Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 5
Закон КР от 21 января 2025 года № 18 "О свободе вероисповедания и религиозных объединениях" · гл. 1Статус: действует

Статья 5. Государство и религиозные объединения

1.

Политика государства в сфере свободы вероисповедания строится на том, что:

1) Кыргызская Республика - светское государство, где не допускается вмешательство религиозных организаций и служителей религиозных культов в деятельность органов государственной власти и местного самоуправления;

2) никакая религия не может устанавливаться в качестве государственной или обязательной;

3) вероучение религиозных организаций не может устанавливаться в качестве обязательного для граждан;

4) все религии и религиозные организации равны перед законом;

5) взаимоотношения государства и религиозных организаций регулируются законом с учетом их влияния на формирование духовных, культурных, государственных и национальных традиций.

2.

Государство способствует установлению отношений взаимной терпимости и уважения между гражданами, исповедующими религию и не исповедующими религию, религиозными организациями различных вероисповеданий, а также между их последователями.

3.

Попытка религиозных организаций и религиозных деятелей оказать какое-либо давление на государственные органы, органы местного самоуправления и их должностных лиц влечет ответственность в соответствии с уголовным законодательством или законодательством о правонарушениях.

4.

Государство не вмешивается в деятельность религиозных организаций, если они не нарушают законодательство Кыргызской Республики, не допускают установления каких-либо преимуществ или ограничения одной религии или вероисповедания по отношению к другим, не финансирует деятельность религиозных организаций и деятельность по пропаганде атеистических и иных религиозных убеждений.

5.

При поступлении религиозных деятелей на государственную или муниципальную службу их религиозная деятельность на данный срок приостанавливается.

6.

В местах богослужения не допускается проведение собраний, митингов, предвыборной агитации и других мероприятий политического характера.

7.

В Кыргызской Республике запрещается:

1) создание партий и иных политических формирований на религиозной основе, а также участие религиозных объединений в политической деятельности или ее финансирование религиозными деятелями, в том числе через СМИ и сети Интернет;

2) участие религиозных деятелей в течение 5 лет после приостановления ими религиозной деятельности в качестве претендента на замещаемую посредством выборов должность Президента, кандидата в депутаты Жогорку Кенеша Кыргызской Республики и местных кенешей; внесение добровольных пожертвований в избирательные фонды; проведение ими агитации, выпуск и распространение любых агитационных материалов;

3) проведение предвыборной агитации, собраний и других мероприятий политического характера в местах религиозного назначения, а также отображение и иное использование информации (изображений), содержащей прямые и косвенные заимствования или ссылки на религиозную тематику;

4) вмешательство религиозных деятелей в деятельность государственных органов, органов местного самоуправления и их должностных лиц, в том числе оказание на них давления в любой форме;

5) создание религиозных объединений в государственных органах, органах местного самоуправления, государственных и муниципальных учреждениях, а также в соединениях, частях и подразделениях Вооруженных Сил Кыргызской Республики;

6) функционирование религиозных объединений, деятельность которых направлена на насильственное изменение конституционного строя, подрыв национальной безопасности, разжигание социальной, расовой, межнациональной и религиозной розни;

7) использование служебного или должностного положения в целях распространения религии либо воспрепятствования религиозной деятельности и дискриминации по признакам вероисповедания;

8) распространение религиозными деятелями или субъектами религиозной деятельности информации, направленной на отказ от обязательной или рекомендованной вакцинации, установленной законодательством Кыргызской Республики.

Кыргызча
Мамлекет жана диний бирикмелер 1. Дин тутуу эркиндиги чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат төмөнкүлөрдөн түзүлөт: 1) Кыргыз Республикасы - дин аралашпаган мамлекет, анда диний уюмдардын жана диний сыйынуу кызматчыларынын мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине кийлигишүүсүнө жол берилбейт; 2) эч бир дин мамлекеттик же милдеттүү дин катары белгилениши мүмкүн эмес; 3) диний уюмдардын диний окуусу жарандар үчүн милдеттүү катары белгилениши мүмкүн эмес; 4) бардык диндер жана диний уюмдар мыйзам алдында бирдей; 5) мамлекет менен диний уюмдардын өз ара мамилелери алардын руханий, маданий, мамлекеттик жана улуттук каада-салттарды калыптандырууга тийгизген таасирин эске алуу менен мыйзам аркылуу жөнгө салынат. 2. Мамлекет динди тутунган жана динди тутунбаган жарандардын, ар кандай дин туткан диний уюмдардын ортосунда, ошондой эле алардын жолун жолдоочулардын ортосунда өз ара сабырдуулук жана урматтоо мамилелерин орнотууга өбөлгө түзөт. 3. Диний уюмдардын жана диний ишмерлердин мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана алардын кызмат адамдарына кандайдыр бир кысым көрсөтүү аракеттери кылмыш-жаза мыйзамдарына же укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке алып келет. 4. Эгерде диний уюмдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузбаса, бир диндин же дин ишениминин башкаларга карата кандайдыр бир артыкчылыктарын белгилөөгө же чектөөгө жол бербесе, диний уюмдардын ишин жана атеисттик же башка диний ынанымдарды пропагандалоо боюнча ишти каржылабаса, мамлекет алардын ишине кийлигишпейт. 5. Диний ишмерлер мамлекеттик жана муниципалдык кызматка киргенде алардын диний иши ошол мөөнөткө токтотулуп турат. 6. Кудайга сыйынуучу жайларда чогулуштарды, митингдерди, шайлоо алдындагы үгүттү жана саясий мүнөздөгү башка иш-чараларды өткөрүүгө жол берилбейт. 7. Кыргыз Республикасында төмөнкүлөргө тыюу салынат: 1) диний негизде партияларды жана башка саясий түзүлүштөрдү түзүүгө, ошондой эле диний бирикмелердин саясий ишке катышуусуна же аны диний ишмерлердин каржылоосуна, анын ичинде ЖМК жана Интернет тармагы аркылуу; 2) өзүнүн диний ишин токтоткондон кийин 5 жылдын ичинде диний ишмерлердин шайлоо аркылуу ээленүүчү Президенттин кызмат ордуна, Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкер катары катышуусуна; шайлоо фонддоруна ыктыярдуу кайрымдуулуктарды берүүсүнө; алардын үгүт жүргүзүүсүнө, кандай болбосун үгүт материалдарын чыгаруусуна жана таратуусуна; 3) диний багыттагы жайларда шайлоо алдындагы үгүттү, чогулуштарды жана саясий мүнөздөгү башка иш-чараларды жүргүзүүгө, ошондой эле диний тематиканы түздөн-түз жана кыйыр түрдө өздөштүрүүнү же шилтемелерди камтыган маалыматтарды (сүрөттөрдү) чагылдырууга жана башкача пайдаланууга; 4) диний ишмерлердин мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын иштерине кийлигишүүсүнө, анын ичинде аларга кандай формада болбосун кысым көрсөтүүсүнө; 5) мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кошуундарында, бөлүктөрүндө жана бөлүмдөрүндө диний бирикмелерди түзүүгө; 6) иши конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө, улуттук коопсуздукту бузууга, социалдык, расалык, улуттар аралык жана диний араздашууларды козутууга багытталган диний бирикмелердин иштешине; 7) динди жайылтуу же болбосо диний ишке тоскоолдук кылуу жана дин тутуу белгилери боюнча басмырлоо максатында кызматын же кызмат абалын пайдаланууга; 8) диний ишмерлердин же диний иштин субъекттеринин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген милдеттүү же сунушталган эмдөөдөн баш тартууга багытталган маалыматтарды жайылтууга.