GPTKG
Верховный суд КРдата неизвестна39действует

Об убийстве (кырг.)

Разъяснение обязательно для судов (ст. 98 ч. 3 Конституции КР), но нормативным правовым актом не является: в документах ссылайтесь на статью закона, а на пункт Пленума — как на толкование.

  1. 1

    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН ПЛЕНУМУНУН ТОКТОМУ 2025-жылдын 25-декабры Бишкек шаары № 39 Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун 2017-жылдын 1-декабрындагы № 16 “Киши өлтүрүүлөр жөнүндөгү жана ден соолукка oop залал келтирүүдөн жабырлануучунун өлүмүнө алып келген иштер боюнча соттук тажрыйба тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун токтомун инвентаризациялоонун жыйынтыгы боюнча жана мыйзамдардын өзгөрүшүнө байланыштуу ―Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө‖ Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесинин 7- пунктун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Регламентинин 3.2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленуму токтом кылат: Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун 2017-жылдын 1- декабрындагы № 16 ―Киши өлтүрүүлөр жөнүндөгү жана ден соолукка oop залал келтирүүдөн жабырлануучунун өлүмүнө алып келген иштер боюнча соттук тажрыйба тууралуу‖ токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

  2. 1

    Токтомдун 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: ―Киши өлтүрүүлөр жөнүндөгү жана ден соолукка оор залал келтирүү боюнча кылмыш иштерин кароодо мыйзамды так сактоо керектигине соттордун көңүлү бурулсун. Ар бир иштин материалдарын, айыпталуучунун жана жабырлануучунун жеке өздүгүн, кылмыштын жүйөлөрүн, максатын, жасалуу ыкмасын, ниеттин багытын кылдат изилдеп, адамдын күнөөсү жана анын аракетинин квалификациясы жөнүндө тыянактарды чогуу каралган жагдайларга негиздеп, өкүмдө айкын далилдерди көрсөтүү зарыл.‖.

  3. 2

    Токтомдун 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “Айыптоо өкүмү божомолдоолорго эмес, иш боюнча бардык жагдайлар изилденип, далилдерде болгон карама-каршылыктарга тийиштүү баа берилген учурда гана тиешелүү жана ишенимдүү далилдердин негизинде чыгарылышы керек экендигин, соттор эске алышы керек.”.

  4. 3

    Токтомдун 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 178-бер. талаптарына ылайык, өлүмдүн себеби, ошондой эле ден соолукка келтирилген зыяндын мүнөзү жана даражасы, соттук- медициналык экспертиза тарабынан аныкталат. Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 331, 332-бер талаптарын так сактоо менен, керек болгон учурда соттор түшүндүрмө берүү үчүн эксперттерди соттук отурумга чакыруулары тийиш. Эгерде сот тергөөдө корутунду берген эксперттин катышуусуз ишти кароого мүмкүн деп эсептесе, ал корутунду сот отурумунда изилденип ага баа берилүүгө тийиш.”.

  5. 4

    Токтомдун 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: -- 1 of 11 -- ―Өзү же башка адамдар үчүн материалдык пайда (акча, буюмдар, мүлктүк укук, турак жай укугу, үчүнчү адамдардан сыйлык ж.б.) алуу максатында же материалдык чыгымдардан кутулуу максатында жасалган (мүлктү, карызды кайтаруудан кызмат көрсөтүүнү төлөөдөн, мүлктүк милдетти аткаруудан алимент төлөөдөн ж.б.) же жалданып, ошого тете каракчылык, опузалап талап кылуу же террордук акт менен коштолгон киши өлтүрүү Кыргыз Республикасынын КЖКнын 122-бер. 2-б. 10, 12-п. менен калификацияланууга жатат.‖.

  6. 5

    2-абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: Токтомдун 5-пунктунун 1-абзацы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: ―Соттор хулигандык максат менен киши өлтүрүүнү жекече кастык мамилелерден улам келип чыккан мушташууда жана чатакташууда, өч алууда, кызганууда же башка себептерден келип чыккан киши өлтүрүүдөн так ажыратуулары зарыл. Хулигандык максат менен киши өлтүрүүнү квалификациялоодо, башка адамды өлтүрүүгө умтулуусунун түздөн-түз чечүүчү себеби жабырлануучунун укук ченемсиз аракеттери эмес, күнөөлүүнүн коомдук тартипке, адамгерчиликтин жалпы таанылган ченемдерине ачык чакырык таштаган жана өзүн коомчулукка карама-каршы коюуга, аларга шалаакы мамилесин көрсөтүүгө болгон жүрүм-туруму экендигин аныктоо зарыл. Хулигандык максат менен киши өлтүрүү көпчүлүк учурда эч себепсиз же өтө эле майда себепти шылтоо катары колдонуу менен жасала тургандыгын эске алуу керек.‖.

