Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 26
Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики" · гл. 5Статус: действует

Статья 26. Досрочное прекращение полномочий председателя и заместителя председателя комитета или временной комиссии

1.

Досрочное прекращение полномочий председателя или заместителя председателя комитета, временной комиссии осуществляется в случаях:

1) подачи им письменного заявления о сложении полномочий председателя или заместителя председателя комитета, временной комиссии (отставки);

2) прекращения депутатских полномочий;

3) отзыва Жогорку Кенешем.

2.

Текст письменного заявления о сложении полномочий председателя или заместителя председателя комитета, временной комиссии (отставка) оглашается председательствующим на заседании Жогорку Кенеша и принимается Жогорку Кенешем к сведению.

3.

Досрочное прекращение депутатских полномочий, отзыв депутатского мандата влечет прекращение полномочий председателя или заместителя председателя комитета, временной комиссии.

4.

Вопрос об отзыве председателя, заместителя председателя комитета или временной комиссии вносится в повестку дня заседания решением Жогорку Кенеша по инициативе фракций, депутатских групп, депутата, избранного по одномандатному округу и не вошедшего во фракции и депутатские группы, и должен быть рассмотрен не ранее 3 дней и не позднее пятого дня после подачи соответствующего заявления.

5.

Постановление Жогорку Кенеша об отзыве председателя, заместителя председателя комитета или временной комиссии принимается большинством голосов от общего числа депутатов.

6.

Предложение об отзыве председателя, заместителя председателя комитета или временной комиссии может вноситься одной и той же фракцией, депутатской группой не более одного раза в год.

Кыргызча
Комитеттин же убактылуу комиссиянын төрагасынын жана төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу 1. Комитеттин, убактылуу комиссиянын төрагасынын же төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу төмөнкү учурларда жүзөгө ашырылат: 1) комитеттин, убактылуу комиссиянын төрагасынын же төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын алып салуу (кызматтан кетиши) жөнүндө өздөрү жазуу жүзүндө арыз бергенде; 2) депутаттык ыйгарым укуктар токтотулганда; 3) Жогорку Кеңеш кайра чакыртып алганда. 2. Комитеттин, убактылуу комиссиянын төрагасынын же төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын алып салуу (кызматтан кетиши) жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыздын текстин төрагалык кылуучу Жогорку Кеңештин жыйналышында жарыялайт жана Жогорку Кеңеш эске алат. 3. Депутаттык ыйгарым укуктардын мөөнөтүнөн мурда токтотулушу, депутаттык мандаттын кайра чакыртып алынышы комитеттин, убактылуу комиссиянын төрагасынын же төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарынын токтотулушуна алып келет. 4. Комитеттин же убактылуу комиссиянын төрагасын, төрагасынын орун басарын кайра чакыртып алуу жөнүндө маселе жыйналыштын күн тартибине фракциялардын, депутаттык топтордун, бир мандаттуу округ боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттын демилгеси боюнча Жогорку Кеңештин чечими менен киргизилет жана тиешелүү арыз берген күндөн кийин 3 күндөн эрте эмес жана бешинчи күндөн кечиктирбестен каралууга тийиш. 5. Комитеттин же убактылуу комиссиянын төрагасын, төрагасынын орун басарын кайра чакыртып алуу жөнүндө Жогорку Кеңештин токтому Жогорку Кеңештин комитеттеринин төрагаларын жана алардын орун басарларын шайлоо үчүн белгиленген тартипте депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. 6. Комитеттин же убактылуу комиссиянын төрагасын, төрагасынын орун басарын кайра чакыртып алуу жөнүндө сунуш бир эле фракция, депутаттык топ тарабынан жылына бирден көп эмес киргизилиши мүмкүн.