Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 132
Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики" · гл. 26Статус: действует

Статья 132. Назначение Жогорку Кенешем выборов Президента

1.

Выборы Президента назначаются постановлением Жогорку Кенеша, которое принимается большинством голосов от общего числа депутатов.

2.

Проект постановления о назначении выборов Президента вносится на заседание Жогорку Кенеша соответствующим комитетом.

3.

Очередные выборы Президента проводятся в четвертую среду января года, в котором истекает срок полномочий Президента, на который он был избран, и назначаются Жогорку Кенешем не позднее чем за 4 месяца до дня выборов.

4.

Досрочные выборы Президента назначаются Жогорку Кенешем в случаях, предусмотренных Конституцией, не позднее недельного срока со дня прекращения полномочий Президента и должны быть проведены в 3-месячный срок со дня прекращения полномочий действующего Президента. Сроки избирательных действий, установленные конституционным Законом, в этом случае сокращаются на четверть.

5.

В случае если Жогорку Кенеш не назначит выборы или досрочные выборы Президента в сроки, указанные в частях 3 и 4 настоящей статьи, выборы или досрочные выборы Президента считаются назначенными. В таких случаях днем назначения выборов считается день, следующий за днем истечения срока назначения выборов.

6.

Постановление Жогорку Кенеша о назначении выборов Президента публикуется в средствах массовой информации в течение 2 календарных дней.

(В редакции Закона Кыргызской Республики от 17 сентября 2026 года № 146)

Кыргызча
Жогорку Кеңеш тарабынан Президентти шайлоону дайындоо 1. Президентти шайлоо Жогорку Кеңештин токтому менен дайындалат, ал депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. 2. Президентти шайлоону дайындоо жөнүндө токтомдун долбоору Жогорку Кеңештин жыйналышына тиешелүү комитет тарабынан коюлат. 3. Президентти кезектеги шайлоо Президент шайланган анын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөн жылдын январь айынын төртүнчү шаршембисинде өткөрүлөт жана шайлоо күнүнө чейин 4 айдан кечиктирбестен Жогорку Кеңеш тарабынан дайындалат. 4. Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо Жогорку Кеңеш тарабынан Конституцияда каралган учурларда Президенттин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган күндөн тартып бир жумалык мөөнөттөн кечиктирбестен дайындалат жана иштеп жаткан Президенттин ыйгарым укуктары токтотулган күндөн тартып 3 айлык мөөнөттө өткөрүлүүгө тийиш. Бул учурда ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген шайлоо аракеттеринин мөөнөттөрү төрттөн бирге кыскарат. 5. Эгерде Жогорку Кеңеш ушул берененин 3 жана 4-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө Президентти шайлоону же мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындабаса, Президентти шайлоо же мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалды деп эсептелет. Мындай учурларда шайлоо дайындалган күн деп шайлоону дайындоо мөөнөтү аяктаган күндөн кийинки күн эсептелет. 6. Президентти шайлоону дайындоо жөнүндө Жогорку Кеңештин токтому 2 календардык күндүн ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат. (КР 2026-жылдын 17-сентябрындагы № 146 Мыйзамынын редакциясына ылайык)