  7. 6

    Токтомдун 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “Жабырлануучунун өзүнүн кызматтык, кесиптик же коомдук милдетин аткаруудагы укук ченемдүү аракеттерине тоскоолдук кылуу же ошол аракеттер үчүн өч алуу максатында киши өлтүрүү Кыргыз Республикасынын КЖКнын 122-бер. 2-б. 4-п. менен квалификациялануусу керек. Кыргыз Республикасынын КЖКнын 122-бер. 2-б. 4-п. менен кылмышты туура квалификациялоо үчүн соттор жабырлануучунун кызматтык, кесиптик же коомдук милдетин аткаруудагы укук ченемдүү кайсы аракеттери кылмыш жасоого түрткү болгондугун текшерүүлөрү керек. Жабырлануучунун кызматтык, кесиптик милдеттерине кирген же коомдун же айрым адамдардын кызыкчылыктары үчүн иштеген аракеттери анын укук ченемдүү аракеттери деп эсептелет. Кылмыш болтурбоого катышкандыгы же даярдалып жаткан же жасалган кылмыш жөнүндө тийиштүү органдарга кабарлагандыгына байланыштуу киши өлтүрүү, жабырлануучу өзүнүн кызматтык, кесиптик же коомдук милдетин аткарган катары, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 122-бер. 2-б. 4-п. менен квалификацияланууга жатат.”.

  8. 7

    Токтомдун 7-пунктунда: - 1-абзацтагы ―97-ст.‖ - деген сөздөр ―122-бер.‖- деген сөздөр менен алмаштырылсын; - 2-абзацтагы ―97-ст. 1-б. жана 28, 97-ст. 2-б. 1-п.‖ – деген сөздөр “122-бер. 1-б. жана 37, 122-бер. 2-б. 1-п‖ - деген сөздөр менен алмаштырылсын, ал эми ―28, 97-ст. 2-б. 1-п.‖ – деген сөздөр ―37, 122-бер. 2-б. 1-п.‖ - деген сөздөр менен алмаштырылсын жана андан ары текст боюнча.

  9. 8

    Токтомдун 9-пунктунда: -- 2 of 11 -- - 2-абзацтагы ―55-ст. 1-б. 2-п.‖ – деген сөздөр “74-бер. 1-б. 1-п.” - деген сөздөр менен алмаштырылсын, ал эми ―жоопкерчиликти‖ – деген сөздөр ―жазаны‖ - деген сөздөр менен алмаштырылсын.

  10. 9

    Токтомдун 10-пунктунда: - 1-абзацтагы ―Соттолуучунун аракетин өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөн деп Кыргыз Республикасынын КЖКнин 97-ст. 2-б. 6-п.‖ - деген сөздөр ―Айыпталуучунун аракетин өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөн деп Кыргыз Республикасынын КЖКнын 122-бер. 2-б. 7-п.‖- деген сөздөр менен алмаштырылсын; - 2-абзацтагы ―өтө кызуу кандуулуктун‖ – деген сөздөр “ачууга өтө алдырган” - деген сөздөр менен алмаштырылсын, ал эми ―98-ст. жана 99-ст.‖ – деген сөздөр ―123-бер. жана 124-бер.‖ - деген сөздөр менен алмаштырылсын.

  11. 10

    Токтомдун 12-пунктунда: - 2-абзацтагы ―129-ст.‖ - деген сөздөр ―154-бер.‖- деген сөздөр менен алмаштырылсын;

  12. 11

    Токтомдун 13-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: ―Бир кишини өлтүрүүдө Кыргыз Республикасынын КЖКнын 122-бер. 2-б. пункттарында көрсөтүлгөн эки же андан көп оордотуучу жагдайлар болсо, аны квалификациялоодо Кыргыз Республикасынын КЖКнын 122-бер. бир эле жолу, ал эми анын пункттарынын баары көрсөтүлүүгө тийиш. Мында, жаза Кыргыз Республикасынын КЖКнын 122-бер. ар бир пункту боюнча чектелбейт. Бирок, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 122-бер. тийиштүү пункттары менен жаза чектөөдө бир нече оордотуучу жагдайлар эске алынуусу зарыл.‖.

  13. 12

    Токтомдун 14-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: ―Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 300-бер. ылайык, айыпталуучунун аракеттеринин квалификациясын КЖКнын 122-бер. 2-б. бир пункттан башкасына өзгөртүүгө соттун укугу жок, эгерде мындай өзгөртүү айыптоо мазмунун олуттуу өзгөртсө, айыпталуучунун абалын оорлотсо же кошумча териштирүүгө тийиш жаңы жагдайларды аныктоону талап кылса. Сот тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнын 122-бер. 2-б. туура эмес колдонулган пунктту бул эле берененин 2-бөлүгүнүн башка пункту менен алмаштыруу аны айыпталуучунун абалын оорлотпосо жана анын коргоо укугун бузбаса гана мүмкүн. Эгерде соттолуучу бир кишини өлтүргөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын КЖКнын 122-бер. 2-б. эки же андан көп пункттары менен айыпталса, бирок айрым пункттар боюнча айыптар далилденбесе, сот өкүмдүн баяндоочу-жүйөлөштүрүүчү бөлүгүндө тийиштүү жүйөлөрдү келтирип, айыптын ал бөлүгү негизсиз деп айыптан чыгарып салуу жетиштүү.‖.

