Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 15
Закон КР от 23 мая 2012 года № 64 "О мирных собраниях" · гл. 3Статус: действует

Статья 15. Основания для запрета или ограничения мирного собрания

1.

Решение об ограничении собрания по времени, месту проведения или маршруту движения принимается на период действия обстоятельств, когда есть реальная угроза безопасности участников собрания и иных граждан, находящихся в указанных местах. Государственные органы и органы местного самоуправления обязаны довести до сведения организаторов и участников собрания информацию о причинах введения ограничения собрания.

2.

Решение о запрете собрания может быть принято в случаях, когда собрание преследует противоправные цели, включая:

1) пропаганду войны;

2) выступление в пользу этнической, расовой или религиозной ненависти, гендерного и иного социального превосходства, представляющее собой подстрекательство к дискриминации, вражде или насилию;

3) призывы к нарушению национальной безопасности, общественного порядка, прав и свобод других лиц;

4) проведение контрсобрания с целью срыва другого мирного собрания.

Кыргызча
Тынч чогулушка тыюу салуу жана чектөө үчүн негиздер 1. Чогулушту өткөрүү убактысы, өткөрүү орду же кыймылынын каттамы боюнча чектөө тууралуу чечим чогулуштун катышуучуларынын жана көрсөтүлгөн жерлерде болгон башка жарандардын коопсуздугуна чыныгы коркунуч келтирген жагдайлар сакталып турган мезгилге карата кабыл алынат. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары чогулуштун уюштуруучуларына жана катышуучуларына чогулушка чектөөлөр киргизүүнүн себептери жөнүндө маалыматтарды жеткирүүгө милдеттүү. 2. Чогулушка тыюу салуу жөнүндө чечим чогулуш укукка каршы максаттарды, төмөнкүлөрдү көздөгөн учурларда кабыл алынышы мүмкүн: 1) согушту пропагандалаганда; 2) басмырлоону, кастыкты же зомбулукту шыкактоо болуп эсептелген этностук, расалык же диний жек көрүү, гендердик жана башка социалдык артыкчылык пайдасына жактап чыгууларда; 3) улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин бузууга чакырганда; 4) тынч чогулушту үзгүлтүккө учуратуу максатында башка каршы чогулуш өткөрүүдө.