” деген сөздөр “(ГКнын 1028- беренесинин 2-бөлүгү)” деген сөздөргө алмаштырылсын; - он төртүнчү абзацта “Жарандык процессуалдык кодекстин 201-беренесинин 4- пункту» деген сөздөр «КР ЖПКнын 202-беренесинин 4-бөлүгү” деген сөздөргө алмаштырылсын. 6) Токтомдун 14-пункту боюнча: - экинчи абзацта “Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” Мыйзамдын 2,3,4,46-беренелери деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 10, 13-беренелери” деген сөздөргө алмаштырылсын; - үчүнчү абзацта “39, 40-беренелер” деген сөздөр “41, 42-беренелер” деген сөздөргө алмаштырылсын; - төртүнчү абзацта “(Мамлекеттик кызмат жөнүндө” Мыйзамдын 41-беренеси)” деген сөздөр “(Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамдын 26-беренеси)” деген сөздөргө алмаштырылсын; 7) Токтомдун 18-пункту боюнча: - биринчи абзацта “2004-жылдын 1-июлу” деген сөздөр “2025-жылдын 28-январы” деген сөздөргө алмаштырылсын; - биринчи абзацта “248, 253-беренелер”, “421-берене”, “423-берене” деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша “129, 220-беренелер”, “16-берене”, “246-берене” деген сөздөргө алмаштырылсын. 8) Токтомдун 21-пунктунда “Жарандык процессуалдык кодекстин 136-беренесинин 1-пунктунун 3-пункчасы, 221-беренесинин 9-пункту боюнча кайтарылууга, ал эми козголгон иш өндүрүштөн токтотулууга” деген сөздөр “ЖПКнын 220-беренесинин 11- пункту менен өндүрүштөн токтотулууга” деген сөздөргө алмаштырылсын. 9) Токтомдун 22-пунктунда “Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө” Мыйзамы” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын “Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө” Мыйзамы” деген сөздөргө алмаштырылсын жана мындан ары тест боюнча; 10) Токтомдун 23-пункту боюнча: - биринчи абзацта “(ЖПКнын 29-беренесинин 4,7,9-пункттары)” деген сөздөр “(ЖПКнын 31-беренесинин 4, 7-бөлүктөрү)” деген сөздөргө алмаштырылсын; - экинчи абзацта “417-берененин 1-бөлүгү” деген сөздөр “135-берене” деген сөздөргө алмаштырылсын; -- 2 of 18 -- 11) Токтомдун 24-пункту боюнча: - биринчи абзацта “Мамлекеттик алым жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы”, тактап айтканда туруктуу акча суммасында” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 токтому менен бекитилген мамлекеттик алымдын ставкалары (2-пункттун 6-пункчасы)” деген сөздөргө алмаштырылсын; - төртүнчү абзацта “ЖПКнын 102-беренесинин 1-пунктунун 1,2,4,9,10-пункчалары” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 141-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,4,8,22-пункттары” деген сөздөргө алмаштырылсын; - бешинчи абзацта “Жарандык процессуалдык кодекстин 114-беренеси” деген сөздөр “КР ЖПКнын 113-беренеси” деген сөздөргө алмаштырылсын. 12) Токтомдун 25-пункту боюнча: - биринчи абзацта “КЖПКнын 50-беренесинин 1-бөлүгүнүн 22-пункту, 52- беренесинин 1-бөлүгү” деген сөздөр “КЖПКнын 6, 40, 81, 97, 354-беренелери” деген сөздөргө алмаштырылсын; - экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “Моралдык зыяндын ордун толтуруу маселеси чечилген жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмү ушул бөлүгүндө жарандык сот өндүрүшүнүн жүрүшүндө чечилбей калган маселелер боюнча сот үчүн милдеттүү болуп саналат”; - үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “Келтирилген моралдык зыян үчүн акчалай түрдө компенсациялоо жөнүндө укуктарын калыбына келтирүүдө реабилитацияланган доо жарандык сот өндүрүшү тартибинде коюлат”. 13) Токтомдун 26-пунктунда “(КЖПКнын 422-беренесинин 2-бөлүгү)” деген сөздөр “ГКнын 999-беренеси, 1027-беренеси” деген сөздөргө алмаштырылсын. 14) Токтомдун 27-пункту боюнча: - биринчи абзацта “Жарандык процессуалдык кодекстин 132-беренеси” деген сөздөр “КР ЖПКнын 134-беренеси” деген сөздөргө алмаштырылсын жана мындан ары текст боюнча; - экинчи абзацта “Жарандык процессуалдык кодекстин 201-беренеси” деген сөздөр “КР ЖПКсынын 200-беренеси” деген сөздөргө алмаштырылсын.
Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Регламенти менен белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы М.А. Сатыев Пленумдун катчысы, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Т.Т. Чаргынова -- 3 of 18 -- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН ПЛЕНУМУНУН ТОКТОМУ 2004-жылдын 4-ноябры Бишкек шаары №11 Моралдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндөгүмыйзамдарды колдонуунун соттук тажрыйбасынынкээ бир маселелери туурасында (КР ЖС Пленумунун 2025-жылдын 25-декабрындагы №37- токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык жарандарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Конституциясында бекитилген бардык укугу менен жана эркиндиги сот тарабынан корголушунун кепилдиги берилет, ар бир адамдын материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтуруу укугу кепилдикке алынат. Моралдык зыяндын ордун толуктоо Кыргыз Республикасынын КР ГКсында каралган, бузулган жарандык укуктар менен эркиндиктерди коргоонун жолдорунун бири болуп саналат. Моралдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндөгү мыйзамдардын соттор тарабынан колдонуусунда түшүндүрүүлөрдү талап кылган маселелердин пайда болушуна байланыштуу, ошондой эле моралдык зыяндын ордун толтурууну жана жарандын мүлктүк эмес өздүк укуктарын жана материалдык эмес байлыктарын коргоону жөнгө салуучу мыйзамдарды туура жана бирдиктүү колдонууну камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун пленуму "Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылат: (КР ЖС Пленумунун 2025-жылдын 25-декабрындагы 37-токтомунун редакциясына ылайык)
Жарандарга келтирилген моралдык зыяндын ордун толуктоо, жарандарга төрөлгөндөн баштап же мыйзамдын негизинде таандык болгон материалдык эмес байлыктарын жана мүлктүк эмес өздүк укуктарын соттук коргоо алардын конституциялык укуктары менен эркиндиктерин ишке ашыруу жолдорунун бири болуп саналарына соттордун көңүлү бурулсун. Кыргыз Республикасынын КР ГКнын 16-статьясына ылайык, эгерде жаранга таандык болгон материалдык эмес байлыктарга шек келтирген же анын жеке мүлктүк эмес укуктарын бузган аракеттери менен, ошондой эле мыйзамда каралган башка учурларда жаранга моралдык зыян келтирилсе (денеге запкы келтирүү же адептик жактан азапка салуу), анда сот укук бузган адамга көрсөтүлгөн зыяндын ордун акчалай же башка материалдык толуктоо милдетин жүктөшү мүмкүн. Кыргыз Республикасынын КР ГКнын (мындан ары КР ГКнын) 11, 17, 50-статьяларына жана башка мыйзамдарга ылайык, жеке мүлктүк эмес укуктардын жана башка материалдык эмес байлыктардын сот тарабынан корголушу, бузулган укуктун маңызынан жана бул укук -- 4 of 18 -- бузуунун натыйжаларынын мүнөзүнөн келип чыга турган жарандык укуктарды коргоонун ыкмаларын пайдалануу учурларында жана анын чегинде жүзөгө ашырылат. Жеке мүлктүк эмес укуктарды жана материалдык эмес байлыктарды коргоо анын ичинде моралдык ордун толуктоо, КР ГКнын 11-статьясында көрсөтүлгөн ыкмаларды алардын жыйындысында, ошондой эле өз-өзүнчө колдонуу менен жүзөгө ашырылат. КР ГКнын 1-статьясына ылайык, адамдын ажыратылбай турган укуктарын жана эркиндиктерин жана башка материалдык эмес баалуулуктарды (жеке мүлктүк мамилелерге байланышпаган мүлктүк эмес мамилелер) коргоо жана жүзөгө ашыруу менен байланышкан мамилелер, ал мамилелердин маңызынан башка нерселер келип чыкпагандыктан, жарандык мыйзамдар менен жөнгө салынат. КР ГКсында каралган мүлктүк эмес өздүк укуктарды коргоонун ыктары мындай укуктарды коргоо үй-бүлөө, эмгек жөнүндө мыйзамдарда, жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндөгү мыйзамдарда, административдик укуктук мыйзамдарда жана башка мыйзам актылары тарабынан атайын жөнгө салынбаган учурларда да колдонулат.