  14. 13

    Токтомдун 15-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “Жабырлануучунун мыйзамсыз же укук ченемсиз аракеттеринин натыйжасында киши өлтүрүү, башкача айтканда, кишини өлтүрүү жабырлануучунун зордоосунан же мазактоосунан улам капысынан келип чыккан ачууга өтө алдырган абалында (аффект) же зарыл коргонуунун чектеринен ашуунун натыйжасында жасалса, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 122-бер. менен эмес, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 123-бер. жана 124-бер. менен квалификацияланууга жатат. -- 3 of 11 -- Кыргыз Республикасынын КЖКнын 122-бер. 2-б. 1, 2, 6, 7-п.п. каралган жагдайларда киши өлтүрүү жабырлануучунун зордоосунан же мазактоосунан улам капысынан келип чыккан ачууга өтө алдырган абалында (аффект) же зарыл коргонуунун чектеринен ашуунун натыйжасында киши өлтүрүү катары квалификацияланбашы керек.”.

  15. 14

    Токтомдун 16-пунктунда ―305-ст. 2-б. 3, 4-п.п.‖ - деген сөздөр ―338-бер. 2-б. 1, 2- п.п.‖- деген сөздөр менен алмаштырылсын.

  16. 15

    Токтомдун 17-пункту алып салынсын.

  17. 16

    Токтомдун 17-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: ―Кыргыз Республикасынын КЖКнын 130-бер. каралган, ден соолукка оор зыян келтирүү катары квалификацияланган кылмыш, ошондой эле киши өлтүрүү сыяктуу, тикелей кара ниеттик менен да, кыйыр кара ниеттик менен да жасалышы мүмкүн. Эгерде күнөөлүү адам ден соолукка атайылап ар кандай оордуктагы болбосун залал келтирүүчү, ошонун ичинде өлүмгө алып келүүчү аракеттерди жасаса, анын аракети келип чыккан натыйжа боюнча квалификацияланат.‖

  18. 17

    Токтомдун 18-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: ―Кыргыз Республикасынын КЖКнын 130-бер. 3-б. 1-п боюнча ден соолукка оор зыян келтирүүнүн натыйжасында адамдын өлүмүнө алып келген кылмыш, айыпкердин ден соолукка оор зыян келтирүү ниети жана анын кесепетине — башкача айтканда, өлүмгө — этиятсыздык формасындагы күнөөсү аныкталганда гана квалификацияланат. Ден соолукка оор зыян келтирүүнүн натыйжасында жабырлануучунун өлүмү дароо эмес, кийин пайда болуп, ошол эле учурда киши өлтүрүү ниети аныкталса, мындай кылмыш КЖКнын 122-бер. курамына камтылат жана Кыргыз Республикасынын КЖКнын 130-бер. 3-б. 1-п. боюнча квалификацияланбашы керек Күнөөлүүнүн ниетинин мазмуну жөнүндөгү маселени чечүүдө соттор кылмыштын бардык жагдайларын, атап айтканда, кылмыш жасоонун каражаттары жана куралдары, аны колдонуунун ыкмасын, денедеги жаракаттардын саны, мүнөзү, жайгашкан жерлерин (мисалы, адамдын өмүрү үчүн маанилүү органдарына: башына, мойнуна, бооруна, жука чурайга), кылмыш аракеттеринин токтотулуш себебин жана башка ушул сыяктуу, ошондой эле кылмыш болоордун алдындагы күнөөлүүнүн жана жабырлануучунун жүрүш-туруштарын алардын өз ара мамилелерин, кылмыш жасалгандан кийинки аракеттердин мүнөзүн эске алуулары тийиш. Киши өлтүрүүгө аракеттенүү тикелей ниетте гана жасалышы мүмкүн, ошондуктан күнөөлүүнүн аракетинен өлүмгө дуушар болбосо, эгерде күнөөкөр өз аракетинин коомго коркунучтуулугун түшүнсө, жабырлануучунун өлөөрүн алдын ала билип, анын өлүмүн кааласа, бирок өлүм натыйжасы ага көз карандысыз эмес жагдайлар боюнча аягына чыкпаса, ал киши өлтүрүүгө аракеттенүү деп квалификациялоого жатат. Ок атуучу куралды, бычак, ж.б. колдонуу, өмүр үчүн маанилүү органдарга жаракат келтирүү, башка далилдер менен бирдикте, өлтүрүүгө тикелей ниет болгондугун күбөлөндүрүшү мүмкүн.‖.

  19. 18

    Токтомдун 19-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: ―Ден соолукка оор зыян келтирип, этиятсыздыктан адамдын өлүмүнө алып келүүнү, этиятсыздыктан адам өлтүрүүдөн айырмалай билүү зарыл. Этиятсыздыктан адам өлтүрүүдө айыпкерде ден соолукка оор зыян келтирүү да, өлүмгө алып келүү да ниети болбойт. Ал эми байкабастыктан жабырлануучунун өлүмүнө алып келген ден соолукка -- 4 of 11 -- оор зыян келтирилгенде, адамдын ниети өлүмгө эмес, ден соолукка оор зыян келтирүүгө багытталган.‖.

