Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 4
Закон КР от 21 января 2025 года № 18 "О свободе вероисповедания и религиозных объединениях" · гл. 1Статус: действует

Статья 4. Право на свободу вероисповедания

1.

Никакая религия не может быть принята в качестве государственной или обязательной религии в Кыргызской Республике.

В Кыргызской Республике каждому гарантируется право на свободу совести и вероисповедания.

2.

Право каждого свободно и самостоятельно выбирать, исповедовать индивидуально любую религию, в том числе право менять свою религию или убеждения, не быть принужденным к выражению своих религиозных и иных убеждений или отказу от них, пользуется абсолютной защитой.

3.

Ограничение права человека на свободу вероисповедания допускается Конституцией и законами Кыргызской Республики в целях защиты национальной безопасности, общественного правопорядка, охраны здоровья и нравственности населения, защиты прав и свобод других лиц. При этом сущность конституционных свобод и прав не может быть затронута. Вводимые ограничения должны быть соразмерны указанным целям. Принятие подзаконных нормативных правовых актов, ограничивающих права человека на свободу вероисповедания, запрещается.

4.

Все равны перед законом и судом во всех областях гражданской, политической, экономической, социальной и культурной жизни независимо от их отношения к религии и религиозных либо иных убеждений. Указание в официальных документах на отношение человека к религии не допускается.

5.

Иностранные граждане и лица без гражданства, находящиеся на территории Кыргызской Республики, пользуются правом на свободу вероисповедания наравне с гражданами Кыргызской Республики и несут установленную уголовным законодательством или законодательством о правонарушениях ответственность за нарушение требований настоящего Закона и иных нормативных правовых актов.

6.

В Кыргызской Республике не допускается:

1) установление преимуществ, ограничений или иных форм дискриминации в зависимости от отношения к религии и религиозных либо иных убеждений;

2) пропаганда религиозной ненависти, религиозного превосходства, призывающая к дискриминации, вражде или насилию;

3) распространение и пропаганда религии (религиозных течений) в государственных органах, органах местного самоуправления, государственных и муниципальных учреждениях, а также в соединениях, частях и подразделениях Вооруженных Сил Кыргызской Республики;

4) принижение роли традиций и обычаев кыргызского народа религиозными деятелями и религиозными организациями;

5) противопоставление правовых и религиозных норм, дискриминация правовых норм при регулировании общественных отношений и, наоборот, предотвращение продвижения религиозных норм;

6) действие, направленное на обращение в свою религию последователей других вероучений, а также религиозно нейтральных людей и атеистов путем психологического и физического воздействия, угрозы, насилия;

7) проведение публичных мероприятий, размещение текстов и изображений, в том числе в СМИ и сети Интернет, оскорбляющих религиозные чувства граждан;

8) возложение на религиозные объединения выполнения функций государственных органов, государственных учреждений и органов местного самоуправления;

9) подомовой (поквартирный) обход жилых и нежилых помещений, за исключением объектов религиозного назначения, с целью распространения или навязывания религии путем раздачи брошюр и листовок;

10) вовлечение несовершеннолетних лиц в религиозную деятельность, должность.

7.

Никто не имеет права по мотивам своих религиозных убеждений уклоняться от исполнения установленных законом гражданских обязанностей, за исключением случаев, предусмотренных законодательством. Замена исполнения одной обязанности другой по мотивам религиозных убеждений допускается лишь в случаях, предусмотренных законодательством о всеобщей воинской обязанности граждан Кыргызской Республики, о военной и альтернативной службах.

Кыргызча
Дин тутуу эркиндигине болгон укук 1. Кыргыз Республикасында эч бир дин мамлекеттик же милдеттүү дин катары кабыл алынышы мүмкүн эмес. Кыргыз Республикасында ар бир адамга абийир жана дин тутуу эркиндигине болгон укук кепилденет. 2. Ар кимдин кайсы динди болбосун эркин жана өз алдынча тандоо, тутуу укугу, анын ичинде өз динин же ынанымдарын өзгөртүү, өзүнүн диний жана башка ынанымдарын билдирүүгө же алардан баш тартууга мажбурланбашы абсолюттук коргоого алынат. 3. Улуттук коопсуздукту, коомдук укук тартибин, калктын саламаттыгын жана адеп-ахлагын коргоо, башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максатында, адамдын дин тутуу эркиндигине болгон укугун чектөөгө Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзамдары менен жол берилет. Мында конституциялык эркиндиктердин жана укуктардын маңызына доо кетпеши керек. Киргизилген чектөөлөр аталган максаттарга шайкеш болууга тийиш. Адамдын дин тутуу эркиндигине болгон укугун чектөөчү мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга тыюу салынат. 4. Жарандык, саясий, экономикалык, социалдык жана маданий турмуштун бардык тармактарында динге жана диний же болбосо башка ынанымдарга болгон мамилесине карабастан мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей. Расмий документтерде адамдын динге болгон мамилесин көрсөтүүгө жол берилбейт. 5. Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей дин тутуу эркиндигинен пайдаланат жана ушул Мыйзамдын жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузгандыгы үчүн кылмыш-жаза мыйзамдарында же укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарда белгиленген жоопкерчиликти тартат. 6. Кыргыз Республикасында төмөнкүлөргө жол берилбейт: 1) динге жана диний же болбосо башка ынанымдарга карата мамилесине жараша артыкчылыктарды, чектөөлөрдү же басмырлоонун башка түрлөрүн белгилөөгө; 2) басмырлоого, кастыкка же зомбулукка чакырган диний жек көрүүнү, диний артыкчылыкты пропагандалоого; 3) мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кошуундарында, бөлүктөрүндө жана бөлүмдөрүндө динди (диний агымдарды) жайылтууга жана пропагандалоого; 4) диний ишмерлер жана диний уюмдар тарабынан кыргыз элинин каада-салттарынын жана үрп-адаттарынын ролун төмөндөтүүгө; 5) укуктук жана диний ченемдерди карама-каршы коюуга, коомдук мамилелерди жөнгө салууда укуктук ченемдерди басмырлоого жана, тескерисинче, диний ченемдердин илгерилөөсүн токтотууга; 6) психологиялык жана физикалык таасир көрсөтүү, коркутуу, зомбулук көрсөтүү жолу менен башка диний окуулардын жолдоочуларын, ошондой эле диний бейтарап адамдарды жана атеисттерди өз динине өткөрүүгө багытталган аракеттерге; 7) жарандардын диний сезимдерин мазактаган коомдук иш-чараларды өткөрүүгө, тексттерди жана сүрөттөрдү жайгаштырууга, анын ичинде ЖМКда жана Интернет тармагында; 8) диний бирикмелерге мамлекеттик органдардын, мамлекеттик мекемелердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын аткарууну жүктөөгө; 9) китепчелерди жана баракчаларды таратуу жолу менен динди жайылтуу же таңуулоо максатында, диний багыттагы объекттерди кошпогондо, турак жана турак эмес жайларды үймө-үй кыдырууга; 10) жашы жете электерди диний ишке, кызмат ордуна тартууга. 7. Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, эч ким өзүнүн диний ынанымдарынын жүйөлөрү боюнча мыйзамда белгиленген жарандык милдеттерди аткаруудан баш тартууга укуксуз. Диний ынанымдарынын жүйөлөрү боюнча бир милдетти башкасына алмаштырууга Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө мыйзамдарында каралган учурларда гана жол берилет.