КР ГКнын 50-статьясына ылайык, жеке мүлктүк эмес укуктар деп, аларды бузуу, ажыратуу жана төмөндөтүүнүн натыйжасында жабырлануучуга моралдык зыян келтириле турган укуктар түшүнүлөт, алар: өз атына болгон укук жана өзүнүн ысымын пайдалануу укугу; автордук укук; чыгармаларына кол тийбестик укугу жана башка интеллектуалдык ишмердүүлүктүн жыйынтыктарына болгон укуктарды коргоо жөнүндөгү мыйзамдарга ылайык мүлктүк эмес укуктар. Жаранга туулгандан баштап же мыйзамдын негизинде таандык болгон материалдык эмес баалуулуктарга: өмүрү жана ден соолугу; жеке кадыр-баркы; жеке кол тийбестиги; ар- намысы жана асылдуулугу; ишкердик бедели; жеке турмушуна кол тийбестиги; жеке жана үй-бүлөлүк сыры; бир жерден экинчи жерге эркин баруу, турган жана жашаган жерин тандап алуу мүмкүнчүлүгү кирет. КР ГКнын ушул эле статьясында көрсөтүлгөн башка материалдык эмес байлыктар деп, атап айтканда: жеке өзүн сүрөттөөгө болгон укугун; турак жайга кол тийгистик укугун: жарандыкка болгон укугун; кат алышуунун, телефондук сүйлөшүүлөрдүн, почта жана телеграфтык кабарлашуулардын купуялык укугун; өзүнүн улуттук тийешелүүлүгүн аныктоо укугун; эмгектин эркиндигине, кесиптии жана иштин түрүн тандоого, өзүнүн жөндөмдүүлүктөрүн тескөө эркиндигине болгон укугун; билим алуу укугун; мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана кызмат адамдарына кайрылууга укугун жана Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарында бекитилген же жалпыга белгилүү башка укуктарды түшүнүү керек.
КР ГКнын 16-статьясына ылайык, моралдык зыян деп укук бузуунун, кемсинтүүнүн же ага болгон жеке мүлктүк эмес жана материалдык эмес байлыктардан ажыратуунун натыйжасында жарандын дене жана\же адептик жактан азап тартуусу түшүнүлөт. Дене запкы деп: жабыр тарткан жарандын, мисалы ден-соолукка зыян келирүүгө байланыштуу, ошондой эле ага карата укукка жат башка аракет (аракетсиздик) жасоодон келип чыккан оору белгилерин, өзүн начар сезишин түшүнүүгө болот. -- 5 of 18 -- Адептик запкы деп психикалык сак-саламаттыгына жана ички дүйнөсүнүн тең салмактуулугунун бузулушуна алып келген жагымсыз эмоцианалдуу ой-санаасын түшүнүүгө болот. Мындай сезимдер, мисалы, өмүрүнө жана ден соолугуна карата укуксуз кол салуудан, мыйзамсыз түрдө укуктарын жана эркиндиктерин бузуудан же чектөөдөн, жеке, үй-бүлөөлүк же дарыгерлик купуя сырын ачуудан; жарандын ар-намысы менен кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды жайылтуудан; жигердүү, толук баалуу өмүр сүрүүсүнүн мүмкүнсүздүгүнөн; иштеген жумушунан айрылышынан; мазактоодон, жалаа жабуудан жана башкалардан келип чыгышы мүмкүн.
КР ГКнын 221-статьясына ылайык, жеке мүлктүк эмес укуктарды жана башка материалдык эмес байлыктарды бузуудан келип чыккан моралдык зыяндын ордун толуктоо жөнүндөгү талапка карата доонун эскирүү мөөнөтү жайылбайт. Жарандардын жеке мүлктүк эмес укуктарын коргоону караган мыйзам актылары, алар күчүнө киргенден кийин пайда болгон укуктук мамилелерге карата колдонулаарын соттор эске алуусу керек, эгерде мыйзам актылары тарабынан башкача тартип каралбаса (КР ГКнын 3-статьясы.). Мисалы, " КР ГКнын экинчи бөлүгүн колдонууга киргизүү жөнүндөгү" Мыйзамдын 12-статьясына ылайык, КР ГКнын 998, 999-статьяларынын (мамлекеттик органдар тарабынан келтирилген зыян үчүн болгон жоопкерчилик тууралуу) колдонулушу зыян 1998-жылдын 1-мартына чейин, бирок 1995-жылдын 1-мартынан мурун эмес келтирилген жана келтирилген зыяндын орду толтурулбай калган учурларга да жайылтылат. Жабырлануучунун ордун толуктоого болгон укугун караган мыйзам актысын колдонууга киргизүүгө чейин келтирилген моралдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндөгү талап, анын ичинде, ушул акты мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин доогер дене жана/же адептик запкы тарткан учурларда да канааттандырылбайт. Эгерде, доогердин дене жана\же адептик запкы тартышына алып келген жоопкердин укукка жат аракеттери (аракетсиздиги) моралдык зыян келтиргендиги үчүн жоопкерчиликти белгилеген мыйзамдын күчүнө киришине чейин башталып жана уланып жатса, анда мыйзам актысын колдонууга киргизгенден кийин келтирилген зыяндын орду толтурулууга жатат.