  20. 19

    Токтомдун 21-пункту алып салынсын.

  21. 20

    Токтомдун 22-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: ―Жабырлануучунун бетине кетпес так салуу деген белги боюнча залалды оор деп табуу маселесин чечүүдө соттор соттук-медициналык экспертизанын корутундусунун негизинде коомдо калыптанган эстетикалык түшүнүктөрдү жетекчиликке алып, ал жагдай далилденген учурда жабырлануучунун бетине кетпес так салган деп аныктоосу тийиш. Бетке кетпес так салуу деп табуу маселесин чечүү соттук-медициналык эксперттин эмес, соттун ыйгарым укугуна кирет.‖.

  22. 21

    Токтомдун 23-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: Соттор жаза чектөөдө кылмыштын бардык жагдайларын чогуу: ниеттин түрүн, кылмыштын жүйөсүн жана максатын, жагдайын, ыкмасын, аткаруу баскычын, натыйжасынын оордугун, күнөөлүүнүн өздүгүн жана жазаны жеңилдетүүчү жана оордотуучу жагдайларды эске алууга милдеттүү. Сот өкүмдө кылмыштын коомго коркунучтуулук мүнөзүн жана даражасын айкын күбөлөндүрүүчү жагдайларды, ошондой эле күнөөлүүнүн өздүгү жөнүндөгү маалыматтарды жаза чектөөдө эске алынгандыгын көрсөтүүгө милдеттүү. Иш боюнча аныкталган айыпталуучуну терс мүнөздөөчү аныкталган жагдайлар (спирт ичимдигин ичүү, үй-бүлөгө, кызматка жаман мамиле жасоо, коомдук тартипти бузуу ж.б.) Кыргыз Республикасынын КЖКнын 74-бер. көрсөтүлгөн жазаны оордотуучу жагдайларга эмес, күнөөлүүнүн өздүгүнө тиешелүү болот жана жаза чектөөдө эске алынууга жатат.

  23. 22

    Токтомдун 24-пункту алып салынсын.

  24. 23

    Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Регламенти менен белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы М.А. Сатыев Пленумдун катчысы, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Т.Т. Чаргынова -- 5 of 11 -- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН ПЛЕНУМУНУН ТОКТОМУ 2017-жылдын 1-декабры Бишкек шаары № 16 "Киши өлтүрүүлөр жөнүндөгү жана саламаттыкка oop залал келтирүүдөн жабырлануучунун өлүмүнө алып келген иштер боюнча соттук тажрыйба тууралуу" (КР ЖС Пленумунун 2025-жылдын 25-декабрындагы №39- токтомунун редакциясына ылайык) Киши өлтүрүүлөр жөнүндөгү жана саламаттыкка оор залал келтирүүдөн улам байкабастыктан жабырлануучунун өлүмүнө алып келген иштер боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамын туура жана бирдей колдонуу жана соттук тажрыйбадагы кемчиликтерди жоюу максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленуму токтом кылат:

  25. 1

    Киши өлтүрүүлөр жөнүндөгү жана ден соолукка оор залал келтирүү боюнча кылмыш иштерин кароодо мыйзамды так сактоо керектигине соттордун көңүлү бурулсун. Ар бир иштин материалдарын, айыпталуучунун жана жабырлануучунун жеке өздүгүн, кылмыштын жүйөлөрүн, максатын, жасалуу ыкмасын, ниеттин багытын кылдат изилдеп, адамдын күнөөсү жана анын аракетинин квалификациясы жөнүндө тыянактарды чогуу каралган жагдайларга негиздеп, өкүмдө айкын далилдерди көрсөтүү зарыл.

  26. 2

    Айыптоо өкүмү божомолдоолорго эмес, иш боюнча бардык жагдайлар изилденип, далилдерде болгон карама-каршылыктарга тийиштүү баа берилген учурда гана тиешелүү жана ишенимдүү далилдердин негизинде чыгарылышы керек экендигин, соттор эске алышы керек.

  27. 3

    Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 178-бер. талаптарына ылайык, өлүмдүн себеби, ошондой эле ден соолукка келтирилген зыяндын мүнөзү жана даражасы, соттук- медициналык экспертиза тарабынан аныкталат. Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 331, 332-бер талаптарын так сактоо менен, керек болгон учурда соттор түшүндүрмө берүү үчүн эксперттерди соттук отурумга чакыруулары тийиш. Эгерде сот тергөөдө корутунду берген эксперттин катышуусуз ишти кароого мүмкүн деп эсептесе, ал корутунду сот отурумунда изилденип ага баа берилүүгө тийиш. 4 Өзү же башка адамдар үчүн материалдык пайда (акча, буюмдар, мүлктүк укук, турак жай укугу, үчүнчү адамдардан сыйлык ж.б.) алуу максатында же материалдык чыгымдардан кутулуу максатында жасалган (мүлктү, карызды кайтаруудан кызмат көрсөтүүнү төлөөдөн, мүлктүк милдетти аткаруудан алимент төлөөдөн ж.б.) же жалданып, ошого тете каракчылык, опузалап талап кылуу же террордук акт менен коштолгон киши өлтүрүү Кыргыз Республикасынын КЖКнын 122-бер. 2-б. 10, 12-п. менен калификацияланууга жатат.

