Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 128
Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики" · гл. 24Статус: действует

Статья 128. Назначение и отзыв представителей Жогорку Кенеша

1.

Жогорку Кенеш назначает своих представителей в консультативно-совещательные органы с учетом пропорционального представительства фракций, депутатских групп и депутатов, избранных по одномандатным округам и не вошедших во фракции и депутатские группы.

2.

Жогорку Кенеш из своего состава по предложению Торага назначает и освобождает постоянного представителя Жогорку Кенеша в Кабинете Министров.

3.

Кандидатуры представителей Жогорку Кенеша вносятся ответственным комитетом по предложению фракций, депутатских групп и депутатов, избранных по одномандатным округам и не вошедших во фракции и депутатские группы.

4.

Жогорку Кенеш по вопросу о назначении или об отзыве представителей Жогорку Кенеша принимает постановление открытым голосованием большинством голосов от общего числа депутатов.

5.

Отзыв представителей Жогорку Кенеша в Кабинете Министров и консультативно-совещательных органах осуществляется в порядке, установленном для отзыва председателя комитета и его заместителей.

6.

Торага по представлению Руководителя Аппарата назначает и освобождает постоянного представителя в Конституционном суде из числа сотрудников Аппарата в соответствии с положением, утверждаемым Жогорку Кенешем.

Кыргызча
Жогорку Кеңештин өкүлдөрүн дайындоо жана кайра чакыртып алуу 1. Жогорку Кеңеш фракциялардын, депутаттык топтордун жана бир мандаттуу округдар боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттардын пропорциялуу өкүлчүлүгүн эске алуу менен өзүнүн өкүлдөрүн консультациялык-кеңеш берүүчү органдарга дайындайт. 2. Жогорку Кеңеш өзүнүн курамынан Төраганын сунушу боюнча Жогорку Кеңештин Министрлер Кабинетиндеги туруктуу өкүлүн дайындайт жана бошотот. 3. Жогорку Кеңештин өкүлдөрүнүн талапкерлери фракциялардын, депутаттык топтордун жана бир мандаттуу округдар боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттардын сунушу боюнча жооптуу комитет тарабынан киргизилет. 4. Жогорку Кеңештин өкүлдөрүн дайындоо жөнүндө же кайра чакыртып алуу тууралуу маселе боюнча Жогорку Кеңеш ачык добуш берүү менен депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен токтом кабыл алат. 5. Жогорку Кеңештин Министрлер Кабинетиндеги жана консультациялык-кеңеш берүүчү органдарындагы өкүлдөрүн кайра чакыртып алуу комитеттин төрагасын жана анын орун басарларын кайра чакыртып алуу үчүн белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. 6. Төрага Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген жобого ылайык Аппараттын кызматкерлеринин ичинен Конституциялык соттогу туруктуу өкүлдү Аппарат Жетекчисинин сунушу боюнча дайындайт жана бошотот. 25-глава. Кайрылууларды, билдирүүлөрдү, сөздөрдү, ар жылдык баяндамаларды жана Министрлер Кабинетинин маалыматын угуу