Соттор жабырлануучунун дене жана/же адептик жактан азап тарткандыгынын ордун толуктоо жөнүндөгү талабын кароодо моралдык зыяндын ордун толтуруу маселелери: 2025- жылдын 8-августунан тартып күчүнө кирген “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренеси; 1996-жылдын 1-июнунан тартып күчүнө кирген КР ГКнын биринчи бөлүгүнүн 11, 16, 17, 18-беренелери; 1998-жылдын 1- мартынан тартып күчүнө кирген КР ГКнын экинчи бөлүгүнүн 1027, 1028-беренелери; 2025- жылдын 28-январынан тартып күчүнө кирген КР ЭКнын 9, 16, 129, 220, 246-беренелери; 1997-жылдын 19-декабрынан тартып күчүнө кирген “Журналисттин кесиптик ишмердүүлүгүн коргоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 5-беренеси; 1997-жылдын 24-декабрынан тартып күчүнө кирген “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 14- беренеси; 1999-жылдын 6-январынан тартып күчүнө кирген “Жарнама жөнүндө” КР Мыйзамынын 31-беренеси; 1998-жылдын 23-январынан тартып күчүнө кирген “Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө” КР Мыйзамынын 49-беренеси; 1999-жылдын 7- апрелинен тартып күчүнө кирген “Туризм жөнүндө” КР Мыйзамынын 6-беренеси; 1998- жылдын 6-мартынан тартып күчүнө кирген “Электр байланыш жөнүндө” КР Мыйзамынын -- 6 of 18 -- 39-беренеси; 2026-жылдын 5-февралынан тартып күчүнө киргизиле турган КР Санарип кодексинин 66-беренеси; 2023-жылдын 28-мартынан тартып күчүнө кирген “Кыргыз Республикасында риэлтордук иш жөнүндө” КР Мыйзамынын 35-беренеси; 2003-жылдын 5- сентябрынан тартып күчүнө кирген КР Үй-бүлө кодексинин 31-беренеси; Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 37, 40, 47, 132, 135, 256, 258, 261, 268, 278, 287, 293, 357, 415, 438- беренелери менен жөнгө салынарын эске алуусу зарыл. (КР ЖС Пленумунун 2025-жылдын 25-декабрындагы 37-токтомунун редакциясына ылайык)
Моралдык зыяндын ордун толуктоо жөнүндөгү талаш-тартышты туура чечүүнү камсыз кылуу максатында, ар бир иш боюнча тараптардын өз ара мамилесинин мүнөзүн жана алардын кандай укуктук ченемдер менен жөнгө салынарын, укуктук мамилелеринин дал ушул түрү боюнча мыйзамдарда моралдык зыяндын ордун толуктоо мүмкүнчүлүгүнө мыйзамдардын жол берерин жана эгер ошондой жоопкерчилик белгиленсе, анда ушул учурларда зыяндын ордун толуктоонун шартын жана тартибин караган мыйзам актылары качан күчүнө киргенин, ошондой эле моралдык зыяндын келтирилишине алып келген аракеттер качан жасалгандыгын сот айкындап чыгууга тийиш. Аталган категориядагы иштер боюнча маанилүү болгон жана сот тарабынан айкындалууга тийиш болгон жагдайлар болуп: жабырлангануучуга дене жана\же адептик запкыны келтирген фактыны аныктоо, алар кандай жагдайда жана кандай аракеттердин (аракетсиздиктин) негизинде келтирилгенин, алардын укукка каршылыгы дене жана адептик запкынын мүнөзү, укук бузуу менен болгон байланышы , ошондой эле укук бузуу менен залал келтирилген материалдык эмес байлыктардын мүнөзү жана маанилүүлүгү, талашты чечүүдө көңүл буруулууга тийиш болгон башка жагдайлар эсептелет. Моралдык зыяндын ордун толуктоону талап кылган жабырлануучу өзүнүн дене жана адептик жактан азап тарткандыгы - укук бузуунун натыйжасы экендигин далилдеши керек. Моралдык зыяндын ордун толуктоону өндүрүү жөнүндөгү маселени чечүүдө, соттор зыяндын ордун толтуруунун жалпы жоболору жөнүндөгү КР ГКнын ченемдери менен аныкталган зыяндын келтирилгендигине байланыштуу келип чыгуучу жоопкерчилик үчүн шарттардын жана негиздердин бар экендигин текшерип чыгуусу керек жана ордун толтуруунун негизи болуп күнөө саналган учурларда, зыян келтирген адамдын күнөөсүнүн деңгээлин аныктоосу керек.
Зыяндын ордун толтуруу жөнүндөгү жалпы жоболорго ылайык, келтирилген моралдык зыян үчүн келип чыгуучу жоопкерчиликтин милдеттүү шарттарынын бири болуп зыян келтирген адамдын күнөөсү саналат. Буга моралдык зыяндын ордун зыян келтирген адамдын күнөөсүнүн көз карандысыз түрдө толтуруу жөнүндө түздөн-түз мыйзамда каралган учурлар гана кирбейт, тактап айтканда, КР ГКнын (1027-статьясы) жарандын өмүрү менен ден соолугуна өтө коркунучтуулук булак тарабынан зыян келтирилген учурда (КР ГКнын 1007-статьясы); ар-намыска, кадыр-баркка жана ишкердик беделге шек келтирген маалыматтарды тараптуу аркылуу зыян келтирилген учурларда (КР ГКнын 18-статьясы); мыйзамсыз соттоонун кылмыш жоопкерчилигине мыйзамсыз тартуунун, камакка алуу түрүндө административдик жазаны мыйзамсыз колдонуунун, баш коргоо чарасы катары камакка алуунун, же болбосо жашаган жеринен эч жакка кетпөө жөнүндө кол койдуруп алуу -- 7 of 18 -- мыйзамсыз колдонуунун натыйжасында жаранга зыян келтирилген учурда; ошондой эле Жазык-процесстик кодексинде кармоонун, кызматтан четтетүүнүн, медициналык мекемеге жайгаштыруунун, медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын мыйзамсыз колдонуунун натыйжасында жаранга зыян келтирилген учурларда (Жазык-процесстик кодексинин 417- статьясы). Зыян келтирүүчүнүн күнөөсү жок болгон жана жабыр тартуучунун өзүнүн олдоксондугу зыян тартууга алып келген учурда, ал эми зыян келтирүүчүнүн күнөөсүнө карабастан жоопкерчилик жүктөлгөндө, сот моралдык зыяндын ордун толтуруунун өлчөмүн азайтууга тийиш (КР ГКнын 1011-статьясынын 2-бөлүгү.).