  28. 5

    Соттор хулигандык максат менен киши өлтүрүүнү жекече кастык мамилелерден улам келип чыккан мушташууда жана чатакташууда, өч алууда, кызганууда же башка себептерден келип чыккан киши өлтүрүүдөн так ажыратуулары зарыл. Хулигандык максат менен киши өлтүрүүнү квалификациялоодо, башка адамды өлтүрүүгө умтулуусунун түздөн-түз чечүүчү себеби жабырлануучунун укук ченемсиз аракеттери -- 6 of 11 -- эмес, күнөөлүүнүн коомдук тартипке, адамгерчиликтин жалпы таанылган ченемдерине ачык чакырык таштаган жана өзүн коомчулукка карама-каршы коюуга, аларга шалаакы мамилесин көрсөтүүгө болгон жүрүм-туруму экендигин аныктоо зарыл. Хулигандык максат менен киши өлтүрүү көпчүлүк учурда эч себепсиз же өтө эле майда себепти шылтоо катары колдонуу менен жасала тургандыгын эске алуу керек. (КР ЖС Пленумунун 2025-жылдын 25-декабрындагы №39- токтомунун редакциясына ылайык) Өз ара кастык мамилелерден улам келип чыккан өч алуу жана башка максаттар менен киши өлтүрүү, кылмыштын жасалган ордуна карабастан, хулигандык максат менен жасалган деп квалификацияланбоосу керек.

  29. 6

    Жабырлануучунун өзүнүн кызматтык, кесиптик же коомдук милдетин аткаруудагы укук ченемдүү аракеттерине тоскоолдук кылуу же ошол аракеттер үчүн өч алуу максатында киши өлтүрүү Кыргыз Республикасынын КЖКнын 122-бер. 2-б. 4-п. менен квалификациялануусу керек. Кыргыз Республикасынын КЖКнын 122-бер. 2-б. 4-п. менен кылмышты туура квалификациялоо үчүн соттор жабырлануучунун кызматтык, кесиптик же коомдук милдетин аткаруудагы укук ченемдүү кайсы аракеттери кылмыш жасоого түрткү болгондугун текшерүүлөрү керек. Жабырлануучунун кызматтык, кесиптик милдеттерине кирген же коомдун же айрым адамдардын кызыкчылыктары үчүн иштеген аракеттери анын укук ченемдүү аракеттери деп эсептелет. Кылмыш болтурбоого катышкандыгы же даярдалып жаткан же жасалган кылмыш жөнүндө тийиштүү органдарга кабарлагандыгына байланыштуу киши өлтүрүү, жабырлануучу өзүнүн кызматтык, кесиптик же коомдук милдетин аткарган катары, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 122-бер. 2-б. 4-п. менен квалификацияланууга жатат.

  30. 7

    Эки же андан көп кишини өлтүргөндүн аракети, эгерде анын ниети бирдей болуп жана эреже катары кылмыштар бир эле мезгилде жасалса, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 122-бер. 2-б. 1-п. менен квалификациялоого жатат. Бир кишини өлтүрүү жана экинчисинин өмүрүнө кол салуу, эки же андан көп кишилерди өлтүргөн катары бүткөн кылмыш деп эсептөөгө мүмкүн эмес, себеби эки же андан көп кишини өлтүрүү максаты күнөөлүүнүн эркине көз каранды эмес себептер боюнча ишке ашпаган болсо, кылмыш Кыргыз Республикасынын КЖКнин 122-бер. 1-б. жана 37, 122-бер. 2-б. 1-п менен квалификациялануусу тийиш. Мындай учурда кылмышты Кыргыз Республикасынын КЖКнин 37, 122-бер. 2-б. 1-п. менен квалификациялоо үчүн күнөөлүүнүн аракеттеринин кезеги мааниге ээ болбойт, себеби бир эле учурда бир кишини өлтүрүп, экинчисине кол салууда биринчи жабырлануучунун өлүшү, экинчисинин аман калышы же тескерисинче болушу мүмкүн. (КР ЖС Пленумунун 2025-жылдын 25-декабрындагы №39- токтомунун редакциясына ылайык)

  31. 8

    Киши өлтүрүү эки же бир нече адам тарабынан жасалганда алардын ар биринин кылмышка катышуусунун даражасы жана мүнөзү дыкаттык менен изилденүүгө жатат. Бул учурда кылмыштын аткаруучулары деп кишини өлтүрүүгө карасанатайлык менен бирдикте аракет жасашкан, жабырлануучуну өлтүрүүгө түздөн-түз катышкан адамдар эсептелет. -- 7 of 11 --

