Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 62 БК
БК КР · гл. 13Статус: действует

Статья 62. Государственный внешний заем

1.

Решение о получении государственного внешнего займа принимается Кабинетом Министров по согласованию с Жогорку Кенешем.

2.

Договоры по предоставлению займов Кыргызской Республике, являющиеся международными договорами, подлежат ратификации в соответствии с Законом Кыргызской Республики "О международных договорах Кыргызской Республики".

Договоры по предоставлению займов Кыргызской Республике, не являющиеся международными договорами, утверждаются законом Кыргызской Республики.

3.

Решение Кабинета Министров о получении государственного займа посредством выпуска государственных ценных бумаг, размещаемых на внешнем рынке, одобряется Жогорку Кенешем.

4.

Государственный внешний заем должен быть получен и возвращен в порядке, определяемом Кабинетом Министров, финансовым агентом, назначаемым в соответствии с законодательством Кыргызской Республики.

5.

Функции и обязанности институтов, участвующих в процессе заимствования, по привлечению, распределению, обслуживанию и возврату внешнего займа определяются Кабинетом Министров.

6.

Внешний заем должен быть получен и возвращен через финансового агента Кабинета Министров, который назначается в соответствии с законодательством Кыргызской Республики.

7.

Процедура привлечения, распределения и возврата внешнего займа, так же как функции и обязанности институтов, участвующих в процессе заимствования, должны быть предусмотрены соответствующим решением Кабинета Министров.

(В редакции Законов КР от 18 января 2022 года № 2, 18 апреля 2025 года № 77)

Кыргызча
Мамлекеттик тышкы зайым 1. Мамлекеттик тышкы зайым алуу жөнүндө чечим Жогорку Кеңеш менен макулдашуу боюнча Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат. 2. Эл аралык келишимдер болуп саналган Кыргыз Республикасына зайым берүү жөнүндө келишимдер "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ратификацияланууга жатат. Эл аралык келишим болуп саналбаган Кыргыз Республикасына зайым берүү жөнүндө келишимдер Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен бекитилет. 3. Тышкы рынокто жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу аркылуу мамлекеттик зайым алуу тууралуу Министрлер Кабинетинин чечими Жогорку Кеңеш тарабынан жактырылат. 4. Мамлекеттик тышкы зайым Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте дайындалуучу каржылык агент тарабынан алынууга жана кайтарылууга тийиш. 5. Тышкы зайымды тартуу, бөлүштүрүү, тейлөө жана кайтарып берүү боюнча зайым алуу процессине катышуучу институттардын иш-милдеттери жана милдеттери Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. 6. Тышкы зайым Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дайындалган Министрлер Кабинетинин каржылык агенти аркылуу алынууга жана кайтарылууга тийиш. 7. Тышкы зайым тартуунун, бөлүштүрүүнүн жана кайтаруунун жол-жоболору, карызга алуу процессине катышкан институттардын иш-милдеттери жана милдеттери сыяктуу эле Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечими менен каралууга тийиш. (КР 2022-жылдын 18-январындагы № 2, 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)