КР ГКнын 16-статьясына жана 1027-статьясынын 3-бөлүгүнө ылайык, жарандын мүлктүк укуктарын бузган аракеттер (аракетсиздик) менен келтирилген моралдык зыяндын ордун толтурууга мыйзамда каралган учурларда гана жол берилет, мисалы, "Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндөгү" Мыйзам жарандарды тейлөө боюнча келишимдерден келип чыккан мамилелерге карата колдонулат (14-статьясы). (КР ЖС Пленумунун 2025-жылдын 25-декабрындагы 37-токтомунун редакциясына ылайык) Аталган мыйзам товарларды сатуу, кызмат көрсөтүү, жумуш аткаруу боюнча керектөөчүлөр менен даярдоочулардын, керектөөчүлөр менен аткаруучулардын, керектөөчүлөр менен сатуучулардын ортосунда келип чыгуучу мамилелерди жөнгө саларын соттор эске алуусу керек. Мында, керектөөчү бул - пайда көрүү менен эайланышпаган, жеке (тиричилик) муктаждыктары үчүн гана товарларды (кызматтарды, жумуштарды) колдонуучу же сатып алуучу, же болбосо аларга буюртма (заказ) берүүчү, аларды сатып алууга же аларга буюртма берүүгө ниети бар жаран. Даярдоочу, аткаруучу, сатуучу - бул менчиктин кандай гана түрү болбосун уюм болуп саналат, ошондой эле жекече ишкер адам демек керектөөчүлөргө өткөрүү үчүн товарларды чыгаруу, акы төлөө келишими боюнча керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүүчү же жумуш аткарып берүүчү, сатып алуу-сатуу келишими боюнча керектөөчүлөргө товарларды өткөрүүчү; ошондой эле жумуш аткарган, башка адамга таандык болгон өздүк мүлктү кайра калыбына келтирген же жакшырткан ар бир адам. Материалдык натыйжага (буюмду жасоого, аны кайра иштетүүгө, иштеп чыгууга, мыктылоого, өзгөртүүгө, мисалы оңдоого) жетүүгө багытталган аракеттерди - иштер деп түшүнүү керек. Материалдык натыйжаны көздөбөгөн (мисалы, сактоо, комиссиялоо, ташуу ж.б.) буюртма боюнча жүзөгө ашырылуучу ишмердүүлүк же аракеттер кызмат көрсөтүү болуп саналат. Эгерде кызмат көрсөтүү материалдык натыйжага багытталса, анда ал аракеттин өзүнөн же ишкердиктен бөлүнгүс болот (мисалы, стоматологиялык кызмат көрсөтүүлөр). Байланыш кызматтары, медициналык, ветеринардык, аудитордук, консультациялык, маалыматтык кызматтар, окутуу, туристтик тейлөө боюнча жана башка кызмат көрсөтүүлөр - акы төлөп кызмат көрсөтүү келишиминин буюмзаты болуп саналат (КР ГКнын 695- статьясы). -- 8 of 18 -- Жарандарды тейлөө менен байланышкан келишимдер боюнча милдеттенмелерди аткарууда жарандардын укуктары бузулса, алардын моралдык зыянынын орду толтурулушу мүмкүн. КР ГКнын 1024-статьясына ылайык, товардын жетишсиздигинен жана товар (иш, кызмат) жөнүндө анык же толук маалымат бербей коюудан улам керектөөчүгө келтирилген моралдык зыяндын орду жабырлануучунун тандоосу боюнча сатуучу же товарды даярдоочу тарабынан толтурулууга жатат. Иштин же кызматтын жетишсиздигинен улам келтирилген моралдык зыяндын орду ал ишти аткарган же кызмат көрсөткөн (аткаруучу) жак тарабынан толтурулууга тийиш. (КР ЖС Пленумунун 2025-жылдын 25-декабрындагы 37-токтомунун редакциясына ылайык) Мыйзамда каралган учурларда жарандын мүлктүк укуктарын бузуу менен келтирилген моралдык зыяндын ордун толуктоо жөнүндөгү талап боюнча доонун эскирүү мөөнтү - бузулган мүлктүк укукту коргоо боюнча доонун эскирүү мөөнөтү менен бир эле убакытта бүтөөрүн соттор эске алуусу керек. Мисалы, КР ГКнын 1025-статьясына ылайык, товардын, иштин жана кызматтын жетишсиздигинен улам келтирилген моралдык зыяндын орду, эгерде зыян ал товардын (иштин, кызматтын) жарактуулугунун белгиленген мөөнөтүнүн ичинде келтирилген болсо, ал эми анын жарактуулук мөөнөтү белгиленген болсо - товар (иш, кызмат) чыгарылган күндөн баштап он жылдын ичинде толтурулууга тийиш. Көрсөтүлгөн мөөнөт аталган статьянын 2-бөлүгүндө каралган учурларда сот тарабынан узартылышы мүмкүн. (КР ЖС Пленумунун 2025-жылдын 25-декабрындагы 37-токтомунун редакциясына ылайык)
КР ГКнын 16, 1028-статьяларына ылайык, моралдык зыяндын орду акчалай жана башкача материалдык түрдө толтурулат. Моралдык зыяндын ордун толуктоонун өлчөмү соттун кароосу менен аныкталат. Келтирилген моралдык зыяндын ордун толуктоонун өлчөмүн сот адилеттүүлүктүн жана акыл-эстүүлүктүн чен-өлчөмдөрүнүн (ГКнын 1028-статьясынын 2-бөлүгү) негизинде аныкташы керек. Мында, сот келтирилген дене жана/же адептик жактан запкынын мүнөзүнө, ошондой эле күнөө зыяндын ордун толтуруунун негизи болуп саналган учурларда зыян келтирүүчүнүн күнөөсүнүн даражасын, моралдык зыян келтирилген жагдайларды, жабырлануучунун жеке өзгөчөлүктөрүн жана башка көңүл бурарлык жагдайларды эске алат. (КР ЖС Пленумунун 2025-жылдын 25-декабрындагы 37-токтомунун редакциясына ылайык) Эгерде ордун толуктоонун өлчөмү жөнүндөгү маселени чечүүдө, сот тарабынан жарандын мүлктүк эмес өздүк укуктарын бузуу менен байланышкан конкреттүү жагдайлардын бардыгы эске алынса, ал эми сот тарабынан белгиленген ордун толуктоо келтирилген талапты жетиштүү деңгээлде канааттандырса гана аталган категориядагы иштер боюнча адилеттүүлүктүн жана акыл-эстүүлүктөн чен-өлчөмү сакталышы мүмкүн. Моралдык зыяндын ордун толуктоонун өлчөмүн аныктоодо соттор жарандын өзүнө келтирилген дене жана/же адептик азап чегүүлөрүнүн оордугуна берген субъективдүү баасын, ошондой эле бул жөнүндө ырастоочу, өзгөчө, төмөндөгүдөй объективдүү маалыматтарды эске алуусу зарыл: -- 9 of 18 -- - мүлктүк эмес өздүк укуктардын жана материалдык эмес байлыктардын турмуштук маанилүүлүгүн (өмүрү, ден-соолугу, эркиндиги, турак жайга кол тийбестиги, жеке жана үй- бүлөлүк сыры, ар-намысы жана кадыр баркы ж.б.); - жабырлануучунун дене жана\же адептик жактан азап чегүүсүнүн деңгээлин (эркинен ажыратканда, денесине оор залал келтиргенде, жакын туугандарынан айрылганда, эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготкондо же чектегенде ж.