  32. 9

    Кишини өлтүрүү уюшулган топ тарабынан жасалууга мүмкүндүгүн эске алып, кишини өлтүргөндүгү үчүн бир нече адам жоопко тартылган иштерди кароодо соттор кылмыштын катышуучуларынын алдын ала макулдашуусу болгондугун, алардын ар кимисинин ролдору бөлүштүрүлгөндүгүн жана уюшулган топ же андай эмес деген жыйынтыкка келе турган башка жагдайларды милдеттүү түрдө изилдөөлөрү тийиш. Кыргыз Республикасынын КЖКнин 74-бер. 1-б. 1-п. ылайык кылмышты уюшулган топ тарабынан жасоо жазаны оордотуучу жагдай болуп эсептелет. (КР ЖС Пленумунун 2025-жылдын 25-декабрындагы №39- токтомунун редакциясына ылайык)

  33. 10

    Айыпталуучунун аракетин өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөн деп Кыргыз Республикасынын КЖКнын 122-бер. 2-б. 7-п. менен квалификациялоодо өзгөчө мыкаачылык деген белгиге киши өлтүрүүнүн ыкмасы, өтө мыкаачылыгын күбөлөндүргөн башка жагдайлар дагы кире тургандыгын эске тутуу керек. Жабырлануучуну өлтүрөөрдүн алдында же өлтүрүүдө кыйноо, уруп-сабоо жолу менен өзгөчө азап чектирүү же жабырлануучуга адамкерчиликсиз мамиле жасоо же киши өлтүрүү жабырлануучуга өзгөчө кордук көрсөтүү жолу менен (денесине көп сандаган жаракаттарды келтирүү, кыйноочу ууну колдонуу, адамды тирүүлөй өрттөө, узак убакыт тамак, жылуулук, суу бербөө ж.б.) жасалса, ал кишини өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүү деп эсептелет. Кишини анын жакын туугандарынын көзүнчө өлтүрүү, эгерде күнөөлүү өзүнүн аракеттери менен аларга өзгөчө азап чектиргенин билсе, кишини өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүү деп эсептелет. Кылмышты жашыруу максатында өлүктү жок кылуу же айрым бөлүктөргө ажыратуу киши өлтүрүү өзгөчө мыкаачылык менен жасаган деп квалификациялоого негиз болбойт. Жабырлануучу тарабынан зордоонун же катуу шылдыңдоонун натыйжасында капыстан келип чыккан ачууга өтө алдырган же аргасыз коргонуунун чегинен ашып кетүүнүн натыйжасында өлтүрүү, анын көп жаракат келтирүү, өзгөчө мыкаачылык же адамдын жакын туугандарынын көзүнчө өлтүрүү деген белгилери бардыгына карабастан тийиштүү түрдө Кыргыз Республикасынын КЖКнин 123-бер. жана 124-бер. менен квалификациялануусу тийиш. (КР ЖС Пленумунун 2025-жылдын 25-декабрындагы №39- токтомунун редакциясына ылайык)

  34. 11

    Күнөөкөр белгилүү бир кишини өлтүрүү максатын ишке ашырууда башка кишилердин дагы өмүрүнө анык коркунуч туудура тургандыгын билсе, анын аракети киши өлтүрүүнү көп адамдын өмүрү үчүн коркунучтуу жол менен жасаган деп квалификациялануусу тийиш. Эгерде башка адамдардын денесине жаракат келтирилсе, күнөөлүү адам анын болушун алдын ала билсе жана кааласа, кылмыш Кыргыз Республикасынын КЖКнин 97- ст. 2-б. 5-п. жана Кыргыз Республикасынын КЖКнин саламаттыкка атайылап залал келтирүү жөнүндөгү тиешелүү статьялар менен чогуу квалификацияланууга жатат.

  35. 12

    Зордуктоо учурунда же аны жашыруу максатында, ошондой эле зордуктоо учурунда көрсөткөн каршылыгы үчүн өч алуу максатында киши өлтүрүүнү зордуктоо менен коштолгон киши өлтүрүү деп түшүнүлүүгө жатат. Киши өлтүрүү зордуктоо менен коштолгон учурда, күнөөкөр эки объектке кол салат - жабырлануучунун өмүрү жана анын жыныстык эркиндиги, тактап айтканда эки өзүнчө -- 8 of 11 -- кылмыш жасалып жатат, бул учурда күнөөлүүнүн аракети Кыргыз Республикасынын КЖКнин 97-ст. 2-б. 7-п. жана 154-бер. тиешелүү бөлүгү менен квалификацияланууга жатат. (КР ЖС Пленумунун 2025-жылдын 25-декабрындагы №39- токтомунун редакциясына ылайык)

  36. 13

    Бир кишини өлтүрүүдө Кыргыз Республикасынын КЖКнын 122-бер. 2-б. пункттарында көрсөтүлгөн эки же андан көп оордотуучу жагдайлар болсо, аны квалификациялоодо Кыргыз Республикасынын КЖКнын 122-бер. бир эле жолу, ал эми анын пункттарынын баары көрсөтүлүүгө тийиш. Мында, жаза Кыргыз Республикасынын КЖКнын 122-бер. ар бир пункту боюнча чектелбейт. Бирок, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 122-бер. тийиштүү пункттары менен жаза чектөөдө бир нече оордотуучу жагдайлар эске алынуусу зарыл