б.); - моралдык зыяндын ордун толтурууда зарыл болгон учурда, зыян келтирген адамдын күнөөсүнүн түрүн (кара ниеттик, байкабастык). Моралдык зыяндын ордун толуктоонун өлчөмүн аныктоодо сот иштин материалдары менен ырасталган башка жагдайларды, өзгөчө, жабырлануучуга моралдык зыян келтиргендиги үчүн жооп берүүчү жарандын мүлктүк жана үй-бүлөлүк абалын эске алууга укуктуу (атайылап жасалган аракеттер менен зыян келтирилген учурларды кошпогондо) (КР ГКнын 1011-статьясынын 5-бөлүгү). Мында жабырлангандын мүлктүк абалы эске алынбайт, мыйзамда каралган мүлктүк укуктарын бузуунун натыйжасында келтирилген моралдык зыяндын ордун толтурууну кошпогондо, мисалы, керектөөчүлөрдүн укугун бузуу. Жабыр тарткандын өзүнүн олдоксондугу зыяндын келип чыгышына түрткү болгон учурда, сот моралдык зыяндын ордун толтуруунун өлчөмүн, зыян келтирүүчүнүн күнөөсүнүн деңгээлине жараша, ошондой эле жабыр тарткандын күнөөсүнүн деңгээлине жараша азайтуу менен аныктоого милдеттүү (ГК-нын 1011-статьясынын 2-бөлүгү). Зыяндын ордун толуктоонун өлчөмү башка жеке адамдар менен бирге жарандык укуктарды жүзөгө ашыруучу жабырлануучунун кызматтык абалына (саясий, коомдук ишмер, мамлекеттик кызматкер), ошондой эле жеке жана коомдук мүнөздөгү башка шарттар менен жагдайларга карабастан сот тарабынан аныкталышы керек (Жарандык процесстик кодексинин 7-статьясы Ордун толуктоонун өлчөмүн аныктоодо сот талаш болуп жаткан укуктук мамиленин мүнөзүн эске алуу керек. Мисалы, ар-намысты, кадыр баркты жана ишкердик беделди коргоо жөнүндөгү иштер боюнча төмөндөгүлөрдү эске алуу зарыл: кандай маалыматтар жайылгандыгын; жайылган маалыматтар доогердин ар-намысын, кадыр баркын жана ишкердик беделин кандай деңгээлде булгаарын; андай маалыматтар канчалык кенен жайылгандыгын, башкача айтканда, алар кандай чөйрөдөгү адамдардын тобуна белгилүү болгондугун (басма сөз басылмасынын нускасы, анын жайылган жери, телекөрсөтүүнүн мүнөзү жана ал чогулткан же ага арналган аудитория, ж.у.с.); натыйжада доогерге кандай кесепеттер тийгендигин (анын баштан өткөргөн ой-санаасы, оорусу, жумуштан кетүүсү же аны жумушка алуудан баш тартуу, доогерге карата башка адамдардын терс мамилеси ж.у.с.). Ден соолукка залал келтирүү менен болгон моралдык зыяндын ордун толуктоонун өлчөмүн аныктоодо сот жабырлануучунун башынан өткөргөн азап чегүүлөрүн гана эмес, ошондой эле анын келечекте болушу толук мүмкүн болгон азап чегүүлөрүн да эске алуусу керек (мисалы, колу-бутунан ажырашы, бети-башынын оңдогус болуп бузулганы жана ушул сыяктуу жаракаттар жеке турмушунда кыйынчылыктарды алып келишин, кесиби боюнча иштөө мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калышын жана моралдык жаракаттарды пайда кылуучу башка көйгөйлөрдү пайда кылышын). -- 10 of 18 -- Моралдык зыяндын ордун толуктоонун өлчөмү жабырлануучунун бузулган укуктары менен тең келиши мүмкүн. Мында, моралдык зыяндын ордун толуктоонун өлчөмү материалдык зыяндын, залалдардын жана башка материалдык талаптардын ордун толтуруу жөнүндөгү канааттандырылган доонун өлчөмүнөн көз каранды болушу мүмкүн эмес. Эгерде моралдык зыяндын ордун толуктоонун өлчөмү жөнүндөгү соттун чечими, КР ЖПКнын 202-статьясынын 4-бөлүгүнүн жоболорун бузуп негизделбесе жана анын негиздүүлүгү менен талаш болгон укуктук мамилелер боюнча мыйзамда белгиленген чен- өлчөмдөрдү сактоо жөнүндө жыйынтык чыгарууга мүмкүндүк бербесе, анда ордун толуктоонун өлчөмү апелляциялык, кассациялык же көзөмөл иретинде кайра каралуусу мүмкүн. (КР ЖС Пленумунун 2025-жылдын 25-декабрындагы 37-токтомунун редакциясына ылайык)
Сот өз демилгеси боюнча моралдык зыяндын ордун толуктоонун акчадан башка түрүн аныктай албайт, бирок тараптар өздөрүнүн жарандык укуктарын өздөрүнүн каалоосу боюнча жүзөгө ашырууга укуктуу болгондуктан (КР ГКнын 8-статьясы) жана моралдык зыяндын ордун толуктоонун акчадан башка да материалдык түрү каралгандыктан (КР ГКнын 16-статьясы, Эмгек кодексинин 248, 253 ст.), жабырлануучу менен зыян келтирген адам мыйзам тарабынан түздөн-түз тыюу салынбаган жана карама-каршы келбеген ордун толуктоонун башка түрү жөнүндө (мисалы, мүлктү өткөрүп берүү жолу менен) макулдашууга келиши мүмкүн. а Жабырлануучу менен моралдык зыян келтирген адам зыяндын ордун толуктоонун өлчөмүн аныктоодо өз-ара макулдашууга келүүлөрү мүмкүн. Эгерде макулдашуу мыйзамга карама-каршы келип, башка адамдардын кызыкчылыгын жана мыйзамдуу укуктарын буза турган болсо, анда сот бул макулдашууну бекитбейт жана ал жөнүндү аныктама чыгарат.
КР ГКнын 1027-статьясынын 3-бөлүгүнүн колдонушуна ылайык жарандын бузулганда моралдык зыяндын ордун толуктоо мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган мүлктүк укуктары деп, төмөнкүлөрдү, тактап айтканда: мүлккө ээлик кылуу, аны пайдалануу жана тескөө менен байланышкан укуктар; укуктук мамилелердин катышуучуларынын ортосунда пайда болгон мүлктүк талаптар (буюмдук жана милдеттенмелик укуктар, анын ичинде жарандын өмүрү менен ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча акчалай милдеттенмелерди аткарбагандыгы же тийиштүү деңгээлде аткарбагандыгы менен байланышкан укуктар ж.б.), ошондой эле жараткан чыгармалары же ойлоп табуулары үчүн авторлордун сый акы алуу укуктары; мурас укуктарын түшүнүү керек деп сотторго түшүндүрүлсүн. Карыздакор адамдын мүлктүк укуктарына тийешелүү милдеттенмелеринин тийиштүү деңгээлде аткарылбашы (мисалы, жалдап алуу келишими боюнча акчаны кайтаруудан баш тартуу; сатып алуу-сатуу келишиминин сатып алуунун акчасын төлөө же бүтүмдүн буюмзатын өткөрүп берүү бөлүгү боюнча милдеттенмелерди аткарбай коюу ж.б.) КР ГКнын 1027-статьясынын 3-бөлүгүнө ылайык моралдык зыяндын ордун акчалай түрүндө толуктоо мүмкүнчүлүгүн алып таштайт.
Эгерде жарандын мүлктүк укуктарынын бузулушу менен бирге анын жеке мүлктүк эмес укуктарынын жана материалдык эмес байлыктарынын бузулушу болгон учурда келтирилген мүлктүк зыяндын ордун толтуруу жөнүндөгү талаптардын канааттандырылышы -- 11 of 18 -- менен катар эле моралдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндө берилген талап (мисалы, жабырлануучунун мүлкүн турак жайга кол тийбестикти бузуу менен укукка жат түрдө ээлеп алуу; авторлукту өзүнө энчилеп алуу ж.б.) дагы канааттандырылууга жатат.
Бир нече укуктук жактардын же жеке адамдардын биргелешкен, укукка жат аракеттери менен жабырлануучуга келтирилген моралдык зыяндын орду, КР ГКнын 1008- статьясына ылайык, ошондой зыян келтиргендер тарабынан ар биринин күнөөсүнүн деңгээлине жараша биргелештик же үлүштүк тартипте толтурулууга жатат. Ар биринин күнөөсүнүн деңгээлин аныктоого мүмкүн болбогон учурда зыян келтиргендердин үлүшү бирдей деп табылат. Биргелешип келтирилген зыяндын ордун толтурган зыян келтирүүчү калган моралдык зыян келтирүүчүнүн ар биринен алардын сот тарабынан белгиленген күнөөсүнүн деңгээлине теңдеш, регресс тартибинде акча төлөп берүүсүн талап кылууга укуктуу (КР ГКнын 1009- статьясынын 2-бөлүгү).
Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан келтирилген (КР ГКнын 998-статьясы), ошондой эле алгачкы текшерүү, алдын ала тергөө, прокуратура жана сот органдарынын мыйзамсыз аракеттери менен келтирилген (КР ГКнын 999- статьясы моралдык зыяндын орду тийиштүү мамлекеттик казнанын: республикалык казнанын (КР ГКнын 225-статьясынын 2-бөлүгү), жергиликтүү коомчулуктун казнасынын КР ГКнын 227-статьясынын 2-бөлүгү) эсебинен толтуруларына жана алар зыян келтирген органды каржылаган бюджеттин аталышы боюнча аныкталарына соттордун көңүлү бурулсун. Аталган иштердин категориясы боюнча тийиштүү жоопкер болуп мамлекет саналат (КР ГКнын 168-170- статьялары). КР ГКнын 53-статьясына жана КР ГКнын 169-статьясына ылайык, республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин милдеттенмелерин кабыл алууга жана аткарууга, чыгашаларды жүзөгө ашырууга укуктуу болгон мамлекеттик бийликтин органдары сотто мамлекеттин атынан чыгып сүйлөшөт (өкүлчүлүк жүргүзүшөт). Ал органдарга зыяндын орду республикалык казнанын каражаттарынын эсебинен толтурулууга жаткан учурда Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн атынан Каржы министирлиги, ал эми зыяндын орду жергиликтүү коомчулуктун казнасынын эсебинен толтурулууга жаткан учурда тийиштүү: жергиликтүү мамлекеттик администрация, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органы, айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 10, 13-беренелери кирет. (КР ЖС Пленумунун 2025-жылдын 25-декабрындагы 37-токтомунун редакциясына ылайык) Түздөн-түз укук бузууга жол берген мамлекеттик органга доо келтирүү, доо арызды кабыл алуудан баш тартууга, же болбосо аны карабай туруп кайра кайтарууга негиз боло албайт. Мындай учурда КР ГКнын 41, 42-статьяларына ылайык, сот иш боюнча жоопкер катары тийешелүү мамлекеттик органды тартат. (КР ЖС Пленумунун 2025-жылдын 25-декабрындагы 37-токтомунун редакциясына ылайык) Мамлекеттик органдардын смета менен каралган акча каражаттары бюджеттик (мамлекеттик казна) болуп саналарын эске алып, бюджет тарабынан реалдуу камсыз болуусун аныктап, тиешелүү мамлекеттик органдардын жана алардын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттери (аракетсиздиги) менен зыян келтирүүдөн келип чыккан -- 12 of 18 -- милдеттенмелер боюнча сот тийиштүү ведомствонун (министрликтин, комитеттин, департаменттин, башкармачылыктын ж.б.) бюджеттик каражаттарын алуучу жана тескөөчү мамлекеттик органды, тийешелүү жоопкер катары тартышы мүмкүн. Келтирилген зыян бул учурда казнанын тиешелүү бөлүгүндө мамлекеттик органды каржылоо үчүн каралган каражаттардын эсебинен толтурулат (Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамдын 26-статьясы). (КР ЖС Пленумунун 2025-жылдын 25-декабрындагы 37-токтомунун редакциясына ылайык) Мамлекеттик казнаны республикалык жана жергиликтүү бюджеттин каражаттары менен бирге, мамлекет тарабынан түзүлгөн юридикалык жактарга мамлекеттик ишканалар жана мекемелерге - чарба жүргүзүү укугунда же оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилбеген башка мамлекеттик мүлк түзөт (КР ГКнын 170- статьясы, 225-статьясынын 2- бөлүгү). Ошондуктан, мамлекеттик органдардын, ошондой эле алардын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин (аракетсиздигинин) натыйжасында келтирилген зыяндын ордун казнанын эсебинен толтуруу жөнүндөгү доону канааттандырууда, акчанын суммасын өндүрүү тиешелүү бюджеттин акча каражаттарынын эсебинен гана жүргүзүлбөстөн, ал каражаттар жок болгон учурда казнаны түзгөн башка мамлекеттик мүлктүн эсебинен да жүргүзүлөт. Чечимди аткаруунун жолу менен тартибин өзгөртүү жөнүндөгү маселе КР ГКнын 209- статьясында каралган эрежелердин негизинде, мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу органды тартуу менен чечилет. Кызматтык же башка эмгектик милдеттерин аткарууда кызматкер тарабынан келтирилген моралдык зыяндын ордун толтурган мамлекет же мамлекеттик орган, аны ошол адамдан кайра талап кылууга (регресс) укуктуу (КР ГКнын 1009- статьянын 1-бөлүгү). Алгачкы текшерүү, алдын ала тергөө, прокуратура жана сот органдарынын кызмат адамдары тарабынан келтирилген зыяндын орду (КР ГКнын 999- статьясы), аталган ведомстволорду каржылоону жана материалдык-техникалык жактан камсыздоону жүзөгө ашыруучу республикалык бюджеттин эсебинен толтурулат. Алгачкы текшерүү, алдын ала тергөө, прокуратура жана сот органдарынын кызмат адамдары тарабынан келтирилген моралдык зыяндын ордун толтурган мамлекет, эгерде соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү менен алардын күнөөсү аныкталса, ал жакка карата регресс укугуна ээ болот (КР ГКнын 1009- статьянын 3-бөлүгү).
Жаш балдардын же жашка толо элек өспүрүмдөрдүн, же болбосо мыйзамда белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табылган жарандардын аракеттери, же болбосо жөндөмдүү, бирок ден соолугунун абалы боюнча өз иш аракеттеринин маанисин түшүнүүгө жөндөмсүз же аларды башкара албаган жарандардын аракеттери менен жабырлануучуга моралдык зыян келтирилгенде, анын орду сот тарабынан, КР ГКнын 1001-1006-статьяларында белгиленген тартипте толтурулат. КР ГКнын 1001-1004- статьяларында көрсөтүлгөн негиздер боюнча зыяндын ордун толтурган жак моралдык зыян келтирген жакка карата регресс укугуна ээ болбойт (КР ГКнын 1009- статьясынын 4-бөлүгү).
Өтө коркунучтун булагы тарабынан келтирилген моралдык зыяндын ордун толуктоону өндүрүү жөнүндөгү жарандардын доо талабын кароодо, соттор өтө коркунучтун -- 13 of 18 -- булагынын ээси, эгерде бул зыян жабырлануучуга жеңе алгыс күчтөн же жабыр тартуучунун өзүнүн кыңыр оюунун кесепетинен келтирилгендигин, же болбосо зыян келтирүүчүнүн укукка жат аракеттеринин натыйжасында ал булак анын укуктуу ээлигинен чыгып кеткендигине байланыштуу болгондугун далилдей албаса, моралдык зыяндын ордун толуктоого милдеттүү экендигин эске алуусу керек (КР ГКнын 1007-статьясы). Моралдык зыяндын ордун толуктоо милдети, менчик ээсинин укугунда, чарбалык иш жүргүзүү же оперативдик башкаруу укугу менен, же болбосо башкача мыйзамдуу негизде (мүлктү жалдоо келишими, транспорт каражатын башкаруу укугуна ишеним кат менен, өтө коркунучтун булагын ага өткөрүп берүү жүнүндөгү тийешелүү органдын буйругунун негизинде ж.б.) өтө коркунучтун булагына ээлик кылган юридикалык жакка же жаранга жүктөлөт (КР ГКнын 1007- статьянын 1-бөлүгү). Соттор, жабыр тартуучунун кыңыр оюу деп, моралдык зыяндын келтирилишине түрткү берген жабыр тарткандын өтө коркунуч келтирүү булакты коркунучсуз пайдалануу эрежелерин атайылап бузгандыгын күбөлөндүргөн аракеттерин (иттерди жана башка үй жаныбарларын; зоопарктагы жана башка жайлардагы эркссиз камалган жапайы жаныбарлардын кыжырына тийүү; тез өрттөнө турган, жарылуучу, иондоочу жана адамдын ден соолугу менен өмүрүнө коркунучту келтирген башка буюмзаттарды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузУуну) түшүнүүлөрү керек. Өтө коркунучтун булагы карамагынан чыгып кетүү деп, соттор, өтө коркунуч келтирүүчү булактын ээси, аны демейдеги шарттарда өзүнүн эркинен сырткары жана үчүнчү жактар тарабынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруучу акылга сыйарлык жана жетиштүү чараларды көргөн абалды түшүнүүсү керек. Өтө коркунучтун булагын укукка жат түрдө ээлеп алышкан адамдар тарабынан жабыр тартуучуга моралдык зыян келтирилген учурда, моралдык зыяндын ордун толтуруу милдети ал зыянды келтирген жактарга жүктөлөт. Эгерде, өтө коркунучтун булагы анын ээсинин күнөөсү боюнча укуктуу ээлик кылуудан чыгып кетсе, анда келтирилген моралдык зыян үчүн жоопкерчилик үлүштүк тартипте өтө коркунучтун булагынын ээси менен бирдикте моралдык зыянды түздөн-түз келтирген жактарга да жүктөлөт.