  37. 14

    Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 300-бер. ылайык, айыпталуучунун аракеттеринин квалификациясын КЖКнын 122-бер. 2-б. бир пункттан башкасына өзгөртүүгө соттун укугу жок, эгерде мындай өзгөртүү айыптоо мазмунун олуттуу өзгөртсө, айыпталуучунун абалын оорлотсо же кошумча териштирүүгө тийиш жаңы жагдайларды аныктоону талап кылса. Сот тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнын 122-бер. 2-б. туура эмес колдонулган пунктту бул эле берененин 2-бөлүгүнүн башка пункту менен алмаштыруу аны айыпталуучунун абалын оорлотпосо жана анын коргоо укугун бузбаса гана мүмкүн. Эгерде соттолуучу бир кишини өлтүргөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын КЖКнын 122-бер. 2-б. эки же андан көп пункттары менен айыпталса, бирок айрым пункттар боюнча айыптар далилденбесе, сот өкүмдүн баяндоочу-жүйөлөштүрүүчү бөлүгүндө тийиштүү жүйөлөрдү келтирип, айыптын ал бөлүгү негизсиз деп айыптан чыгарып салуу жетиштүү.жүйөлөрдү келтирип, айыптын ал бөлүгү негизсиз деп айыптан чыгарып салуу жетиштүү.

  38. 15

    Жабырлануучунун мыйзамсыз же укук ченемсиз аракеттеринин натыйжасында киши өлтүрүү, башкача айтканда, кишини өлтүрүү жабырлануучунун зордоосунан же мазактоосунан улам капысынан келип чыккан ачууга өтө алдырган абалында (аффект) же зарыл коргонуунун чектеринен ашуунун натыйжасында жасалса, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 122-бер. менен эмес, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 123-бер. жана 124-бер. менен квалификацияланууга жатат. Кыргыз Республикасынын КЖКнын 122-бер. 2-б. 1, 2, 6, 7-п.п. каралган жагдайларда киши өлтүрүү жабырлануучунун зордоосунан же мазактоосунан улам капысынан келип чыккан ачууга өтө алдырган абалында (аффект) же зарыл коргонуунун чектеринен ашуунун натыйжасында киши өлтүрүү катары квалификацияланбашы керек. (КР ЖС Пленумунун 2025-жылдын 25-декабрындагы №39- токтомунун редакциясына ылайык)

  39. 16

    Бийликтин же кызматтык ыйгарым укуктун чегинен чыгып киши өлтүргөндүгү үчүн күнөөлүүнүн аракеттери кишини өлтүргөндүгү үчүн жоопкерчилик каралган жана Кыргыз Республикасынын КЖКнин 338-бер. 2-б. 1, 2-п.п. менен чогуу квалификациялануусу тийиш. (КР ЖС Пленумунун 2025-жылдын 25-декабрындагы №39- токтомунун редакциясына ылайык)

  40. 17

    Кыргыз Республикасынын КЖКнын 130-бер. каралган, ден соолукка оор зыян келтирүү катары квалификацияланган кылмыш, ошондой эле киши өлтүрүү сыяктуу, -- 9 of 11 -- тикелей кара ниеттик менен да, кыйыр кара ниеттик менен да жасалышы мүмкүн. Эгерде күнөөлүү адам ден соолукка атайылап ар кандай оордуктагы болбосун залал келтирүүчү, ошонун ичинде өлүмгө алып келүүчү аракеттерди жасаса, анын аракети келип чыккан натыйжа боюнча квалификацияланат.

  41. 18

    Кыргыз Республикасынын КЖКнын 130-бер. 3-б. 1-п боюнча ден соолукка оор зыян келтирүүнүн натыйжасында адамдын өлүмүнө алып келген кылмыш, айыпкердин ден соолукка оор зыян келтирүү ниети жана анын кесепетине — башкача айтканда, өлүмгө — этиятсыздык формасындагы күнөөсү аныкталганда гана квалификацияланат. Ден соолукка оор зыян келтирүүнүн натыйжасында жабырлануучунун өлүмү дароо эмес, кийин пайда болуп, ошол эле учурда киши өлтүрүү ниети аныкталса, мындай кылмыш КЖКнын 122-бер. курамына камтылат жана Кыргыз Республикасынын КЖКнын 130-бер. 3-б. 1-п. боюнча квалификацияланбашы керек Күнөөлүүнүн ниетинин мазмуну жөнүндөгү маселени чечүүдө соттор кылмыштын бардык жагдайларын, атап айтканда, кылмыш жасоонун каражаттары жана куралдары, аны колдонуунун ыкмасын, денедеги жаракаттардын саны, мүнөзү, жайгашкан жерлерин (мисалы, адамдын өмүрү үчүн маанилүү органдарына: башына, мойнуна, бооруна, жука чурайга), кылмыш аракеттеринин токтотулуш себебин жана башка ушул сыяктуу, ошондой эле кылмыш болоордун алдындагы күнөөлүүнүн жана жабырлануучунун жүрүш-туруштарын алардын өз ара мамилелерин, кылмыш жасалгандан кийинки аракеттердин мүнөзүн эске алуулары тийиш. Киши өлтүрүүгө аракеттенүү тикелей ниетте гана жасалышы мүмкүн, ошондуктан күнөөлүүнүн аракетинен өлүмгө дуушар болбосо, эгерде күнөөкөр өз аракетинин коомго коркунучтуулугун түшүнсө, жабырлануучунун өлөөрүн алдын ала билип, анын өлүмүн кааласа, бирок өлүм натыйжасы ага көз карандысыз эмес жагдайлар боюнча аягына чыкпаса, ал киши өлтүрүүгө аракеттенүү деп квалификациялоого жатат. Ок атуучу куралды, бычак, ж.б. колдонуу, өмүр үчүн маанилүү органдарга жаракат келтирүү, башка далилдер менен бирдикте, өлтүрүүгө тикелей ниет болгондугун күбөлөндүрүшү мүмкүн.