КР ГКнын 997- статьясында каралган эрежелерге ылайык, юридикалык жак же болбосо жаран карамагындагы кызматкерлер тарабынан эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда келтирген моралдык зыяндын ордун толтурат. Мында, юридикалык жак же жаран зыян келтирген кызматкерге карата регресс укугуна ээ болот. Эгер сот зыяндын ордун толтуруу, ал зыянды келтирген кызматкерден өндүрүлгөнүн аныктаса, моралдык зыяндын ордун толтурууну иш берүүчүдөн өндүрүүдөн баш тартат.
Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин нормаларына ылайык (2025-жылдын 28-январы ишке киргизилген), иш берүүчүнүн укукка каршы аракеттери же аракетсиздиги менен кызматкерге моралдык зыян келтирүү фактысын аныктаган учурда иш берүүчүнүн эсебинен моралдык зыяндын ордун толтурууну өндүрүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу, тактап айтканда: - эмгек чөйрөсүндө басмырлоого дуушар болгон деген факты далилденсе (9 статья); -- 14 of 18 -- - мертинүүнү, кесиптик ооруга чалдыгууну, болбосо ден соолугуна башка залалдын келтирилиши, кызматкердин каза болушу эмгектик милдеттерин аткаруу менен байланышкан деп табууда (129, 220-статьялар); - кызматкердин эмгектеги ар-намысын, аброюн жана ишкердик беделине шек келтирген маалыматтардын объективдүү эмес мүнөздөмө же кандайдыр бир башка жолдор менен таркатуу чындыкка жатпайт деп табылса (16-статья); - кызматкерди иштен бошотуу же аны башка жумушка которуу мыйзамсыз деп табылган учурда (246-статья); (КР ЖС Пленумунун 2025-жылдын 25-декабрындагы 37-токтомунун редакциясына ылайык)
Эмгектик мертинүүнүн негизинде каза болгон кызматкердин өлүмүнө байланыштуу моралдык зыяндын ордун толтурууга укуктуу болгон жактардын тобу Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 253-статьясында аныкталган, алар: каза болгон кызматкердин ата-энеси, жубайы, балдары. КР ГКнын 1016- статьясында каралган кызматкердин каза болушуна байланыштуу моралдык зыяндын ордун толтурууга укуктуу болгон жактардын тобуна карата, сот жаран каза болгон учурда анын үй-бүлөөсүнүн курамына кирген жактардын моралдык зыяндын ордун толтурууга укугун таануусу мүмкүн, алардын үй-бүлөөлүк катнаштары үзүлгөндүгүнө байланыштуу кайгыруусу божомолдонулат, эгер башка далилденбесе. Моралдык зыяндын ордун толуктоо сот тарабынан тууганын жоготкон үй-бүлөө мүчөлөрүнүн баардыгына бир жолку берилүүчү сумма түрүндө, же каза болгондун үй-бүлөө мүчөлөрүнүн ар бирине өз-өзүнчө, талапкер (талапкерлер) койгон талаптарга жараша өндүрүлүшү мүмкүн. Бул учурда сот үй-бүлөөнүн курамын, тууганчылык деңгээлин, үй-бүүлөөлүк байланыштын узактыгын, башка үй-бүлөө куруунун жана балалуу болбой калуу мүмкүнчүлүгүн, ата-энесинин каза болушуна байланыштуу балага кам көрүү, тарбиялоо, чогуу жашоо укугунун бузулушу жана башка көңүл бурула турган жагдайларды эске алууга тийиш.
Моралдык зыяндын ордун толуктоо укугу жабыр тарткандын (мурас калтыруучунун) жеке өзү менен бөлүнгүс байланышкан жана мурастын курамына кирбейт. Бул ордун толуктоо мураскорлорго төлөнүп берилүүгө жатпайт, ордун толуктоо чегерилген (сот тарабынан өндүрүлгөн), бирок жабырлануучу каза болгондугуна байланыштуу алынбай калган учурду кошпогондо (КР ГКнын 1120- статьясынын 2-бөлүгү).
Моралдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндөгү талап жабыр тарткандын жеке өздүгү менен тыгыз байланышкандыктан, жарандардын (коомдук бирикмелердин) жарандардын белгисиз тобуна (мисалы, керектөөчүлөргө) моралдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндөгү арызы Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 220-статьясынын 11-бөлүгү менен өндүрүштөн токтотулууга жатат. (КР ЖС Пленумунун 2025-жылдын 25-декабрындагы 37-токтомунун редакциясына ылайык)
“Кыргыз Республикасынын “Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө” Мыйзамында” жабыр тартканга келтирилген моралдык зыян үчүн жоопкерчилик камсыздандырылбай тургандыгы каралганына соттордун көңүлү бурулсун. Камсыздандыруу учурунун келип чыгышына байланыштуу үчүнчү жактагы адамдарга карата моралдык -- 15 of 18 -- зыяндын ордун толтуруу милдети камсыздандыруу уюмдарына жүктөлбөшү керек. Камсыздандыруу учуру келип чыкканда келтирилген моралдык зыяндын ордун толтуруу боюнча милдет автотранспорт каражатынын ээсине же ташуучуга жүктөлүүгө тийиш. Эгерде ыктыярдуу камсыздандыруу келишими менен камсыздандыруучунун мүлктүк эмес укуктарын жана мүлктүк эмес баалулуктарын камсыздандыруу каралган болсо, анда камсыздандыруу төлөмдөрү ыктыярдуу камсыздандыруу келишиминин шарттарына ылайык жүргүзүлүүгө жатат. (КР ЖС Пленумунун 2025-жылдын 25-декабрындагы 37-токтомунун редакциясына ылайык)
Моралдык зыяндын ордун толуктоо жөнүндөгү доолордун сотко караштуулугу доогердин тандоосу боюнча талап: зыян менен; мертинүү же ден соолугуна башка залал келтирүү, ошондой эле баккан адамдын өлүмү; мыйзамсыз соттоо, мыйзамсыз кылмыш жоопкерчилигине тартуу, бөгөт коюу катары мыйзамсыз камакка алуу, башка жакка кетип калбоо жөнүндө кол кат алуу же болбосо камакка алуу түрүндө мыйзамсыз административдик жаза чараларын көрүү; керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо менен байланышканда коюуларына соттордун көңүлү бурулсун (ЖПКнын 31-статьясынын 4, 7- бөлүктөрү). Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 135-статьянын 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында келтирилген моралдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндөгү иштер боюнча сотко караштуулук ушул эле эрежелер боюнча аныкталат. (КР ЖС Пленумунун 2025-жылдын 25-декабрындагы 37-токтомунун редакциясына ылайык) Калган учурларда доо жоопкердин жашаган же турган жери боюнча коюлат.
Моралдык зыяндын ордун толуктоо жөнүндөгү доо талап Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 токтому менен бекитилген мамлекеттик алымдын ставкалары (2-пункттун 6-пункчасы) менен мүлктүк эмес мүнөздөгү доолор үчүн бекитилген өлчөмдө мамлекеттик жыйым менен төлөнүүгө жатат. (КР ЖС Пленумунун 2025-жылдын 25-декабрындагы 37-токтомунун редакциясына ылайык) Доогер мыйзамдарга ылайык мамлекеттик жыйымды төлөөдөн бошотулбаса, анда доогер тарабынан бир эле доо арызда мүлктүк мүнөздөгү жана моралдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндөгү талаптар келтирилгенде, ал талаптардын ар бири боюнча өз-өзүнчө мамлекеттик жыйым төлөнүүгө жатат. Моралдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндөгү доонун суммасы доонун баасына кирбейт. Моралдык зыяндын ордун толуктоо жөнүндөгү доо, эгер талап: автордук укуктун жана интеллектуалдык менчикке болгон башка укуктардын бузулушунан; мертинүү же ден соолугуна башка залал келтирүү, ошондой эле баккан адамдын өлүмү менен, мыйзамсыз соттоо, мыйзамсыз кылмыш жоопкерчилигине тартуу, бөгөт коюу катары мыйзамсыз камакка алуу, башка жакка кетип калбоо жөнүндө кол кат алуу же болбосо камакка алуу түрүндө мыйзамсыз административдик жаза чараларын көрүү; керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоодон келип чыкса, эмгектик укук катнаштарынан келип чыккан талап болсо, мамлекеттик жыйымды төлөөдөн бошотула тургандыгына соттордун көңүлү бурулсун -- 16 of 18 -- (Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 141-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,4,8,22-пункттары). КР ЖПКнын 113-беренесине ылайык, моралдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндөгү талапты канааттандырууда сот жоопкерден доогердин пайдасына же бюджеттин кирешесине доогер төлөгөн же арыз берип жатканда төлөөгө тийиш болгон мамлекеттик жыйымды жоопкерден өндүрүүгө милдеттүү. Мында, мамлекеттик жыйымдын суммасы моралдык зыяндын ордун толуктоо жөнүндөгү канааттандырылган талаптын өлчөмүн эсепке албастан өндүрүлөт. (КР ЖС Пленумунун 2025-жылдын 25-декабрындагы 37-токтомунун редакциясына ылайык)
Кылмыш менен келтирилген моралдык зыяндын ордун толуктоо жөнүндөгү доо кылмыш ишинде берилиши мүмкүн (КЖПКнын 6, 40, 81, 97, 354-беренелери). Моралдык зыяндын ордун толтуруу маселеси чечилген жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмү ушул бөлүгүндө жарандык сот өндүрүшүнүн жүрүшүндө чечилбей калган маселелер боюнча сот үчүн милдеттүү болуп саналат. Келтирилген моралдык зыян үчүн акчалай түрдө компенсациялоо жөнүндө укуктарын калыбына келтирүүдө реабилитацияланган доо жарандык сот өндүрүшү тартибинде коюлат. (КР ЖС Пленумунун 2025-жылдын 25-декабрындагы 37-токтомунун редакциясына ылайык) Эгерде, кылмыштын натыйжасында жабырлануучу каза тапкан болсо, жарандык сот өндүрүшүндөгү тартипте доо арыз менен сотко кылмыш иш боюнча тергөөчүнүн токтому менен жабырлануучу деп табылган жабырлануучу (жабырлануучунун өкүлү) кайрылууга укуктуу.
Мыйзамсыз: кармоонун; камакка алуунун; кызматтан четтетүүнүн; медициналык мекемеге жайгаштыруунун; соттоонун; медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуунун натыйжасында келтирилген моралдык зыяндын ордун акчалай толтуруу жөнүндөгү доо арыздар, жарандык сот ишин жүргүзүү тартибинде берилет (ГКнын 999- статьясы, 1027-статьясы). (КР ЖС Пленумунун 2025-жылдын 25-декабрындагы 37-токтомунун редакциясына ылайык) Административдик укук бузуулардын натыйжасында келтирилген моралдык зыяндын ордун толтуруу маселелери жарандык сот ишин жүргүзүү тартибинде чечилет.
КР ЖПКнын 134-беренесинин жоболоруна ылайык, аталган категориядагы иштер боюнча талапкер доо арызында өзүнүн конкреттүү жеке мүлктүк эмес укуктары менен баалуулуктарын бузган фактыларды далилдөөчү жагдайларды, ошондой эле аларды коргоонун жолдорун көрсөтүүгө милдеттүү. Моралдык зыяндын ордун акчалай толуктоо жөнүндө талап кылган учурда, доогер өзүнүн ою боюнча ага келтирилген моралдык зыяндын ордун толтурууну камсыз кыла турган ордун толуктоонун суммасын көрсөтүүгө милдеттүү. КР ЖПКсынын 200-беренесинин талаптарына ылайык, моралдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндөгү ар бир иш боюнча чечим төмөндөгүлөрдү камтыш керектигине соттордун көңүлү бурулсун: (КР ЖС Пленумунун 2025-жылдын 25-декабрындагы 37-токтомунун редакциясына ылайык) - жабырлануучуга моралдык зыян келтирген укук бузуунун мүнөзүн сүрөттөө; - жабырлануучунун бузулган жеке мүлктүк эмес укуктары менен байлыктары көрсөтүлүүгө; -- 17 of 18 -- - жабырлануучунун дене жана\же адептик азап чегүүлөрү жөнүндөгү маалыматтар; - мүлктүк эмес укуктарды коргоонун жолдору (укук бузулушуна чейинки абалды кайра калыбына келтирүү; моралдык зыяндын кесепеттерин жоюу; моралдык зыяндын ордун акчалай толуктоону өндүрүү), ошондой эле моралдык зыяндын ордун акчалай толуктоонун өлчөмүн негиздөө; - чечим чыгарууда сот жетекчиликке алган материалдык укуктардын ченемдери. Моралдык зыяндын ордун акчалай толтурууну өндүрүүдө анын суммасы өндүрүүгө токтом кылынган зыяндардын жана башка мүлктүк өндүрүүлөрдүн суммаларынан сырткары, өзүнчө көрсөтүлөт. Чечимдин корутунду бөлүгүндө сот жоопкердин жоопкерчилигинин түрүн (субсидиардык, үлүштүк, биргелешкен, жекелик), ошондой эле моралдык зыяндын ордун акчалай толуктоону өндүрүүнүн булагын (жеке адамдын же юридикалык жактын мүлкүнүн же алардын банктык эсептериндеги акчаларынын эсебинен; мамлекеттик казнадан) көрсөтүүгө милдеттүү. Моралдык зыяндын ордун акчалай толтурууну мамлекеттик казнадан өндүрүүдө, сот мыйзамдарда каралган тартипте мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечимин аткарууну камсыз кылуу милдети жүктөлгөн тиешелүү бюджеттин тескөөчүсүн көрсөтүүгө тийиш. Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрагасы К.Осмонов Пленумдун катчысы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьясы А.Кудайбергенов -- 18 of 18 --