  42. 19

    Ден соолукка оор зыян келтирип, этиятсыздыктан адамдын өлүмүнө алып келүүнү, этиятсыздыктан адам өлтүрүүдөн айырмалай билүү зарыл. Этиятсыздыктан адам өлтүрүүдө айыпкерде ден соолукка оор зыян келтирүү да, өлүмгө алып келүү да ниети болбойт. Ал эми байкабастыктан жабырлануучунун өлүмүнө алып келген ден соолукка оор зыян келтирилгенде, адамдын ниети өлүмгө эмес, ден соолукка оор зыян келтирүүгө багытталган. (КР ЖС Пленумунун 2025-жылдын 25-декабрындагы №39- токтомунун редакциясына ылайык)

  43. 20

    Өлүмгө алып келген саламаттыкка атайылап оор залал келтирүүнү байкоосуздуктан киши өлтүрүүдөн ажырата билүү зарыл. Байкоосуздуктан киши өлтүрүүдө, күнөөлүүнүн жабырлануучунун саламаттыгына оор залал келтирүү же аны өлүмгө учуратуу ниети болбогондугун, ал эми өлүмгө алып келген саламаттыгына атайылап оор залал келтирүүдө күнөөкөрдүн ниети жабырлануучунун саламаттыгына оор залал келтирүүгө багытталгандыгын эске алуу керек. 21.( КР ЖС Пленумунун 2025-жылдын 25-декабрындагы №39- токтомунун редакциясына ылайык алып салынган) -- 10 of 11 --

  44. 22

    Жабырлануучунун бетине кетпес так салуу деген белги боюнча залалды оор деп табуу маселесин чечүүдө соттор соттук-медициналык экспертизанын корутундусунун негизинде коомдо калыптанган эстетикалык түшүнүктөрдү жетекчиликке алып, ал жагдай далилденген учурда жабырлануучунун бетине кетпес так салган деп аныктоосу тийиш. Бетке кетпес так салуу деп табуу маселесин чечүү соттук-медициналык эксперттин эмес, соттун ыйгарым укугуна кирет.

  45. 23

    Соттор жаза чектөөдө кылмыштын бардык жагдайларын чогуу: ниеттин түрүн, кылмыштын жүйөсүн жана максатын, жагдайын, ыкмасын, аткаруу баскычын, натыйжасынын оордугун, күнөөлүүнүн өздүгүн жана жазаны жеңилдетүүчү жана оордотуучу жагдайларды эске алууга милдеттүү. Сот өкүмдө кылмыштын коомго коркунучтуулук мүнөзүн жана даражасын айкын күбөлөндүрүүчү жагдайларды, ошондой эле күнөөлүүнүн өздүгү жөнүндөгү маалыматтарды жаза чектөөдө эске алынгандыгын көрсөтүүгө милдеттүү. Иш боюнча аныкталган айыпталуучуну терс мүнөздөөчү аныкталган жагдайлар (спирт ичимдигин ичүү, үй-бүлөгө, кызматка жаман мамиле жасоо, коомдук тартипти бузуу ж.б.) Кыргыз Республикасынын КЖКнын 74-бер. көрсөтүлгөн жазаны оордотуучу жагдайларга эмес, күнөөлүүнүн өздүгүнө тиешелүү болот жана жаза чектөөдө эске алынууга жатат. (КР ЖС Пленумунун 2025-жылдын 25-декабрындагы №39- токтомунун редакциясына ылайык)

  46. 24

    (КР ЖС Пленумунун 2025-жылдын 25-декабрындагы №39- токтомунун редакциясына ылайык алып салынган.

  47. 25

    Соттор тергөө органдарынын иш боюнча аныкталган материалдык жана процесстик мыйзам ченемдерин бузгандыктары аныкталган учурда жай аныктамалар менен көңүл буруулары зарыл.

  48. 26

    Ушул токтом кабыл алынган учурдан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун 1992-жылдын 25-декабрындагы № 8 "Карасанатайлык менен адам өлтүрүү жана денеге оор жаракат келтирүү жөнүндөгү иштер боюнча соттук практика тууралуу" токтому күчүн жоготту деп табылсын. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы А. Токбаева Пленумунун катчысы, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы К.Осмоналиев -- 11 of 11 --